Түркия С-400дү изилдөө үчүн АКШга тапшырды

534
0

Түркия С-400дү изилдөө үчүн АКШга тапшырды

 “newsland.com” интернет басылмасы Америкадагы ЖМКларга таянып кабарлагандай, 18-ноябрда Түркия менен АКШ Россиянын С-400 ракеталык комплекси Американын F-35 кыргын салуучу учактарын аныктай алабы, эгерде аныктай алса андан качып кутулуу мүмкүнлүгү барбы деген нерсени изилдөө максатында эксперттер тобун түзүшкөн.

 Кабарда келишинче,америкалык аскерлердин алдында ракеталык комплекстен пайдалануу үчүн өздөрү алган маалыматтар кодун ачуу милдети турат. Эгерде АКШ аталган комплекстеги кодду буза алса, анда ал комплекстин ишине таасир өткөрүшү, радарларды статик менен жабышы, ал тургай душмандарына жок эле учактарды бар кылып көрсөтүшү мүмкүн болот. О.э. бардык С-400дөр бир жыштыкта иштетилеби же жокпу, бул да анык эмес. С-400 боюнча изилдөө иштери бир жылга созулат.

 Комментарий: АКШ менен Түркия ортосунда С-400 боюнча ойнолгон спектаклдин дагы бир акыйкаты ачыкка чыкты. Түркия Россиядан С-400 сатып аларын билдиргенден баштап, АКШ Түркияны ыктымалдуу санкциялар, тыйып коюу менен “коркута” баштаган эле. Ага Эрдоган жана түрк өкмөтү кескин билдирүүлөр менен жооп кайтарып, келишимден баш тартпастыгын билдирип келди. Демек, АКШнын максаттарынын бири, Түркия аркылуу Россиянын эң бир заманбап куралын алуу жана ушул аркылуу аталган куралдын мүмкүнчүлүгү канчалык экендигин аныктоо болгон. Белгилүү болгондой, Россиянын С-400 ракеталык комплекси Американын F-16 кыргын салуучу учактарын аныктоо жана сокку берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эми АКШ бул комплекстин алсыз тараптарын үйрөнүп чыгып, өзүнүн жаңы муундагы F-35 учактарынын С-400гө каршы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө аракет кылат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here