Жээнбеков: Бишкекте өткөн феминнале аялдарды маскаралоо

343
0

Жээнбеков: Бишкекте өткөн феминнале аялдарды маскаралоо

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-декабрдагы жылдык пресс-конференциясында, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде болуп өткөн феминнале көргөзмөсү боюнча берилген суроого да жооп узатты.

Ал мындай деди: Аял – бул биринчи эне, кызыбыз, эжебиз, карындашыбыз, өмүрлүк жарыбыз. Бизде ата-бабаларыбыз аялзатына абдан аяр мамиле кылып келишкен. Билесинер да, биздин тарыхтагы сүрөттөрдүн бардыгын карасаңар, биздин апа-энелерибиз ак элечек менен өзүбүздүн каада-салттын негизинде, Ислам динине, шариятка туура келген ыйман менен жүрүшкөн. Ал эми кечеги музейде чыгып, аялдарды жылаңачтап коомчулукка чыгаруу – бул менин  оюмча, кемсинтүү, бул аялзатын кемсинтүү. Аны (т.а. жылаңач аялды) караш үчүн биринчи өзүңдү ойло, апаңды-энеңди ойло, кызыңды ойло, эже-карындашыңды ойло, жубайыңды ойло. Мен да окудум, уктум, кээ бир саясатчылар, кээ бир эксперттер чыгып алып, “бул кыргыздын салтында болгон, төө чечме деген болгон, аялдарды жылаңач кылып төө чечтирген” дешти. Бул мазактоо да.

Белгилей кетсек, Сооронбай Шарипович бул орунда момун-мусулманга  ылайыктуу кепти айтты. Ушул амалына Аллах ажырын берген болсун.

Эске салсак, 27-ноябрда Батышка караштуу уюмдар уюштурган иш-чара ызы-чуу менен коштолгон. Бул көрүнүш коомчулуктун катуу каршылыгына кабылган.

Түпкүлүгүндө, Батыш демократия чүмбөтү менен аял укуктарын коргоону шылтоо кылып, өз баалуулуктарын Исламий журттарга тыгыштырууга аракет кылат. А бирок, демократиянын чордону болгон Батыш өлкөлөрүндө ар 3 аялдын бири сексуалдык жана башка зомбулукка туш болгон. АКШнын өзүндө эле ар бир мүнөттө бир аял зордукталат. Ал эми мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот.

Демек, капитализм (демократия) системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт. Алардын максаты аялдарды зомбулуктан коргоо эмес, тескерисинче, демократияны жаюу, аны жаюуга жолтоо болгон тоскоолдуктарга каршы күрөшүү. Бүгүнкү күндө демократиянын жайылуусуна тоскоол болуп турган жалгыз нерсе – Ислам. Ошондуктан, колонизаторлор Исламдын өкүмдөрүнө, көз караштарына, адеп-ахлагына, мыйзамдарына каршы күрөшүүдө. Андыктан, биз буга окшогон ыплас иштердин кайталанышына жана Батыш сакофатынын башка тармактарга да кирип келүүсүнө катуу каршы турушубуз шарт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here