Помпео Казакстанга сапарынын алкагында АКШнын Борбор Азия боюнча стратегиясын сунуштайт

263
0

Помпео Казакстанга сапарынын алкагында АКШнын Борбор Азия боюнча стратегиясын сунуштайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 2020-жылы Казакстанга сапарынын алкагында Вашингтондун Борбор Азия боюнча стратегиясын сунуштайт. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди кабарлады.

“Биринчи кезекте АКШнын Борбор Азия боюнча стратегиясын сунушталуусун күтүп жатабыз. Мындай документ алгачкы жолу кабыл алынууда”, – деди Тлеуберди.

О.э. АКШ мамлекеттик катчысынын Нур-Султанга сапары учурунда АКШ-Казакстан алакасынын бардык тараптары талкууланат.

Комментарий: АКШ 2001-жыл, 11-сентябрь окуясын шылтоолоп Афганистанга бастырып кирүүдөн көздөгөн максаттарынын бири Борбор Азия мамлекеттеринин нефть жана башка кендерин Афганистан аркылуу Азия жана Европа базарларына алып чыгуу үчүн шарт түзүү эле. А бирок, Афганистандагы согуш АКШ ойлогондой жеңил болбоду. Ал “Империялар кабыры” болгон афган өлкөсүндө мусулмандардын катуу каршылыгына дуушар болуп, жеңилди. А бирок, АКШ максатынан баш тарткан жок, ал айлакердик жолуна өттү. 2016-жылы “С5+1” долбоорунун алкагында 5 долбоорду ишке ашыруу үчүн региондогу мамлекеттерге 15 миллион доллар каражат бөлгөн.

 Төмөндө ошол 5 долбоорду айтып өтөбүз.

  1. Глобалдык антитеррордук форумунун аймактык талкуусу (GCTF).Бул форумдун милдети Орто Азияда чет элдик террорчулардын кол салууларына жана зордук-зомбулугуна каршы туруу. Талкууда Орто Азия жана башка мамлекеттерден саясатчылар, эксперттер келип, чет элдик террорчулардын коркунучу, радикалдашуу, согушчандардын кетиши жана кайтып келишине каршы күрөшүү боюнча ыкмалар жана тажрыйбалар туурасында пикир алмашылат.
  2. Орто Азия бизнесинин атаандаштыгы (CABC).Бул долбоордун милдети Орто Азиядагы ишканалар үчүн экспортту көбөйтүү жана жаңы базарларга чыгууну жеңилдештирүүдөн турат. Долбоор адегенде күчтүү экспорт кылуу мүмкүнчүлүгү бар болгон тармактарга каратылат. Катышуучулар компаниялар менен алардын атаандаштыгын арттыруу жана глобалдык өндүрүш тармагында катышуунун үстүндө иштейт. Алар өкмөттөр жана соода үстүнөн көзөмөл алып баруучу мекемелер менен кызматташып, продукцияны экспорттоону жеңилдетүү саясатын жүргүзөт.
  3. Транспорт коридорун түзүү (TCD).Бул долбоор,  Орто Азия өлкөлөрүнүн чегаралары аркылуу жүргүзүлгөн сооданын чыгымдарын жана убакытты кыскартып, аймак бойлоп транспорт-логистика кызматтарын жакшыртуудан турат. Долбоордун катышуучулары ишканалар, сооданы көзөмөлдөөчү мекемелер жана өкмөттөр менен маанилүү жолдорду белгилеп, соода үчүн бажы тосуктарын аныктоо жана аларды азайтуунун үстүндө иштейт. Мындан тышкары, катышуучулар транспорт жана логистикалык фирмалар менен натыйжасыздыкты азайтуу жана атаандаштыкты көбөйтүү боюнча иштешет. Долбоор ишканалар тармагын кеңейтүү, атаандаштыкты салыштырмалуу талдоо, тажрыйба багыттарын түзүү, аба аркылуу жүк ташуу, муздаткыч транспорту менен ташуу, жүктөрдү консолидация кылуу ыкмалары, логистика борборлорун башкаруу сыяктуу темалар боюнча окутуп, маалымат берет.
  4. “Келечек энергиясы” (Power the Future).Бул долбоор энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуучуларга жана ортоңку даражадагы кызматкерлерге Орто Азияда кайра жаралуучу энергия булактарынан пайдалануу көлөмүн кеңейтүүгө жардам берет. Долбоор кайра жаралуучу энергия тармагын иштеп чыгарууну тездетүү үчүн техникалык жардам жана эң жакшы эл аралык тажрыйбалар менен алмашууну сунуштайт. АКШ энергетика тармагында стратегиялык пландаштыруу,   энергиянын кайра жаралуучу булактарынан пайдалануу боюнча окутуп, техникалык жардамдар менен камсыздайт.
  5. Улуттук жана аймактык ийкемдүү пландаштырууну колдоп кубаттоо.Бул долбоор, экологиялык өзгөрүү кыйынчылыктарына ийкемдүү пландарды түзүү үчүн Орто Азия өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттыруудан турат. Долбоордун катышуучулары экологиялык өзгөрүүгө ийкемдүүлүктүн аймактык артыкчылыктары жана трансчегаралык мамилерди аныктоо үстүндө иштейт. Алар климаттык кыйынчылыктар боюнча жогорку сапаттагы маалымат каражаттарын түзүп, эксперттерди даярдайт. Мындан тышкары, АКШ кызыкдар тараптарга техникалык жардам көрсөтөт. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн өнөктөштөр менен кызматташууну координациялайт.

АКШнын жаңы сунуштай турган стратегиясы да Борбор Азияны мүмкүн болушунча Россиянын таасиринен чыгарып алуудан о.э. аймактын стратегиялык чекитте жайгашуусунан пайдаланып өз кызыкчылыгы жолунда иштетүүдөн турат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here