Кыргыз-тажик чек арасында дагы жаңжал

301
0

Кыргыз-тажик чек арасында дагы жаңжал


Кыргыз-тажик чек арасында 18-декабрда жүз берген жаңжалда Кыргызстандын 6, Тажикстандын 3 жараны жарадар болду.

Чек ара кызматынын билдиришинче, Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча эки тараптын чек арачыларынын, облустук администрациянын жана укук коргоо органдарынын жолугушуусу учурунда саат 11:30дар чамасында тажик тараптагылар кыргызстандыктарга таш ыргытышкан.

Маалыматка караганда, мындай аракеттин кесепетинен кыргызстандыктар дагы жооп иретинде таш ыргытып, тажикстандыктарга таандык эки автоунаанын маңдайкы терезелери сынган..

Андан кийин 20 мүнөттөн соң тажик тараптагылар ок чыгарып, ИИМдин ички аскерлеринин жоокеринин бири жаракат алган.

Сүйлөшүүлөр токтотулду. Учурда эки тарап тең чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Тажик тарап азырынча өз версиясын билдире элек.

 Маалымат катары айта кетсек, 2019-жылдын башынан бери кыргыз-тажик чек арасында 10дон ашык жаңжал жүз берип, адамдар каза болду. 16-сентябрда жүз берген жаңжалда 4 адам каза болгон.

 Комментарий: Колонизатор кафирлер тарабынан киргизилип жаткан куфр сакафаты мусулмандарга ушунчалык таасирин тийгизди дейсиң, натыйжада биздин дүйнөкарашыбыз, өлчөөбүз, ал тургай, акыл-эс жана туйгуларыбыз да алар каалагандай болуп калды. Мусулмандар үчүн өз ата-энесинен да кадырлуу жана жакын болгон пайгамбарыбыз шылдың кылынса унчукпай тура турган, башка өлкөдөгү мусулмандар куугунтукталып, миллиондогон мусулмандар камакка алынса сүкүт сактай турган, исламий өлкөлөрдө мусулмандар куфр бомбалары астында кыргын кылынса көрмөксөн боло турган, кафир колонизаторлордун таасир талашуусу натыйжасында миллиондогон мусулмандар, анын ичинде аялдар менен жаш балдар ачарчылыкка дуушар болуп, бир үзүм нанга зар болуп турушса көңүл бурбай турган абалга түшүп калдык. А бирок, колонизаторлор сызып берген жасалма чек аралар, алар белгилеп берген “мекендин” бир карыш жери үчүн бири-бирибизге каршы курал көтөрө турган, бири-бирибизди өлтүрө турган абалга жетип келдик.

Негизи, пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам: 

إِذَا الْتَقَى الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهِمَا فَالْقَاتِلُ وَالْمَقْتُولُ فِي النَّارِ

“Эки мусулман бири-бирине кылыч көтөрсө, өлтүргөн да, өлгөн да тозокто”, – деген.(Бухарий риваяты).

Биз болсо колонизатор кафирлер ушул чек араларды мусулмандарды бөлүп таштоо, чек араларда жаңжалдарды чыгаруу менен бир үммөт өкүлдөрү ортосунда жарака пайда кылуу жана өкмөттөргө басым өткөрүү куралы катары пайдаланып жатканы тууралуу ойлонуп да койбодук. Биздин жана куфр тарабынан орнотуп коюлган малай акимдерибиздин кайгысы эки мамлекет ортосундагы чек араларды тезирээк аныктоо гана болду.

Негизи чек ара көйгөйү аны тактоо менен эле чечилип калбайт. Бул маселе колонизатор мамлекеттер малайлары аркылуу мусулмандардын зээнине сиңирип койгон “улутчулдук” жана “мекенчилдик” сыяктуу чириген пикирлерди таштап, кайрадан Исламга кайтуу жана Аллахтын өкүмдөрүн турмушта колдонуу аркылуу гана чечилет. Мына ошондо ортодогу жасалма чек аралар жок болуп, биз дагы кайрадан пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам байрагы астында биригүүбүз мүмкүн болот, инша Аллах.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here