Патрушев “Иcлам мамлекети” уюму Борбор Азияга кирүүгө даярдык көрүп жатканын айтты

295
0

Патрушев “Иcлам мамлекети” уюму Борбор Азияга кирүүгө даярдык көрүп жатканын айтты

РФ коопсуздук кызматынын төрагасы Николай  Патрушев Афганистанда кырдаал курчуп бара жатканын о.э.  мамлекетте “Ислам мамлекети” уюмунун позициялары бекемделип жатканын билдирди.  Анын айтымында, Афганистанда “Ислам мамлекети” уюмунун 4 миңдей мүчөсү топтолгон. Учурда алар Талибанга каршы турууга, андан тышкары Борбор Азияга чабуул кылууга даярданып жаткан имиш. “Ислам мамлекети” уюмунун максаты “Афганистан жана Борор Азия мамлекеттерин бириктирип, улуу Хурасан мамлекетин куруу” деди Патрушев.

 Патрушев региондордо Россия режиминин ыплас пландарын ишке ашырып келет. Патрушевдин Тажикстанга андан соң Өзбекстанга сапарынан кийин, Тажикстандын Өзбекстан менен чектеш аймагында 20 мужахиддин чабуулу уюштурулду. Мужахиддер Афганистандан өткөнү тууралуу таратылган маалыматтарды Афганистан өкмөтү расмий түрдө четке какты.

 Өзбекстан менен Россиянын кызыкчылыктары ортосундагы кескиндиктер себептүү  Борбор Азия мамлекеттери АКШ жана Россиянын басымы астында калууда. Өзбекстан дүйнөлүк капиталисттик системанын катарынан татыктуу орун ээлөө үчүн АКШ менен бирге жүрүүгө мажбур. Же болбосо, Россия сунуштап жаткан ЕАЭБге кошулуу менен дүйнөлүк кризиске аны менен бирге барууну тандашы керек. Өзбекстан Россиянын чеңгелинен кутулуу максатында болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга аракет кылат. Россия да өз кезегинде бардык таасиринен пайдаланып, Өзбекстандын өзүнө эле эмес, анын жанындагы кошуналары Кыргызстан, Тажикстан Түркмөнстан жана Казакстан аркылуу кырдаалды өз кызыкчылыгы тарапка бурмакчы болууда. Натыйжада Россия региондо атайын кырдаалды курчутуу менен Борбор Азия мамлекеттерин коркутууда.

Демек, Патрушев региондо дагы бир теракт  долбоорун түзгөн окшойт!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here