Кыргызстанда БАЭ менен бирге Ислам Академиясы ачылат
Кыргызстандын Билим берүү, илим министрлиги жана Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) Шейх Мухаммад Зайед атындагы эл аралык фондунун ортосунда Кыргызстанда Ислам Академиясын ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабар таркатты.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун айтымында, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жеке дүйнө таанымын жана диний билимдерин өстүрүү, коомдогу түрдүү диний радикалдык көз караштарды ажыратып таануу максатында Академиянын лекцияларынын угуучулары болушат.
Белгилүү болгондой, буга окшогон келишимдер мээлүүн Ислам долбоорунун алкагында түзүлүп келет. Аталган долбоор дүйнө бойлоп ишке салынууда. Долбоордун максаты – “бийлик менен диний жетекчилер ортосунда шайкештик пайда кылып, аларды биргеликте Исламды толук көтөрүп чыккан мусулмандарга каршы багыттоо” болуп эсептелет. Болгону ар бир мамлекет өзүнүн мүмкүнчүлүк жана шарттарына карай, долбоорду ар кандай деңгээлде ишке ашырышууда. Түпкүлүгүндө, “мээлүүн Ислам” мусулмандардын саясатка исламий көрүнүштө аралашууларын тосуу үчүн ойлоп табылган. Анын шарты боюнча, эми мусулмандар саясатка аралашса болот, бирок ал үчүн, “демократия баалуулуктарын” тан алып, саясатка шарият негизинде эмес, демократия негизинде катышуулары керек болот. Мисалы, парламентке демократиялык партиялар аркылуу баруу сыяктуу. Демек, капырлардын Исламга каршы күрөшүүдөгү айла-амалдары баскычма-баскыч ишке салынып келүүдө. Качан бири ийгиликсиздикке учураса, экинчисин тыгыштырышат. Бирок, мына ушул “мээлүүн исламы” алардын акыркы айлаларынан. Урматтуу мусулман бир туугандар, биз баарыбыз биргеликте, куфрдун мындай куулук-шумдуктарынын акыйкатын түшүнүп жетип, ал долбоорлордун каршысында толук Ислам динин бекем кармануубуз шарт!
Мумтаз Маверанахрий