Уран, торий кендерин иштетүүгө жана ташууга тыюу салынды
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдө уран, торий кендерин иштетүүгө жана байытууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Президенттик апараттын кабарына ылайык, бул мыйзам калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Мыйзамда Кыргыз Республикасынын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбестиги айтылган.
Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын март-апрель айларында “ЮрАзия” компаниясынын уранды кайра иштетүү аракеттерине каршы митингдер болуп өткөн. Социалдык тармактар аркылуу 20 миңден ашуун кол топтолуп, петицияга кол коюлган.
Комментарий: Учурунда СССР Кыргызстанды уран калдыктары сактала турган кампа катары пайдаланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жалпысынан 92 жерде уулуу заттар көмүлгөн. Анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Ошону менен бирге 23 жерде уран элементтери бар, калган жерлерде болсо тоо тектердин радиоактивдүү калдыктары, оор металдар жана цианид көмүлгөн. Уулуу жана кооптуу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион кубометрге барабар. Эң бир өкүнүчтүүсү, бул калдыктардын көпчүлүгү агын сууларга жакын жерлерге жайгашып, СССР бөлүнүп кеткенден кийин кароосуз калып кеткен.
Бул дагы жетишпегендей, үстүбүздөгү жылдын башында бийлик Россия компаниялары менен жаңы уран кендерин казуу келишимине кол койду. А бирок, элдин каршылыгы себептүү бул иш убактылуу токтоп калды жана өкмөт уран кендерин изилдөөгө жана казууга тыюу салган мыйзам кабыл алууга мажбур болду. Бирок, дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин Россия биздин бийликке басым өткөрө турган болсо, депутаттар кайрадан уранды казып алууга уруксат берген мыйзамды колдоп беришет. Себеби, бул жаатта Россия-Кыргызстан ортосунда мамлекеттик деңгээлдеги келишимдер бар. Эгерде булар ишке ашпаса Кыргызстан айыпка жыгылат.