Өзбекстан-АКШ-Афганистан жолугушуусу

438
0

ӨзбекстанАКШ-Афганистан жолугушуусу

2019-жылдын 9-декабрында “Азия жүрөгү – Стамбул жараяны” форумунун сегизинчи министрлер конференциясынын алкагында Өзбекстан, АКШ жана Афганистан делегацияларынын үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

 Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин кабарына ылайык, жолугушууга Өзбекстан президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Исматулла Эргашев, АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Эллис Уэллс жана Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Идрис Замон башчылыгындагы делегациялар катышты.

Үч тараптуу жолугушуу учурунда Борбор Азия мамлекеттери менен Афганистан ортосундагы сооданы кеңейтүү, Афганистандын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү о.э. Афганистанды аймактын интеграциялык жараяндарына тартуу маселелери талкууланды.

Өзбекстан-Афганистан алакасын мындан да тереңдетүү боюнча кызматташтык жолдорун талкуулоо о.э. ушул кызматташтык жараянында белгилүү бир долбоорлорду материалдык-техникалык жактан колдоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу үчүн ушул үч тараптуу консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө келишип алынды.

Афганистан маселеси Россия менен АКШ ортосундагы негизги стратегиялык чекит болуп калды. Себеби, АКШнын Борбор Азияда кызыкчылыктарга ээ болушунда, ал эми Россиянын болсо өз таасирин сактап калышында Афганистан маанилүү рол ойнойт. Өзбекстан болсо эки ири мамлекеттин басымы астында калды. Өзбекстан – табигый ресурстарга бай, Борбор Азиянын негизги стратегиялык багытына таасир өткөрө ала турган жана стратегиялык жактан маанилүү чекитте жайгашкан мамлекет. Эл аралык саясаттагы АКШ, Россия жана Кытайдын ортосунда жүрүп жаткан геосаясий күрөш Борбор Азияда, анын ичинде, Өзбекстандын үстүндө күчөп барууда.  

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here