Хусанов: Өзбекстан ЕАЭБге кошулса мигранттардын патент алуусу жокко чыгарылат

449
0

Хусанов: Өзбекстан ЕАЭБге кошулса мигранттардын патент алуусу жокко чыгарылат

Өзбекстан сенатынын жыйырма бешинчи отурумунун алдында илим, билим-берүү жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитетте өткөрүлгөн жыйында сенаторлор Өзбекстан Евразия Экономикалык Биримдигине кошулган учурда эмгек мигранттарынын Россия аймагында иштегени үчүн төлөнө турган патент боюнча кызыгышты.

Комитеттин отрумунда Эл аралык эмгек уюмунун жумуш менен камсыздоо тармагындагы саясат жөнүндөгү конвенциясы аткарылышы боюнча маалымат берген Эмгек жана жумуш менен камсыздоо министри Нозим Хусанов Өзбекстан ЕАЭБге кошулган учурда патент төлөмү жокко чыгарылышын билдирди.

“Өзбекстан ЕАЭБге кошулгандан кийин патент алуу жокко чыгарылат. Биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандары тең укуктуу болуп калат”, – деди Нозим Хусанов.

Буга чейин сенатор Адилжон Иминов Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болсо, өзбекстандык мигранттардын жашоосу жеңилдешин, эмгек мигранттарына карата мамилелер оң жакка өзгөрүүүлөр болушун айткан эле. 

Комментарий: Россия Өзбекстанды ЕАЭБге кошуу үчүн олуттуу басым өткөрүп жатканы ашкере болууда. Ошол себептен да өзбек бийлиги экинчи же үчүнчү даражадагы чиновниктер аркылуу адамдардын кулактарын көнүктүрүүгө жана бул уюм жөнүндө коомчулукта жакшы пикир пайда кылууга  аракет кылууда. Ал үчүн Россияда эмгектенип жаткан өзбекстандыктардын кызыкчылыктарын көздөп жаткандай түр көрсөтүүдө. 

 Өз кезегинде Кыргызстан бийлиги да Россия басымы астында өлкөнү биримдикке алып кирүүдө “Кыргызстан үчүн 170 миллион адамдык базар ачылышын, биримдиктин аймагында товарлар, кызматтар жана жумушчу күчүнүн эркин аракети камсыздалышын о.э. экономикада бирдиктүү саясат жүргүзүлүшүн” убада кылган. Мына, уюмга мүчө болгонубузга 4 жылдын жүзү болду.  Ушул убакытта жогорудагылар Россиянын басымынан кутулуу үчүн кабыл алынган чечим жана убада гана болгондугун көрсөтүп турат. Кыргызстан уюмга мүчө болгондон бери эл жана мамлекет үчүн өзгөрүү болбоду. Фитосанитардык жана ветеринардык талаптарга жооп бербейт деген шылтоо менен Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларын союздаш мамлекеттерге өткөрбөстүк, эмгек мигранттарына айдоочулук күбөлүк шылтоосу менен басым өткөрүү, Россиядан акча которууга чектөө киргизүү үчүн жана башка көптөгөн иштер бул уюм Россиянын экономикалык кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн гана түзүлгөндүгүн көрсөтүп турат. Кыргызстанда парламенттик шайлоо жакындаган сайын депутаттар да элге жакшы көрүнүү үчүн ЕАЭБдин Кыргызстанга эч кандай пайдасы тийбегени тууралуу сөз кыла башташты. Негизи, көпчүлүгү азыр деле депутат болуп отурган Жогорку Кеңештин V-чакырылышындагы депутаттар 2015-жылдын 20-майында “Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу туурасындагы” мыйзамды дээрлик бир добуштан колдогон эле.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 26-ноябрдагы отурумунда депутат Кенжебек Бокоев да ушул маселени көтөрдү.

  Ал:“Дагы бизге валюталардын да тоскоолдуксуз аракети жөнүндө айтылган эле. Бул дагы аткарылбады. Чектөө гана бар. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин бардык фронтто утулду. Айрыкча, бул айыл чарба жаатында болду. Россия менен Казакстандан Кыргызстанга мал алынып келсе болот да, Кыргызстандан чыгарылса болбойт”, – деди…

Абдурахман Адилов 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here