Жээнбеков: Кыргызстан көп вектордуу тышкы саясатты көздөйт

607
0

Жээнбеков: Кыргызстан көп вектордуу тышкы саясатты көздөйт

 Бул тууралуу президен Сооронбай Жээнбеков, 12-ноябрда Тышкы иштер министрлиги түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналып өткөрүлгөн форумда билдирди.

 “Тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык, Кыргыз Республикасы көп вектордуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүнү көздөйт. Акыркы эки жыл ичинде коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган олуттуу иштер жүргүзүлүүдө”, – деди Жээнбеков.

 Мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрүнө – Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанга расмий сапарлар болгондугун, мындан тышкары, Россия, Кытай, Түркия жана Евросоюзга болгон мамлекеттик жана расмий иш сапарлар позитивдүү натыйжа бергендигин кошумчалады.

 Президенттин айтымында, учурда Кыргызстан дүйнөдөгү 163 мамлекет менен дипломатиялык алака орноткон.

 Комментарий: Өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн президенттери өздөрүн ишенимдүүрөөк жана коопсузураак сезүү үчүн, ири колонизатор мамлекеттердин коркутуу жана басымдарынан алыс болууга каратылган иш-аракеттерин көп вектордуу тышкы саясат деп актоого аракет кылышат. Бул саясат аркылуу алар Россия, АКШ жана Кытай сыяктуу мамлекеттерди бирдей ыраазы кылууну көздөшөт.

 Борбор Азия республикаларындагы саясий чөйрө катарында Кыргызстандагы саясий чөйрө өкүлдөрү да, жетекчи топ өкүлдөрү да ушул негизде пикирлешет. Региондогу мамлекеттердин президенттери да кудум ушул Жээнбеков сыяктуу пикирлешет. Башкача айтканда, алар колониядан кутулуу жана көз карандысыз болуу жөнүндө пикирлешпейт. Алар “колонизаторлорду нааразы кылууга болбойт, аларга жакпаган экономикалык же саясий багытты кармануу мүмкүн эмес” деп билишет. Ошол себептен да, бул сыяктуу президент жана саясий чөйрөлөрдүн экономикалык көз карандысыздык жана өнүгүү жөнүндө пикирлешин, же бирер реформаларды ишке ашырышын күтүү акылсыздык болот.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here