Кыргызстандагы көп векторлуу саясат

435
0

Кыргызстандагы көп векторлуу саясат

12-ноябрда Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара болуп өттү. Анын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясат жүргүзө турганын баса белгиледи. Бул багытта коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтык бекемделип жатканын кошумчалады.

Иш чарага катышкан экс-президент Роза Отунбаева президенттин сөзүн кубаттап, өлкө көп тараптуу саясатты алып барууга мажбур экенин айтты. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу эки өлкө ортосундагы кызматтыштык кеңейип жатканын ырастап, АКШ акыркы 28 жылда Кыргызстанга 2 миллиард доллардай жардам бергенин кошумчалады.

Негизи, “көп векторлуу саясат” сөзүн көз каранды мамлекеттердин жетекчилери ири державалардын басымдарынан качуу үчүн колдонушат. Бул дегени, Россия, АКШ, Кытай сыяктуу державалардын бардыгын ыраазы кылуу үчүн, аларга колонизторлук эшиктерин бирдей ачып берем дегени. Мындай сөздү Акаев да, Бакиев да, Атамбаев да айткан. О.э. Назарбаев да, Рахмонов да ж.б.лар да айтышкан. Эгер бул күнкор жетекчилер кайсы бир державаны “стратегиялык эң башкы өнөктөшүбүз” деп айтышса, анда ал державаны эң биринчи кезектеги кожоюн деп билиш керек.

            Белгилүү болгондой, “көп векторлуу саясат” бүгүнкү күндө эл аралык майданда жетекчилик кылып жаткан АКШ үчүн пайдалуу. Анткени, бул саясат АКШнын таасири кирип келүүсүнө, Россиянын таасирин сүрүп чыгуусуна жол ачат. Ошондуктан да, АКШ элчиси берген жардамдарын колко кылуу менен, Америка-Кыргызстан ортосунда бузулган келишимди кайра тикелөөгө жан үрөп жатат.

Эл аралык абалдан караганда Кыргызстанга Орусия, АКШ, Кытай жана Европа Союзу түз жана кыйыр түрдө таасирин өткөрүп келет. Төмөндө ушул мамлекеттердин өлкөдөгү позициясына токтолобуз.

Орусия Кыргызстанга өз ээлиги катары карайт. Аны ар дайым көз каранды абалда кармап тургусу келет. Ушул максатта өзү лидерлик кылган, КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ уюмдарын майнаптуу пайдаланып келүүдө. Бирок, саясий жана экономикалык алсыздыгы себептүү, Кыргызстанга АКШ жана Кытайдын кирип келишине катуу тоскоолдук кыла албай жатат. Бирок, ким бийликке келбесин, Орусия бийлиги ага карата мажбурлап малай кылуу ыкмасын ишке салат. Болбосо, жаңы келген бийлик Акаев, Бакиев, Атамбаевдин абалын кийип калышы оор эмес.

АКШнын Кыргызстанда Орусиядай таасирдүү болбосо да айрым малай кадрларын бийликке жеткирүү, маалымат каражаттары, бейөкмөт уюумдар сыяктуу “колу-буттары” менен таасир этүүдө. Ошондой эле эл аралык БУУ, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Дүйнөлүк соода уму, ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдарды да өз идеологиясын жаюуда майнаптуу пайдаланып келет. Мындан тышкары, 3 жыл мурун Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирген С5+1 союзун түзүүгө да жетишти. Түпкүлүгүндө АКШнын Кыргызстанга карата саясаты – анын Орусия жана Кытайга каратылган стратегиялык саясаты – алкагында жүрөт. АКШнын Орусияга карата стратегиясы: анын колонияларын тартып алып, аны чакан мамлекетке айландыруу. Ал эми, Кытайга карата стратегиясы: аны өз ийининде кармап, сыртка кеңейишине жол бербөө. Учурда АКШ үчүн Орусияга караганда Кытайдын атаандаштык коркунучу күчтүүрөөк болгондуктан, Кытайга карата маалыматтык чабуулду күчөтүп барууда.

Кытай Кыргызстанда илгертен калыптанып калган жылма саясатын жүргүзүп келүүдө. Ушул максатта, аймактагы жакыр өлкөлөр менен катар Кыргызстанды да карыздары менен тушап алууда. Акыркы учурда ШКУ уюмунда таасирин күчөтүп, Борбор Азияда экономикалык эле эмес, коопсуздук тармагындагы кызыкчылыктарын да ишке ашыра баштады. Буга акылдуу камераларды орнотуулары, Кыргызстандагы “Коопсуз шаар – 2” долбоорун ишке ашырып баштоосу ачык мисал боло алат.

Европа Союузунун Кыргызстанда түздөн-түз саясий кызыкчылыгы жок. Анын кызыкчылыгы кыйыр түрдө. Бул кыйыр саясатын ишке ашыруу максатында жакында эле ЕС менен Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин ортосунда “Кеңеш” түзүүгө жетишти. Негизи Орусия Европа үчүн ар дайым коркунуч туудургандыктан, бул биримдик Орусиянын алсыздануусу үчүн бүткүл күчүн сарптап келет. Анын Кыргызстанга карата кылып жаткан иш-аракеттери ушунун алкагында жүрөт.

Тыянактап айтканда, Кыргызстан мына ушул колонизатор мамлекеттердин талоону астында күн кечирип жатат. Ошондуктан, эл колонизаторлордун куурчагына айланган позиция-оппозиция өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгына карата ишенимдерин жоготкон. Ким кайсы державага малай, ким популисттик кылып жатат – булардын бардыгын эл жакшы билет. Болгону, көпчүлүк калк тигил саясатчы сөрөйлөр сунуштаган жолдон башка жолду көрө албай жатышат. Башка жол болсо – Ислам.  Аллахтын каалоосу менен, Кыргызстанда исламий көрүнүштөр тездик менен кеңири кулач жайып барууда. Мында ар бир даъватчы мусулмандын, ар бир исламий жамааттын зор мээнети жана салымы бар. Ошондуктан, жогорудагы ири мамлекеттердин баары биригип, мына ушул Исламий чөйрөнү бөлүп-жарууга болгон аракетин жумшап жатат. Ушул максатта “Мээлүүн Ислам” сыяктуу ар кыл долбоорлорду сунуштап, шайлоо учурунда мусулмандардын туйгусунан пайдаланууга аракет кылышууда. Ошондуктан, мусулмандар алардын тузактарына түшпөстөн, ыйманий чөйрөнү сактап калууга аракет кылышы шарт. Ал эми, мусулмандар жамааты болсо исламий чөйрөнү таза сактап калуусу зарыл. Ар бир мусулман ар бир ишин акыйдасынан келип чыккан шаръий өкүмгө негизделип аткаруу менен – ыйманий чөйрөсүн сактап калат. Мусулмандар жамааты коомдук жана мамлекеттик иштерге шариятка ылайык катышуусу менен – исламий чөйрө сакталып калат.

Мына ушул эки иш менен коомдо исламий пикирлер, туйгулар, мыйзамдар орношуна салым кошуп, акыбетте сак-саламат, туура жолдогу исламий коом кура алабыз. Аллахым бизди ушул туура коомду куруучулардан кылсын!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here