Өкмөт: экспорт көбөйдү

326
0

Өкмөт: экспорт көбөйдү

2019-жылдын тогуз айында экспорт 1,3 млрд. долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 11,7% жогору. Бул тууралуу өкмөт башчы Абылгазиев 14-ноябрда өкмөттүн парламенттеги отчетунда билдирди. Ал мындай көрсөткүч негизинен ички дүң продукциянын өсүшүнө байланыштуу экенин кошумчалады.

Негизи, Кыргызстанда ички дүң өнүм Кумтөр кирешесинен тышкары эсептелет. Бирок, Кыргызстандын экспортунда Кумтөрдүн тиешеси чоң. Анткени, өлкөнүн экспорту негизинен алтындын сыртка чыгуусу менен өсүүдө. Маселен, 2018-жылдын тогуз айында жалпы экспорттун 31 пайызын же 9 тонна 296,2 килограмм (382,6 млн. доллар) алтын түзсө, быйыл, 41,5 пайызды же 13 тонна 094,6 килограммды (563,3 млн. доллар) түзгөн.

Бул орунда, биздеги экспорттун акыйкатына жана ички дүң өнүмдүн аныктамасына жакшылап көңүл буруу керек. Себеби, экспорттон түшкөн киреше жана дүң өнүмдө камтылган бардык продукция биздин байлыгыбыздай кылып көрсөтүлөт. А акыйкатта болсо андай эмес.

Мисалы, биз экспорт кылдык деп жаткан алтындын үлкөн бөлүгү Кумтөрдү иштеткен “Центерра голд” компаниясынын үлүшү болуп саналат. Анткени, казып алынган алтындын аларга тиешелүү бөлүгү да Кыргызстандын атынан экспорттолот.

Ал эми ички дүң өнүм (ВВП) тууралуу айтсак, ал да толук биздин байлыгыбыз эмес. Анын ичинде Кыргызстанда иш алып барып жаткан бардык чет элдик компаниялардын үлүштөрү бар жана алар үлкөн бөлүктү түзөт. Алардан болгону салыктар жана келишимдеги пайыздар гана Кыргызстан бюджетине түшөт. Булардан башкасы ошол компаниялардын байлыгы болуп саналат.

Белгилүү болгондой, капиталисттик түзүм дүң өндүрүмдү көп өндүрүүнү экономикалык проблемага чечим кылып алган, мындан сырткары, ал мамлекет калкынын байлыгындай кылып көрсөтүлөт. Капиталисттер “ички дүң өндүрүм мамлекеттеги киши башына мынчадан тиет” деп, алдамчы эсептөөлөрдү жүргүзүшөт. Бирок, ички дүң өндүрүмдүн көбөйүшү адамдын экономикалык проблемаларына чечим боло албайт. Анткени, мында коомдун бардык мүчөлөрүнүн керектөөлөрү кандырылабы, же кээ бирлериники кандырылып, кээ бирлериники калып кетеби – бул мааниге ээ эмес.

Кыргызстанда мамлекет ИДӨсүнүн үлкөн бөлүгү чет элдик инвесторлор тарабынан ташылып кетет. Буга жогорудагы алтындардын ташылып жатканы ачык мисал боло алат. Ал эми алардан артканынын ири бөлүгүн мамлекеттеги бир ууч чиновниктер коррупциялык жол менен тоноп алышат.

Андыктан, калк “экспорттун көбөйүшү”, “ИДӨнүн өсүшү” сыяктуу кооз көрсөткүчтөргө алданбай, мамлекеттен жеке адамдын бардык негизги муктаждыктары толук кандырышын жана жогорку керектөөлөрүнө шарттар жаратылышын талап кылышы керек. Мына ушул Исламдагы экономикалык проблеманын чечими, мына ушул Ислам шариятынын талабы. Ислам талабына ылайык, негизги муктаждыктар: азык-түлүк, кийим-кече жана үй-жай мамлекет тарабынан эң биринчи кезекте камсыздалышы керек.        

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here