Өзбекстан менен Кытайдын ортосунда авиакаттамдар көбөйөт

337
0

Өзбекстан менен Кытайдын ортосунда авиакаттамдар көбөйөт

Өзбекстан менен Кытайдын чиновниктери эки өлкө ортосундагы авиакаттамдардын санын жумасына 15ке чейин жеткирүүгө  келишип алышты.

Өзбекстан Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, аталган министрликтин Пекинге барган делегациясы менен Кытайдын жарандык авиация башкармалыгы ортосунда ушундай сүйлөшүүлөр болгон.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, эми авиакаттамдар ишке ашырылып жаткан Пекин, Үрүмчү, Шанхай, Гуанчжоу, Тяньзинь шаарларына Кытайдын Сиань, Санья, Иу жана Чэнду шаарларын кошуу, авиакомпаниялардын каттамдарын Пекин шаарындагы жаңы “Дасин” эл аралык аэропортуна өткөрүү боюнча техникалык маселелерди иштеп чыгуу туурасында келишим түзүлгөн.

 Комментарий: Белгилүү болгондой, Кытай Өзбекстандын ири инвесторлорунан болуп эсептелет. Бүгүнкү күнгө чейин Кытай Өзбекстанга 7 миллиард 800 миллион доллар инвестиция  жаткырган. Кытай Өзбекстанга инвестиция жаткыруу менен бир катарда, ири өлчөмдө карыздарды берүү аркылуу көз каранды кылып барууда. Расмий маалыматтар боюнча, 2015-жылдын январынан 2019-жылдын январь айына чейинки аралыкта Өзбекстандын Кытайдан карызы 1,055 млрд доллардан 1,964 долларга чейин өскөн. 2020-жылы өзбекстандын Кытайдан карызы 3,006 млрд долларга жетет.

 Мирзиёев бийлиги Кытайдан инвесторлорду жана туристтерди тартуу үмүтүндө кытайларга Өзбекстан эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Мирзиёев кол койгон документке ылайык, 2020-жылдын 1-январынан баштап Кытай жана Гонконгдун жарандары үчүн Өзбекстандын эл аралык аэропорттору аркылуу 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз кирүү тартиби белгиленди.

Кытайдын колония кылуу ыкмасынын кесепеттерин бүгүнкү күндө Чыгыш Түркстандагы мусулмандар башынан өткөрүүдө. Кытай колония кылмакчы болгон мамлекетке инвестиция алып кирүү жана карыздарды берүү менен аны төлөй албай турган деңгээлде карызга батырууга аракет кылат. Саясий кырдаалдан о.э. карыздар мамлекеттин проблемаларынан пайдаланып, өзүнө пайдалуу болгон келишимдерге кол койдуруп алат. Нефть түтүктөрүн жаткыруу жана темир жол куруу сыяктуу өтө маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу менен ал мамлекетти стратегиялык жактан көз каранды кылып алат. Мына ошондон кийин Кытай мамлекети да, анын инвесторлору да чыныгы жүзүн көрсөтө баштайт.

  Кыргызстанга да инвестор көрүнүшүндө кирип келген кытайлар бул жерде орношуп, өздөрүнүн кызыкчылыгына ылайык келе турган мыйзамдарды кабыл алдырып алган соң, жергиликтүү тургундарды кордоп, таяктоого чейин жетип барышты. 2018-жылдын июлунда Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан ОсОО “Тянь — Шань Керамик” заводунун кытайлык башкы директору мас абалында кол астындагы кыргыз жумушчуну акаарат кылып, таяктаган. Кийинчерээк дагы бир кытайлык инвестор кол астындагы кыргыз жумушчуларды түштөнүү учурунда тик туруп тамактанууга мажбурлап, аларга күч колдонду… Өзбек бийлиги да алып жаткан карыздардын жана Кытайдан тартылып жаткан инвестициялардын натыйжасын жакынкы келечекте көрөт. Бирок, ал убакта кеч болуп калат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here