Темир жол курулушу: Кытай менен Орусия мунасага келди

440
0

Темир жол курулушу: Кытай менен Орусия мунасага келди

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздеме Орусия менен бирге иштелип чыкты. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, Орусия менен темир жол кайсы жерден өтөрү, курулушка удаалаш кайсы кен байлыктарга чалгындоо болушу керек экендиги каралган. Өзбекстан болсо курулуш, долбоорлоо тармагына жардам берет.

Калилов соңку жолугушууда темир жолдун эни жана каржылоо модели боюнча макулдашууга жетишилгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси 10 жыл мурун көтөрүлүп, ага 6-6,5 млрд. доллар каражат кетери болжолдонгон. Бирок бул долбоор стратегиялык жактан Орусиянын кызыкчылыгына каршы келгендиктен, улам артка сүрүлүп келген.

Бүгүнкү күнгө келип, Орусия бул долбоорду ишке ашырууга аргасыз макул болуп турат. Анткени, долбоорду ишке ашыруу алкагында казылган кен байлыктарды колго алууга жана долбоор ишке киргенден кийин түшө турган пайдага жетүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Мындай келишим Орусия президенти Путиндин Кыргызстанга болгон расмий визитинин алкагында түзүлгөн. Ага ылайык, долбоорду орус компаниясы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен бирге түзө турган болгон. Демек, Орусия Кытайдын “Бир алкак – бир жол” стратегиялык долбооруна кошулуу менен эл аралык абалда өнөктөшүнүн кызыкчылыгына ээрчүүдө. Ошондой эле Борбор Азия кендерин ташып кетүүдө Кытайдын экономикалык кубатынан пайдаланып калмакчы. Ал эми Кытайдын дымагы Орусияныкынан да күчтүү болуп, стратегиялык долбоорун ишке ашырууда Борбор Азия өлкөлөрүн өз кызыкчылыгында пайдаланып, экономикалык жактан кишенге салып барууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here