Кыргызстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын колдоду

340
0

Кыргызстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын колдоду

 Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Кытайдын Шинжаңда жүргүзүп жаткан саясатын колдоп чыкты. Кыргызстан Пекиндин Шинжаңдагы саясатын жактаган Россия, Мьянма, Түндүк Корея жана Белорусия сыяктуу 54 мамлекеттин билдирүүсүнө кошулду.

 БУУнун Нью-Йорктогу жыйынында Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан Кыргызстандын өкүлү гана Кытайдын саясатын колдоп сүйлөдү.

 Кыргыз Республикасы Шинжаң-Уйгур автоном районунун маселелерин түздөн-түз Кытайдын ички иши деп санайт жана Кытай өкмөтүнүн маданияттын көп түрдүүлүгүн жана Шинжаңдагы бардык улуттардын диний эркиндигин сактоо аракеттерин баалайт. Шинжаңдын коопсуздугун, туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча Кытай тарабынан көрүлгөн чараларды колдойт”, – деди Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Айбек Молдогазиев.

Комментарий: Кытай бийлиги Борбор Азия аймагындагы мамлекеттерди карызга батырып алган соң, аларга эмне кылуу жана эмнени сүйлөө керектигин да белгилеп бере баштады. Буга чейин, Тажикстан менен Өзбекстан да Кытайдын Чыгыш Түркстанда диндеш уйгур, казак, кыргыз боордошторубузга каршы жүргүзүп жаткан саясатын колдоп чыгышкан эле. Белгилүү болгондой, ал мамлекеттер да Кыргызстан сыяктуу эле Кытайдан өтө чоң өлчөмдө карыз алышкан. Мисалы: Кыргызстан Кытайдан 1 миллиард 700 миллион доллар карыз алган. Бул болсо, тышкы карыздын 45 пайызына барабар.Тажикстандын тышкы карыздарында Кытайдын үлүшү 48 пайызды түзөт. Тажикстан Кытайдан 1 миллиард 200 миллион доллар карыз алган. Кытай Өзбекстандын да ири инвесторлорунан болуп эсептелет. Бүгүнкү күнгө чейин Кытай Өзбекстанга 7 миллиард 800 миллион доллар инвестиция жаткырган.

 Региондогу мамлекеттердин Кытай алдында тили кыска болгондуктан, бул өкмөттөр Чыгыш Түркстандагы боордошторубузга эле эмес, өз калкына да кыянат кыла башташты. Өкмөт Кыргызстанда ишке түшүрүлүп жаткан “Коопсуз шаар” долбоору шылтоосунда өз жарандары жөнүндөгү маалыматты Кытайга кош колдоп тапшырууда. Мындан тышкары, Кытай инвесторлору үчүн эшиктерди кең ачып, үммөттүн мүлкү болгон кен-байлыктарды тоскоолдуксуз ташып кетишине шарт түзүп берүүдө. Айбек Молдогазиевдин БУУдагы билдирүүсү, Шинжаңда лагерлерге камалып, дене мүчөлөрү кескиленип алынып жаткан мусулмандарга карата кыргыз өкмөтүнүн расмий позициясы болуп, бийлик ачык эле кыянат жолуна өткөндүгүн далилдеп турат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here