Кыргызстан 2020-жылды Орусия жылы деп белгилейт

1157
0

Кыргызстан 2020-жылды Орусия жылы деп белгилейт

2020-жыл Кыргызстанда Орусия жана Орусияда Кыргызстандын жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушканда маалым болду.

Михаил Швыдкой өз сөзүндө мындай кадам 2-дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө алдында символикалуу мааниге ээ экенин билдирди. Анын айтымында, мындай иш-чара акыркы 13 жылдан бери алгачкы жолу кайталанууда.

Бул көрүнүш Кыргызстан үчүн башкы колонизатор дале Россия экенин тасдыктап турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан толук Орусиянын көзөмөлү астында саясат жүргүзүүдө. Буга өлкөнүн экономикалык жактан артка кетүүсү жана миллиондон ашык жарандын Орусияда эмгектенүүсү негизги себептерден  болуп калууда. Маселен, 2018-жылы чет өлкөдөгү кыргызстандыктар өз мекенине 2,7 миллиард долларга жакын акча жөнөтүшкөн.
Ал эми ички дүң продукциянын көлөмү 8 миллиард долларга барабар болгон. Мына ушул жагдайды, тагыраагы, “гастарбайтер” маселесин Орусия Кыргызстанга басым өткөрүү куралы кылып алды. Эгерде кыргыз бийлиги Орусиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса, дароо эмгек мигранттарына басым күчөйт. Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүүдө да Орусия бийлиги мигранттар проблемасынан пайдаланган. Учурда өлкө – ЕАЭБден башка өлкөлөрдөн кирген унааларга төлөм эселеп өскөндүктөн – Орусия унааларын ташууга мажбур абалда турат.                                                                                            

Маалым болгондой, Кытай, АКШ жана Европанын таасири Кыргызстанда жайылып жатса да, өлкөдөгү колонизатор Орусия болгон бойдон калууда. Кыргызстандын саясий чөйрөсү Орусиясыз эгемендүү саясат жүргүзүүнү элестете да албайт. А түгүл, бул тууралуу ойлонуудан да коркот. АКШ менен Кытай болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Эми, биздин мындай кордуктан чыгуубуздун жападан жалгыз жолу Ислам динибизди бекем карманып, аны мабда катары көтөрүп чыгуубузда жатат. Ансыз, өлкө ар дайым “арстандан качып аюуга коргологон” абалда кала берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here