Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты уюштурган демонстрациялар

470
0

Хизбут-Тахрир–Сирия вилаяты уюштурган демонстрациялар

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын мүчөлөрү жума намазынан кийин «Колдоо көрсөтүп жатат делген мамлекеттердин буйругу негизинде биригүү – Аллахты жана Анын момун пенделерин кыжырдантат» деп аталган бир катар демонстрацияларды уюштурушту. Түндүк Идлибде өткөн демонстрацияда Сириянын түндүк-батышында азат кылынган региондорго каршы фитна уюштурулуп жатканы айтылды.

Ошол эле учурда, Сармада шаарында өткөрүлгөн демонстрацияда мыйзам чыгаруу Конституциялык Комиссиянын акысы эмес, Аллахтын акысы экени баса белгиленди. Демонстранттар «Инсан тарабынан ойлоп табылган бул конституциялар бизди туюндурбайт, колубузда Роббибиздин конституциясы турган соң, конституция түзүп берүүгө эч кимге муктаж эмеспиз» деген мазмундагы плакаттарды көтөрүп чыгышты. Килли шаарчасындагы Шам калкы катышкан демонстрацияда адамдар суроо иретинде «Ушунча шахиддерди тогут режимдердин заманына кайтарган илманий улуттук армия үчүн бердиңерби?» деген мазмундагы плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Бардакли айылында болуп өткөн демонстрацияда Аллах Тааланын:

﴿وَاعْتَصِمُوا بـِحَبْلِ اللهِ جَـمِيعًا

«Баарыңар Аллахтын арканын бекем кармагыла»                                                    [3:103]

деген аяты ураан болду. Демонстрация көрсөтүлгөн плакаттарда Аллахтын буйругуна жооп иретинде режимди бардык адамдары жана көрүнүштөрү менен кошо кулатуу үчүн биригүү зарылдыгы, эгер, биригүү Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн болбосо, анын эч кандай кадыр-баркы болбостугу баса белгиленди. О.э. «согушкер топтор качанга чейин «колдоо көрсөткөн мамлекеттердин» колунда куурчак болот, качанга чейин алардын каалоосу менен биригишет жана бөлүнүшөт?» деген суроолор ортого салынды. Топторго «Роббиңер Анын арканын бекем кармоону буйруса, аны кабыл албадыңар, ал эми, «колдоочу» мамлекеттер буйрук кылганда, кор болуп алардын астына келдиңер» деп эскертилди.

Ушул мазмунда Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Дайри Хассан шаарында да «Жоголсун, инсан ойлоп тапкан конституциялар, жашасын, исламий акыйдага негизделген конституция» деп аталган демонстрация өткөрүштү.

Батыш Халаб жана Сахара шаарында өткөрүлгөн демонстрацияда адамдар: «Биз козголоң башталганда эле «Конституциябыз – Куръан» деп ураан салып мечиттерден көтөрүлүп чыктык, биздин бул урааныбыз өзгөргөн жок, жашасын, Роббибизди ыраазы кылга конституция, жоголсун, Батышты ыраазы кылган конституция», – деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Ал эми, «колдоочу» мамлекеттерди алкыштагандарга, Түркия Сирия жерлеринин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн Россия жана Иран менен кызматташып жатканы тууралуу суроолор жолдонду. Алар «колдоочу» мамлекеттерден эскертилди жана бул мамлекеттердин буйругу эмес, Аллах Субханахунун буйругу негизинде биригүү талап кылынды.

Роя гезити, №256, 2019жыл, 16октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here