Акылдын аныктамасы

802
0

Акылдын аныктамасы

Адамдын айбандан айырмасы эмне десең, ар бир инсан “адам айбандан акылы менен айырмаланат” деп жооп берет. Бирок, ошол эле учурда, айрым адамдар “менин акылдуу итим бар”, “менин акылдуу атым бар” деп жатканын көрөсүң. Суроо: чындап эле айрым айбанаттар акылдуу болобу? О.э. кимдир бирөө бир ахмакчылык иш кылса, “анын акылы жок экен” деп коёбуз. Суроо: чындап эле айрым адамдардын акылы жок болобу? Жана дагы бирөөлөрдүн билимине текеберленип, башкалардан акылдуусунуп жатканын көрөбүз. Суроо: Эмне бирөөлөр акылдуурак да, башкалар акылсызыраак болушабы? Ал тургай, айрым адамдар акылына келгенди айтып, өзүн Аллахка теңеп алып жатышат (астагфируллох). Суроо: акылдын иштеш кубаты канчалык, анын чеги жокпу, акыл менен Кудай болуп алса болобу, эгер акылдын чеги болсо, ал канчалык? Турмушта айрым адамдардын акылы адашууга кетти деп коёбуз. Суроо: акылдардын адашуусун кантип аныктайбыз? Ушул сыяктуу акылга тиешелүү суроолордун жообуна, албетте, акылдын аныктамасын аныктап алгандан кийин гана жетише алабыз. О.э. акылдын жемиши болгон пикирлөө эмне экенин, кандай кылганда туура пикирлөө болорун… пикирлөөнүн жемиштери болгон илим, фан, сакофаттарды кандай колдонуу керектигин… булардын бардык-бардыгын акылдын аныктамасы негизинде гана аныктай алабыз. Демек, акыл аныктамасынын адам турмушунда эң зор маанилүү орундары бар (буюрса, алар тууралуу өз кезегинде кеп кылабыз). Азырынча, акыл аныктамасын аныктай туралы.

Туура, акылдын аныктамасын билбесек да, акылыбыз табийгый түрдө иштей берет. Бирок, бул аныктаманын турмушта маанилүү орду болгондуктан – көпчүлүк адамдар көңүл бурушпаса да – ага муфаккирлер, идеологдор, психологдор байыртан өзгөчө маани берип келишкен. Ката болсо да, өз тыянактарын чыгарып, аныктамаларын беришкен. Мисалы, байыркы гректер логика фанын өнүктүрүшкөн. О.э. соңку жаңы тарыхта коммунисттер “материянын мээде чагылышы” деп аныктама беришти. Бүгүнкү күндө болсо, акылдын ар кимге тиешелүү болгон ар түрдүү аныктамаларын таба алабыз. Бирок, негизи, анын аныктамасы бирөө эле болушу керек. Анткени, анын вакиъси (реалдуулугу) бир эле нерсе.

Акылдын вакиъсин (реалдуулугун) ар бир адам билет, ошондуктан, келиңиздер, анын реалдууугуна жана аныктамасына (таърифине) сиздер менен биргеликте кайрылалы.

Мисалга бир ташты алайлы. Биз ташты көрөрүбүз менен “аа бул таш да” деп өкүм чыгарабыз, бул эмне деп олтурбайбыз, анткени, ага окшош нерселердин таш экендиги тууралуу кимдир бирөөлөрдөн мурун үйрөнгөнбүз. Эми ушул мисалда акылдын кандайча иштегенине карайлы. Таш – бул вакиълик, аны көз мээге узатты, мээбизде болсо ал тууралуу мурун үйрөнгөн “таш” деген маалымат (б.а. билим) бар эле. Көз деген сезүү органыбыз узаткан информация мээбиздеги мурунку маалыматыбызга байланды да, анан биз “бул таш да” деп өкүм чыгардык б.а. акылыбызды иштеттик. Демек, биздин мээбиз сезүү органыбыз узаткан информацияны мээбиздеги мурунку маалыматыбызга байлап берди, анын натыйжасында нерсе тууралуу өкүм чыгардык. Мына ушуну менен акылыбызды иштеткен болобуз. Ушундан көрүнүп тургандай, акыл иштеши үчүн 4 шарт зарыл экен: 1-вакиълик (нерсе же окуя), 2-сезүү органдары (көрүү, угуу, жыт билүү, даам татуу, тери), 3-узатылган информацияны мурунку маалыматка байлап бере ала турган жарактуу мээ, 4-мурунку маалымат (б.а. билим).

Эми окуяга бир мисал келтирели. Жолдо баратсаңыз, бир адам өз баласын уруп жатканын көрүп калдыңыз дейли. Сиз буга чейин чоң кишинин баланы урганын көрбөгөнсүз. Бирок, адамдардын малдарды урганын көргөнсүз жана атаңыз сизге малды уруп жатат деп маалымат берген. Ушул мурунку маалыматка байлоо менен сиз тигил киши баланы уруп жатканын билип аласыз. Демек, ушуну менен акыл иштеди б.а. пикирледиңиз. Мындан сырткары, атаңыз баланы уруу жаман иш экендиги тууралуу да маалымат берген. Буга байлоо менен, сиз тигил киши жаман иш кылып жатат деген ойго келесиз. Мына дагы акыл иштеттиңиз. Жаман иштен кайтаруу керек деп да үйрөнгөнсүз, ошондуктан, эми мындан кантип кайтаруу керек экендиги тууралуу пикирлейсиз. Ушул мисалда карап көрсөк, кишинин баланы уруу окуясы – вакиълик, аны көз мээге узатты, мээ ал информацияны өзүндөгү мурунку маалыматка байлап берди.

Ушулардан белгилүү болгондой, коммунисттер айткандай, материя мээде чагылбайт (мээ күзгү сыяктуу чагылдыруу касиетине ээ эмес), ал сезүү органдары аркылуу мээге информация болуп узатылат. О.э. информациянын мээге узатылышынан эле акыл иштеп кетпейт. Эгер ушуну менен эле акыл иштеп кетсе, анда эшекте да акыл болмок, анткени, ал да сезет жана анда да мээ бар.

Айбандарда акыл жок

Айбанаттарда акыл болбойт. Алар бардык нерсе жана окуяларды инстинкт жана организм мухтаждыктары аркылуу гана билишет. Бул шуъурий идирек (ички сезимдер менен билүү) деп аталат. Мисалы, ат ташты жебей, арпаны жеш керек экенин билет. Мунун болсо акылга тиешеси жок, муну организм мухтаждыгы аркылуу билет. Мындай нерсе адамда да бар, ал ылай жебей, нан жеш керек экенин билет. Дагы айтсак, сууга агып кайра аман калган жаныбар кийин агын суудан корко турган болуп калат. Мындай көрүнүш инстинкт түрткүсү менен болот. Мындай инстинктке тиешелүү көрүнүштөр адамда да болот.

Мындан башка дагы, айбанаттарда жогорудагы инстинктивдик көрүнүштөрдү эске түшүрүү да болот. Мисалы,  бука торпокту катуу сүзүп койсо, кийин торпок чоңойгондо да андан корко берет. Бул көрүнүштү эсине түшүрө алат. О.э. ал торпок чоңоюп күчкө толгондо, муну эске түшүрүп, картаң букадан өч алышы да мүмкүн.

Мындан сырткары, жаныбарларда ээрчимелик менен  үйрөнүү бар. Алардагы сезүүнү кайра-кайра кайталата берсек, ээрчимелик менен аларга үйрөнүп кетет. Мисалы, аюуга оңко-чоңко ашууну үйрөтүш мүмкүн. Мындай үйрөнүүнү адамдардын акылга толо элек балдарынан да кездештиребиз. Мисалы, 2 жашар баланын да оңко-чоңко ашууну үйрөнгөнү сыяктуу.

Демек, айбанаттардын ички сезимдер аркылуу билүүсү, аларды эске түшүрүүсү, ээрчимелик менен үйрөнүүсү – булардын баары аларда сабик маалыматты б.а. билимди пайда кылбайт о.э. алардын мээсинде маалыматтарды байлоо касиети жок. Ошондуктан, аларда акыл жок. Алардын биринен экинчиси “акылдуу” көрүнүп жатканы – бул алардын инстикт жана организм мухтаждыктарына тиешелүү жөндөмдүүлүктөрүндөгү эле айырмачылыктары.

Айбанаттарда болгондой эле, адамдардагы айбандардыкына окшош – ички сезимдер аркылуу билүүсү, аларды эске түшүрүүсү, ээрчимелик менен үйрөнүүсү – булардын баары, качан адамда аларды байлай турган мурунку маалыматтар болмоюнча, алар адамда билимге айланбайт. Т.а. адам баласына башка адамдар тарабынан маалыматтар үйрөтүлбөсө, анда акыл пайда болбойт жана малдай эле болуп калат.

Мурунку маалымат кандайча пайда болот

Коммунисттер менен аларга ээрчиген Батыш окумуштууларынын эң негизги адашкан жери мындай болду. Алар “маймыл жашоо үчүн күрөш инстинкти негизиндеги маалыматтарды өз ара байлоо менен адамга айланып кетти” дешет. “Демек маймылдан адамга айланган алгачкы адам реалдуулукта кезиккен нерсе жана окуялар тууралуу маалыматтарды байлоо менен билимди (б.а. сабик маалыматты) пайда кылган” дешет. Мында Дарвиндин эволюциялык окуусуна таянышат. Мисалы, “адам чагылган урган жаныбардын этин жеп, кийин этти бышырып жешти билип алган” дешет. Негизи, адамга от эмне экени, аны кантип пайдаланары, аны менен нерселерди белгилүү бир шарттарда бышырса болору, кантип бышырары тууралуу үйрөтүлбөсө, ал бышырууну эч качан үйрөнө албайт.

Эволюциячылар болсо “алгачкы адам реалдуулукта кезиккен нерсе жана окуялар тууралуу маалыматтарды байлоо менен билимди пайда кылган” деген пикирлерин бекемдеш үчүн, “Маугли”, “Тарзан” сыяктуу жомокторду чындыктай көрсөтүүгө урунушат, анын каармандарын акылдуу кылып көрсөтүшөт. Ооба, дүйнөдө адамзат коомунан үзүлүп өскөн адамзат перзенттери табылганы өз тасдыкын тапкан. Бирок, ошол эле учурда, аларда акыл жок экени, кудум айбандардай жашашканы да тасдыкталган. Бул көрүнүш социология жана психология фандарында “жапайы балдар” термини менен белгилүү. Демек, эгер адам баласы адамзат коомунан бөлүп ташталып, ага башка адамдар тарабынан эч нерсе үйрөтүлбөсө, анда акыл пайда болбойт.

Алгачкы адамда сабик маалыматтын б.а. билимдин кандайча пайда болгондугу тууралуу Ислам түшүнүгү мындай. Курани Каримдин “Бакара” сурасынын 31-33-аяттарында Аллах Таала айтат:

«Анан Ал зат адамга бардык нерселердин ысымдарын үйрөттү. Кийин аларды периштелерге бетме-бет кылып (мындай) деди: «Эгер сөзүңөр ырас болсо, мына бул нерселердин ысымдарын Мага билдиргиле!». Алар айтышты: «Эй пакиза Роббибиз, биз жалаң Сен билдирген нерселерди гана билебиз. Албетте, Сен Өзүң илим жана даанышмандык ээсисиң». (Аллах): «Эй адам, буларга ал нерселердин ысымдарын билдир», – деди. (Адам) аларга бардык нерселердин ысымдарын билдиргенден кийин (Аллах) айтты: «Силерге, Мен жер асмандардын сырларын жана силер ашкере кылган жана жашырган нерселерди билемин дебеген белем?»

Бул аяттар билимге б.а. маърифатка жетишүү үчүн мурунку (сабик) маалымат болушу лазым экендигине далалат кылат. Аллах Таала Адам а.с.га нерселердин ысымдарын билдирди. Нерселер ага туш кылынганда, Адам а.с. аларды тааныды. Демек, биринчи инсанга т.а. Адамга Аллах Таала маалыматтарды берген жана бул маалыматтар аркылуу ал нерселерди таанып билген. Эгер мына ушул маалыматтар болбогондо, аларды биле алмак эмес.

Андан бери, инсанда билим калыптана турган маалыматтарды Адам а.с. балдарына берди. Балдары балдарына өткөрдү. Ошентип, адамзат коому билим калыптанышы мүмкүн болгон сабик маалыматтарды урпактан урпакка өткөрүп келе жатышат. Эгер кимдир бирөө акыл иштеткенге б.а. пикирлегенге жетиштүү боло турган билими калыптанбай туруп адамзат коомунан үзүлүп калса, анда анын акылы болбойт.

Адам баласында билим кандайча пайда болот

Муну тактоо үчүн, инстикт жана организм мухтаждыктарына тиешелүү билүүлөр менен – нерселерди таануу, окуялардын маанисин түшүнүү сыяктуу акылга тиешелүү билүүлөрдүн айырмасын аныктап алуу керек. Мисалы, чаңкаганда суу ичиш керек экенин билүү организм мухтаждыгына, аны менен тазалануу мүмкүндүгүн билүү инстинктке тиешелүү болот. Ал эми, сууну суу деп таануу, андан сорпо жасаш мүмкүндүгүн билүү, андан курулуш иштеринде же медициналык максадда пайдаланууну билүү ж.б.у.с. – булардын баары акылга тиешелүү. Булардын баары үйрөнүү менен болот.

Ушул орунда, адамдын мээси менен айбанат мээсинин ортосундагы айырмага токтоло кетели. Айбандын мээси инстинктке тиешеси болбогон маалыматтарды үйрөнүүгө жарактуу эмес. Мисалы, ага “бул жол деп аталат, жол жакшы болсо басканга ыңгайлуу болот, биер үчүн кенен жол, тиер үчүн тар жол ылайыктуу” деген сыяктуу инстинктке тиешеси болбогон маалыматтарды үйрөтүү мүмкүн эмес. Ал эми, адам баласына – анын мээси улам өскөн сайын – маалыматтарды кеңейтүү менен жогорудагыдай маалыматтарды үйрөтүү мүмкүн. Ошондуктан, элүү жыл үйрөтсөң да, маймыл бул маалыматтарды  үйрөнө албайт, демек, анда акыл пайда болбойт. Ушул эле маалыматтарды алты жаштагы бала үйрөнө алат. Анткени, анын мээси инстинктке тиешеси болбогон маалыматтарды кабыл алууга жөндөмдүү. Ошондуктан, жаш балдарыбыз инстинктивдик түрдө сезип жаткан нерселердин атын да аларга кайра-кайра үйрөтөбүз. Мисалы, бала чаңкаганда суу ичишти организм мухтаждыгы жана инстинкт себептүү билсе да, биз ага “бул суу, бул суу” деп үйрөтөбүз. Кийинчерээк “суу ич, суу ич” дейбиз. Мында “ичүүнү” үйрөттүк. Кийин жаш өзгөчөлүгүнө жараша анын касиеттери тууралуу үйрөтөбүз. Мисалы, муздак экенин, аны жылытып жуунса болорун үйрөтөбүз. Бардык кезиккен нерселер жана  окуялар тууралуу ушундай болот. Бул учурларда баланын өзү да “бул эмне, бул эмне” деп нерселер тууралуу, “эмнеге антти, эмнеге минтти” деп окуялар тууралуу сурай баштайт. Биз үйрөтө бериш менен аларда белгилүү бир маалымат базасын пайда кылабыз. Б.а. мурунку маалыматтар топтомун т.а. билимди пайда кылабыз. Мына ушул базалык билим пайда болгондон кийин, бала эми турмушта жаңы кезиккен нерсе жана окуялар тууралуу – өзүндөгү билимге байлоо менен – пикирлей ала турган болот. Эгер кезиккен нерсесине тиешелүү анда мурунку маалымат болбосо, ал тууралуу изденүүгө жарактуу болуп калат. Мурун истинктик негизде билген нерселерин да эми ушул маалыматтарга байлап, алардын акыйкатын аныктоого аракет кыла алат. Мисалы, мисалы, мурун жыландан инстинктик түрдө корксо, эми жылан чагып өлтүрүшүнөн акыл менен аңдап коркот.

Демек, адам мээсинин айбандыкынан айырмасы – адам мээсинде билим пайда кылуу жана жаңы маалыматтарды ошол билимге байлоо жөндөмү бар. Эгер мээ билим пайда кыла албаса, б.а. үйрөткөн нерселерди үйрөнүү менен аларды мурунку маалыматтар топтомуна айландыра албаса о.э. маалыматтарды байлоого жөндөмдүү болбосо, андай адам акылсыз болот.

Адам баласында мурунку маалыматтар топтому качан калыптанат

Адамзат коомунан үзүлбөй жашаган балада 7 жашында жашында пикирлей ала турган акыл калыптанып бүтөт. Б.а. анда мурунку маалыматтардан турган жана кийинки маалыматтарды аларга байлап, нерсе жана окуялар үстүнөн өкум чыгара ала турган билим орношкон болот. (Болгону, вундеркинддер жана аутизм менен ооруп айыккандар мындан сырткары. Бирок, алардын абалы да акылдын бул аныктамасынын алкагынан тышкарыга чыкпайт. Анткени, биринчилеринде мурунку маалыматтарды пайда кылуу жана маалыматтарды байлоо эрте жашында болсо, кийинкилеринде кеч болот). Ошондуктан да, психология жана педагогика фандарынын тыянактарына таянуу менен, балдарыбызды 6-7 жашынан мектепте окутуп жатабыз. Фан боюнча, 7 жашка чейин адамзат коомунан үзүлүп калган “жапайы балдарда” акыл болгон эмес. Мындай тыянак хадисте да тасдыкын тапкан.

Расулулла r айтты: «Балдарыңар жети жашка жеткенде намазга буйругула”.

Ырас, балада акыл калыптанып бүткөн соң, эми ал адамзат коомунан бөлүнүп калса да пикирлей алат. Жаңы бир нерсе же окуяга кезиксе, алардын үстүнөн өкүм чыгаруу үчүн мурунку маалыматтарына байлайт. Эгер жолуккан нерсесине тиешелүү мурунку маалыматы болбосо, ал тууралуу пикирлей албайт, бирок ага тиешелүү маалыматтарды издеп көрө алат. Ал кайра адамзат коомуна кошулса,  анын коомго үйрөнүүсү бат  болот. Анткени, анда акл бар.  Ал эми, ал башкалардай пикирлей албай жатса, бул акылдын бар-жогу маселеси эмес, ал кругозордун тардыгы жана пикирлөөнүн төмөндүгү маселеси болуп эсептелет.

Кимдир бирөөлөр айрым туземец калктардын акылы жок деп ойлошот. Негизи, алардын акылы бар. Болгону, алар да башка калктардан кругозордун тардыгы жана пикирлөөнүн төмөндүгү менен гана айырмаланышат. Ушул сыяктуу эле, идеологияга ээ Батыш калктары менен идеологиясын жоготуп алган Чыгыш калктары пикирлөөдө айырмаланышат. Бул мисал да акылдын бар-жогу маселеси эмес, балким, пикирлөөнүн жогору же төмөн экендиги маселесине тиешелүү мисал.

Билим кандай пайда болот

Балада билим пайда болушу  үчүн, бериле турган маалымат вакиъге, а вакиъ болсо маалыматка каптап берилет. Мисалы, бала зоопарктан арстанды көрсө, “бул арстан” дейбиз. Мында вакиъ маалыматка капталат. Балага “арстан жейренди жейт” деген маалыматты берсек жана ага документалдуу фильмден арстандын жырткычтыгын көрсөтсөк, бул маалыматыбызды вакиъге каптап берген болобуз. Башка нерсе жана окуяларды билимге айландыруу да мына ушундайча болот. Болгону, баланын жаш өзгөчөлүгүнө карай, жалпы түрдө үйрөтүүдөн деталдуу үйрөтүүгө карай кетет.

Айрым сезүү органдары иштебеген балдар да бар. Үйрөтүүдө алардын сак-саламат органдарына басым жасалат. Мисалы, кулагы дүлөйлөрдүн көрүүсүнө, көзү азиздердин угуусуна көңүл бурулат. Албетте, мындай аракет көп мээнетти талап кылат. Ошентсе да, муну менен аларда акл пайда болот.

Адамдардын адашуусу кандай оңдолот

Сабик маалымат б.а. үйрөтүлгөн маалыматтар топтомунан турган билим Адам а.с.дан бери урпактарга мына ушундайча үйрөтүлүп келе жатат. Бирок, бул дегени Адам а.с. эмнени билсе, аны башкалар ошол бойдон көчүрүп келе жатат дегени эмес. Андан кийинки адамдарда сабик маалыматтар б.а. акыл болушу үчүн жетиштүү билим пайда болгондон кийин, алар жаңы кезиккен нерсе жана окуялар үстүнөн өздөрү түрдүү өкүмдөр чыгарышты. Ошондуктан, алардын арасынан көп кудайлуулар чыкты, кудайсыздар чыкты… Адамзат коомдору ушундай адашууларга кеткенде, Аллах Таала Өзү каалаган убакта элчилерин жөнөтүп турду. Акыркы элчи болуп Мухаммад с.а.в. жөнөтүлдү. Эми кыяматка чейин пайгамбар келбейт. Демек, адамдардын адашуудан оңдолушу Ислам менен гана болот.

Азыркы доордо адамзат турмушунда о.э. Исламды үйрөнүү жана үйрөтүүдө акылдын аныктамасы зор мааниге ээ болгондуктан, ага зор этибар берүү керек.

Аягы

Редакция: Сайтка келип түшкөн шахрий халка баяндамасын – акыл ээлерине пайдасы бар деген үмүттө – жарыкка чыгарууну макул таптык. Сын-пикирлер болсо, кат-кабарлар күтүп калабыз.

Автор: Баяндама шейх Такийюддин Набаханийдин “Тафкир” китебине негизделди. О.э. анда айрым устаз жана шакирттердин китептеги маанилерди түшүнгөнү боюнча жасаган баяндарына таянылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here