Тажикстанда имам-хатибдер үчүн окуу курстары уюштурулду

176
0

Тажикстанда имам-хатибдер үчүн окуу курстары уюштурулду

Тажикстандын дин, каада-салт жана ырасымдарды тартипке салуу комитети кабарлашынча, диний кызматкерлердин укуктук жана диний билимин ашыруу максатында  имамдар үчүн окуу курстары уюштурулду.

Бул тууралуу 26-октябрда “Sputnik Тажикстан” маалымат агенттиги кабарлады. Кабарда келишинче, 10айдын ичинде Тажикстандагы 1352 имам-хатиб окуу курсуна катышкан.

Булактын кабарына таянсак, имам-хатибдер үчүн окуу курстарында негизинен президенттин алдындагы аткаруу комитети, дин иштери боюнча мамлекеттик комитети жана ислам таануу борбору сыяктуу органдардын кызматкерлери сабак өтүшкөн.

Сабактар негизинен конститутциянын талаптарына  моюн сунуу, түрдүү тармактардагы мыйзамдар, Тажикстандын стратегиялык максаттары, айыл жерлерин өнүктүрүү маселелери, туризм жана элдик кол өнөрчүлүк,  сабырдуулук жана толеранттуулук сезимин күчөтүү, адам ссодасы жана наркотикалык заттар соодасына каршы иш-чаралар,  кыз-келиндердин коомдогу орду, аял-эркектин гендердик укуктары, үй-бүлөдөгү зомбулуктун, жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери боюнча өткөрүлгөн.

Окуу курсунун аягында дин кызматкерлерине сертификаттар берилген.


Комментарий:

 Байыртадан мечит жана медреселер мусулман үммөтү үчүн эң бир кадырлуу жана ыйык жайлар болуп келген. Анткени, мечиттерде ибадат кылуу менен бир катарда мусулмандардын проблемалары чечилген. Айрыкча, социалдык маселелерди чечүү жараяны казыга кайрылуудан мурда мечиттерде жарыя кылынып,  чечим табуу жолун тандашкан.

Минбарда туруп имамдык кылган адамдар мусулмандардын камын өзүнүкүнөн жогору койгон таква адамдардан болушкан. Дал ушул нерсе минбардын акысы болуп эсептелет. Имамдар ибадаттардын толук болушуна, акыретти эске салуучу дуба-зикирлерге о.э. нафл амалдарга чакырышкан. Ошол имамдар ушул сыяктуу бардык солих амалдарга себепкер болушкан.

Бүгүнкү күндө мунун тескериси болууда. Илманий (светтик) мамлекеттин конституциясы боюнча дин мамлекеттен ажыратылган болсо да, өкмөт мусулмандардын ар кандай  диний маселелерине аралашууда. Башкача айтканда, дин мамлекетке аралашпаганы менен, мамлекет динге аралашууда.

Бүгүнкү күндө имамдык милдет диний маселелердин ордуна, куфр идеологиясы үчүн даъват майданы катары кызмат кылууда. Илманий өкмөт бул сыяктуу окуу курстары аркылуу өздөрүнүн каалоосуна туура келген муътадил (мээлүүн) Исламды окутат жана имамдар ушул пикирлер менен үммөттү башкарышат. Көңүл бурган болсоңуздар, окуу программасында Шариятка тиешелүү жери көрүнбөйт. Негизи дин кызматкерлери алгач элге диндин чыныгы маани-мазмунун жеткириши керек. Башкача айтканда,  ушул имамдар үммөттүн диний билимин жогорулатуудан жоопкер.

Куфр системасы дүйнө жүзүнө өкүмдар болгон соң, адегенде мусулмандардын ишенимине сокку бере баштады. Алгач бизди Куран жана сүннөткө жакындатуучу араб алфавитине сокку берди. Араб алфавитинин ордуна куфр сакафатына алып баруучу латын жана кирилица алфавитин киргизди.

Учурда бузук система бизди баскычма-баскыч өз динине тартууга аракеттенүүдө.  Негизи мусулмандардын урааны тавхид, ал эми конституциясы Шарият .

  Куфр системасы аалымдарыбыз жардамында диний баалуулуктарыбызга зыян жеткирүүдө.

Миңдеген мусулмандар аларды ээрчип, дин жаатында имамдардан өрнөк алууга умтулуп жашашат. Эми имамдар илманий өкмөттүн программасын турмушка колдонсо, эл аны адал деп кабыл алса, анда дин деген нерсенин изи калбайт.

Имамдарыбыз терең пикирлөөнү каалашпаса, кылып жаткан иштерин эсеп-китеп кылбай жатса, демек алардын жүрөгүн дүйнөнү жакшы көрүү – вахн ээлеп алыптыр. Вахнга баткан жүрөктөн хидаят нурун күтүү мүмкүн эмес . Аллахтын алдында андай илимдин пайдасы жок.  Башкача айтканда, дүйнө турмушун динден жогору койгон пенде эч качан жакшылыкка жетпейт.

Расулуллах (с.а.в): “Кимде-ким акырет ишин дүйнө үчүн кылса, ага акыретте насибе болбойт”, – деген (Ахмад риваяты)

Эй боордоштор эстен чыгарбайлы, катуу аракет кылсак пендени ыраазы кылышыбыз мүмкүн, бирок бул нерсе жакшылыкка алып барбайт. Анткени, Аллахка күнөөкөр боло турган иште пенделердин ыраазылыгын биринчи орунга койсок, анда Аллах бизди дал ошол фажир пенделеринин ыктыярына тапшырып коёт. Эгерде сабырдуулук менен Аллахтын ыраазылыгынан үмүттөнүп, фарзды коргоп,   Исламий жашоону алып келүүгө аракет кылсак, албетте Аллах  Шакур жана Магфират Ээси!

Мунаввара Азиз

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here