Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев коомчулукту дүрбөлөңгө салган кылмыш иштери боюнча билдирүү берди

294
0

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев коомчулукту дүрбөлөңгө салган кылмыш иштери боюнча билдирүү берди

Ички иштер министри Кашкар  Жунушалиев “Мадина” базарында иштеген Кытайдын уйгур улутундагы жараны Хуфур Абдурахеманды уурдап, өлтүрүп кеткен кылмыштуу топтун артында милициянын мурдагы кызматкерлери турганын тастыктады . Жунушалиев бул тууралуу “Акипресс” агенттигине курган маегинде билдирди. Милиция бул иш боюнча жети адамды кармаган.

Кыргызстан бийлиги өлкөнүн коопсуздук түзүмүн кылмыш дүйнөсү менен кызматташтыкта көзөмөлдөйт. Бул түзүм СССР доорунан калган система болуп, мамлекет абактарды кылмыштуу топтор жардамында башкарып келген. Бүгүнкү күндө бул нерсе мамлекеттин коомдук турмушунда да бийликтин кызыкчылыгына ылайык колдонула турган болуп калды. Кылмыштуу топтор мамлекеттин көзөмөлүндө болуп, алар бийлик же жетекчи топтун кызыкчылыгына иштейт. Мисалы, Россияда орган кызматкерлери менен бир катарда кылмыштуу топтор да мамлекеттин саясатына ылайык, белгилүү бир улуттагы (тажик, кыргыз, өзбек…) мигранттарга каршы белгилүү бир убакта же абалда ишке салынат. 

Кыргызстандын коопсуздук түзүмү да Россиядагы сыяктуу эле, бийликти жетекчи топтун колунда сактап калуу негизине курулган. Коопсуздук кызматтары бардык расмий жана расмий эмес тармактарды (диний, улуттук, социалдык…) ушул максаттарына пайдалануу үчүн аларды өз таасири астында кармап турууга аракет кылышат. Кыргыз бийлиги парламенттик шайлоонун алдында бардык күчүн топтоп, аларды башкарууну борборлоштуруп алмакчы болууда. Оппоненттерин жана оппозициялык күчтөрдү коркутуу максатында кылмыштуу топторду дагы кайрадан ишке сала баштады.

Кармалган адамдардын бири мурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жарандарга карата кылмыштуу иштерди кылган милиция кызматкери. Орган кызматкерлери кызматта турган учурунда кылмыштуу топтор менен биргеликте иш кылып, натыйжада алар менен жакындашып, биригип кетишет. Алар буга чейин кылмыштарын милиция кызматкери катары ишке ашырып келген болсо, эми иштен кеткен соң, ошол эле иштерин кылмышкер катары улантып жатышат.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here