Кыргызстан Кытайга карыз алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди

451
0

Кыргызстан Кытайга карыз алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан Кытайга карыз алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Өлкөнүн Кытайга карызы ички дүң өндүрүмүнүн 30%нан өтүп кеткен. Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнөн 20-орунда Тажикстан, 23-орунда Түркмөнстан, 40-орунда Өзбекстан турат. Бул тууралуу “Eurasinet” басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Кытай берген карыздын дээрлик жарымы Бээжиндин бухгалтериясы аркылуу көмүскө ишке ашат. 2016-жылдан бери бул көмүскө карыздын суммасы 200 миллиард долларга жеткен. Бул каражат “өнүгүп келаткан” 152 өлкөгө 1 974 жолу карызга, 2 947 ирет кредит катары берилген. Бирок, карыз алган тарап Кытайдан кандай шартта, кантип каражат которулуп жатканын толук биле бербейт. Маселен, Кыргызстанга жол салуу үчүн Кытай өкмөтү карызды мамлекеттик “Эксимбанкынан” Кыргызстанга эмес, түз эле өзүнүн жол куруучу компанияларынын эсебине которот.

Кытай өтмүштө Орто Азияны жибеги менен муунтуп келсе, бүгүнкү күндө карыздары менен чынжырлап жатат. Берилген ар бир карыз бул өлкөлөрдүн кен байлык же стратегиялык мекемелерин ээлеп алууга каратылган. Бүгүнкү күнгө келип мушрик өкмөт Шинжаңда колдонгон тажрыйбасын Борбор Азияга да алып кирүү аракетин баштады. Кыргызстанда “коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырган болсо, Өзбекстанга “акылдуу камераларды” орнотууга 1 миллиард доллар бере турган болду. Бул тажрыйбасын Казакстанда да ишке ашырууга киришүүдө. Эгерде Кытайдын аракети ушул нукта улана берсе, жакынкы келечекте Борбор Азия мусулмандары жөнүндөгү бардык маалымат жана далилдерди Кытайдын атайын кызматтары көзөмөлдөй баштайт. О.э. кийинчерээк бул далилдерди өзүбүзгө каршы пайдаланып, курулушу мүмкүн болгон “саясий лагерлерге” камалуучу мусулмандарды терип ала баштайт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here