Эй мусулмандар! «Ефрат калканы», «Зайтун бутагы» жана «Тынчтык булагы» амалияттары Сирия режимин тирилтүүгө багытталган кадамдар!

462
0

Эй мусулмандар! «Ефрат калканы», «Зайтун бутагы» жана «Тынчтык булагы» амалияттары Сирия режимин тирилтүүгө багытталган кадамдар!

Эрдаган жасаган жана жасап жаткан бардык кылмыштар Американын каалоосун ишке ашыруу үчүн болууда. Себеби, Сирия режимине, анын артында турган Америкага о.э. Шам борборуна сүлүктөй жабышкан илманий режимди бекемдөө планын ишке ашырууда Америкага жардам берип жаткан Россия, Иран жана Түркия сыяктуу мамлекеттерге, бул планда Эрдаган менен тил бириктирген топторго карата адамдардын каршылыгы күчөп, Америка эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү күчтөрдүн ыплас колдору менен Сириядагы илманий режимди бекемдөөнү көздөп жатат. Биз 2016-жылы 7-декабрда Эрдаган бизди Шам тогутунан куткарат деп, анын «Ефрат калканы» жана «Зайтун бутагы» амалияттарына алданган кишилердин көзүнөн парданы алып сала турган темада баракча чыгарган элек. Баракчада мындай делген: «… Андан тышкары, Эрдаган «Ефрат калканы» амалиятын улантышы жана Түркияга садык согушкер топтордун дагы да көбүрөгүн Жараблустан кийин Баб согушуна тартуусу – Халабдагы чыныгы фронтту т.а. шаар курчоосун кыйратууга, шаарга жардам көрсөтүүгө таянган фронтту күчсүздөнтүүгө каратылган…». Ушундай таризде Халаб колдон чыкты!

Түпкүлүгүндө, бул согушкер топтор эс-акылына келиши керек эле. Бирок, алар Эрдаганга дагы алданып, «Зайтун бутагы» амалиятына катышып, аны менен бирге болушту! Ошондо, биз 2018-жылы 24-январдагы суроо-жообдо: «… Ошентип, Эрдаган Сирия режиминин Халабга киришин жеңилдетүү үчүн «Ефрат калканы» маселесин дагы кайталоодо. Ошондуктан, ал режимдин Идлибге киришин жеңилдетүү үчүн «Зайтун бутагы» амалиятын ойлоп тапты», – дегенбиз. Кийин 2018-жылы 29-июлдагы суроо-жообдо мындай дегенбиз: «Экинчи фронт: бул фронтко Түркия жетекчилик кылды. Түркия мурун, 2016-жылы 24-августта Халаб түндүгүндө «Ефрат калканы» амалиятында Сирия режиминин Халаб шаарына киришине ыңгайлуулук жаратып берген болсо, кийин ушул жылы 20-январда «Зайтун бутагы» амалияты аркылуу Идлиб шаарына киришине жардам берди. Т.а. ошол топтор Түркиянын буйругу менен режимге каршы согуштарын токтотушуп, Даръа жана Гуснда бири-бирине каршы согушка киришти… Акыбетте, Халаб менен Идлибдин түштүгү колдон чыкты же ушуга жакын калды». Мына, бүгүн да ушул согушкер топтор «Тынчтык булагы» амалиятына ээрчип үчүнчү ирет алданып жатышат! Себеби, бул чабуул Трамптын буйругу жана «жашыл чырагы» менен режимди тирилтип, жеңиштерин бекемдеп жатат: «Түркиядагы жазуучу жана саясий талдоочу Жавад Гок: «Американын «жашыл чырагысыз» Түркия Ефраттын чыгышында аракет кылышы мүмкүн эмес», – деди». («Теммуз нет», 2019-жыл, 6-октябрь). Ак үй мындай билдирүү берди: «Түркия Сириянын түндүгүндө аскерий амалият баштоого даярданып жатат, АКШ күчтөрү ал жерден чыгып кетет. Бул АКШ президенти Трамптын түрк кесиптеши Эрдаган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин ишке ашууда». («CNN арабий», 2019-жыл, 7-октябрь). О.э. бул Американын буйругуна жана макулдугуна ылайык жүзөгө чыгарылды: «Бүгүн, шейшемби күнү Ак үй басма сөз катчысы Түркия президенти Режеб Таййиб Эрдаган 13-ноябрда АКШга сапар кылары күтүлүп жатканын маалымдады». («Машхад арабий», 2019-жыл, 8-октябрь).

Трамптын санкцияларды колдонуу жөнүндөгү билдирүүлөрүнө жана коркутууларына келсек, «АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Түркияга санкцияларды колдонуп, андан Сириянын түндүгүндө аскерий агрессияны токтотууну талап кылды». («Рейтер», 2019-жыл, 15-октябрь). Бул сыяктуу билдирүүлөр адамдарды адаштырууга жана чалгытууга каратылган. Антпесе, эмнеге Трамп ага «жашыл чырак» жагып берип, Эрдаган амалиятты улантып жатат, эмнеге мунун артынан Трамп санкциялар менен коркутуп, амалиятты токтотууну талап кылып жатат?! Демек, бул – Трамп тарабынан Эрдаганга берилген буйрук аягына жетсе гана токтойт! Санкциялар болсо, бир спектаклден башка нерсе эмес! Ошентип, Эрдаган бул «Тынчтык булагын» Американын буйругуна ылайык алып барууда жана ага уруксат берилген чекке жеткенден кийин аны токтотот, Эрдаган бирер нерсеге ээ болобу же жокпу, мунун мааниси жок. Маанилүүсү, Америка планын аткарса болгону. Ал эми, Американын планы – Сирия режимин ал көзөмөлдөгөн аймактарга эл аралык жана регионалдык жактан тан алынган бийлик катары киргизүү! Жарыяланып жаткан билдирүүлөр муну жаркын ачык-айкын көрсөтүп турат: шейшемби күнү эл аралык коалиция «Сириянын түндүгүндөгү Манбиж шаарынан өз күчтөрүн алып чыгарын баса белгиледи. Бул жөнүндө коалицияга караштуу «Бекем чечим» амалиятынын басма сөз катчысы Майлз Б. Каггинс Твиттерде маалымдады». («Арабий 21», 2019-жыл, 15-октябрь).

«Сирия бийлигинин армиясы Манбиж жана анын айланасындагы региондорду толук көзөмөлгө алды», – деп айтылат Россия коргоо министрлигинин билдирүүсүндө. («Франс 24», «Франс Пресс», 2019-жыл, 15-октябрь). Эрдаган Сирия армиясынын Манбижге киришин жаман эмес, жакшы нерсе деп баалады! «О.э. Эрдаган Сирия армиясынын Манбижге киршин жаман эмес, жакшы деп баалады». («Арабийя», 2019-жыл, 16-октябрь). АКШ вице-президенти «жакында делегацияны жетектеп Түркияга сапар кыларын, АКШ президенти түркиялык кесиптеши Эрдаган менен сүйлөшүп, андан Түркиянын Сириядагы агрессиясына тезинен чекит коюуну талап кылганын» маалымдады. («Год», 2019-жыл, 15-октябрь). Түркияда чыккан «Жумхурият» гезити Түркия коргоо министри Акардын: «Анкара Сирия режими менен алака орнотуу жолдорун талкуулоодо», – деген билдирүүсүн ачыктады. («Арабий 21», 2019-жыл, 15-октябрь). Москва баса белгилешинче, «Түркия Сириянын түндүгүндө аскерий амалият башташы артынан Дамаск менен Анкара өкмөттөрү үзгүлтүксүз сүйлөшүүлөрдү алып барышууда. («Петра Аммун» агенттиги, 2019-жыл, 15-октябрь). Ушундай таризде «Тычтык булагы» амалияты Сирия режимине жаңы-жаңы жеңиштерди тартуулап, бийлигин бекемдөөдө, аны менен сүйлөшүү өткөрүүгө чөйрө жаратууда. Ушул каргаша чабуулдар жасалбаганда, булардын баары ишке ашмак эмес!

Бул нерселерден Сирия калкы берип жаткан курбандыктар, дайра болуп төгүлүп кандары, тебеленип жаткан намыстары, малайлар жана куурчактардын… кылмыштары көрүнүүдө… Мындай аянычтуу иштер ушул кылмышкерлер үчүн арзыбас жана маанисиз нерсе. Себеби, алар үчүн Америка жана анын пландары маанилүү! Аларга Аллахтын наалаты болсун, кандай гана адашууда!!! Алар бул ыфлас кылмыштары аркылуу Шам калкын колонизатор кафирлердин малайы болгон тогуттардын кучагына кайра киргизип беребиз деп ойлошууда. Бирок, бул ой-кыял гана. Аллахтын уруксаты менен, алардын ниеттери таш каап, эч нерсеге жетише алышпайт. Кеп ушунда, козголгон Шам калкынын «Аллах үчүн, Аллах үчүн» деген ураандары хак болуп, албетте уланат… Кыйынчылыктар аларга үстөм келе албайт, тескерисинче, күчтөрүнө күч тартуулайт, Аллахтын уруксаты менен, сиратул мустакимде бекем болуп, тигил залим итааткөйлөргө моюн сунуп жаткан коркоктор сыяктуу олтуруп алышпайт. Жок, алар чыныгы эл кишилер болуп, кыйынчылыкта да, жеңилдикте да Аллах алар менен бирге экенин билишет… Алар тогуттарды өзгөртүп, Аллахтын рошид Халифалык өкүмүн тикелөөсү үчүн аларга күч берген кубат бар, ал – Аллах Субханахунун Китеби, Расулу ﷺдын жана сахабаларынын сийраты. Дүйнө тар болгон сайын, сийрат ар бир тардыктан кийин шексиз кеңдик болорун эске салып турат, Америка жана анын малайлары жеңиш биз тарапта дешкен сайын, кырдаал алар ойлогондой оңой эместигин түшүнүп жетишүүдө, түшүнүп жетишкен сайын иштери артына кетип жатат, тескери, карама-каршы билдирүүлөрдү беришүүдө! Ким абалдын агымы жөнүндө пикирлеп көрсө, мында ажайып сабак бар экенине күбө болот. Мисалы, Сирияда эл аралык күрөш дээрлик жок. Регионалдык жана жергиликтүү күрөш да жок. Себеби, Америка Сирияда бардык нерсеге өкүмдар. Бирок, Америка Сириядагы башкаруу көрүнүшүн белгилей албады, он жылдан бери таасирин орнотуп, күчтөрүн жана малайларын сапарбар кыла албады, али да ушундай! Мына ушуларды пикирлеп көргөн киши ушуну түшүнүп жетет: батыл – бир аздан кийин болсо да – жеңилет, ал тургай, бир ирет тогуттар жеңсе да, кийинки ирет албетте жеңилүүгө уурашууда, себеби, күндөр адамдар ортосунда айланып-өзгөрүп турат.

Корутундулап айтканда, Хизб-ут-Тахрир силерге чын дилден кайрылууда. Ал силерге жакпаган нерсени жаман көрүүчү жана силерди кубанта турган нерсеге кубануучу жүрөктөрү менен, силерге туура жолду насаат кылып, ага жолдоп кайрылууда. Андыктан, согушкер топтордогу жана башка жерлердеги перзенттериңер Эрдаганга жана андан башкаларына алданып калуусуна жол бербегиле. Акыйкат нурданып, ар бир көзү ачык адамга ачык-айкын көрүнүп турат. Ушул себептен улам, тогут режимдерди өзгөртүү үчүн калыстык менен кылып жаткан аракетиңерди уланткыла, биз Силер менен, силердин алдыңкы сабыңардабыз. Ишенгиле, Аллах салих пенделерине бир аз убактан кийин болсо да, шексиз нусрат берет.

﴿إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ﴾

«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтиргендерге бул дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр тура турган күндө да жардам беребиз»                                                    [40:51]

Демек, нусрат жалаң гана пайгамбарларга эмес, ал ыйман келтиргендерге дагы берилет. О.э. нусрат Акыретте гана эмес, ушул дүйнөнүн өзүндө, күбөлөр тура турган күндө да берилет.

﴿إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْراً﴾

«Аллах Өзү ишине жетүүчү. Чындыгында, Аллах бардык нерсе үчүн өлчөө белгилеп койгон»                                                                                                                                       [65:3]

Хизб-ут-Тахрир                                                                                            17-сафар, 1441-х.

                                                                                                                 16-октябрь, 2019-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here