Өзбекстанда салттуу Ислам өнөктүгү күч алды

242
0

Өзбекстанда салттуу Ислам өнөктүгү күч алды

Өзбекстандын аэропортторунда хижаб кийген кыз-келиндерди текшерүү күч алды. Мындай өнөктүк президенттик администрацияда аялдардын хижаб кийүүсүнө, эркектердин сакал коюусуна каршы жашыруун токтом кабыл алынгандан кийин башталган. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабар таркатты.

Маалыматка ылайык, аэропортто паспорт текшерүү кызматкерлери хижаб кийген кыз-келиндерден жоолугун чечүүнү талап кылышып, сүрөткө тартышууда. Өнөктүктүн максаты жалпы өлкө боюнча, хижаб кийген жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыз-келиндердин тизмесин түзүү экени кабарланган.                                                                                  Буга чейин Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев жыйын учурунда хижаб кийген аялдар менен сакал койгон эркектерди сөгүп сүйлөгөнү, бул үчүн кол астындагы кызматкерлерге орой мамиле кылганы интернетке тараган. Көп өтпөй Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жыйындардын биринде, аялдар жоолукту мойнунун артына өткөрүп салынышы салтка туура келерин жарыялап, ушундай кийинген аялдардын бирин элдин көзүнчө мактаган.

Мындан белгилүү болгондой, Мирзиеев Каримовдун салтын улай, өлкөдөгү Ислам баалуулуктарына каршы күрөштү токтоткон жок. Болгон айырмасы, Каримов Исламга карата душмандыгын ачык жүргүзгөн. Ал эми учурдагы президент Исламга болгон душмандыгын жашыруун түрдө, тагыраагы, “салттуу Исламга” жамынуу менен жүргүзүп жатат. “Салттуу ислам” дегени кээ бир шаръий өкүмдөрдү калк арасында салт катары калыптандыруу. Мисалы СССР доорунда, нике, жаназа сыяктуу айрым өкүмдөр гана аткарылып, “авратты жаппаган жоолук же көйнөк кийүү” сыяктуу салттык адаттар менен бир катарда калган.             Бүгүнкү күндө Өзбекстан бийлиги мына ушул көрүнүштү, тагыраагы шарият өкүмдөрү чектелген “салттуу Исламды” карманууну алга сүрөп жатат. Бул максатын ишке ашырууда Ислам баалуулуктары жана аны көтөргөн мусулман аял-эркектер бутага алынууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here