Фалестин режимин жана анын жетекчилерин алкыштагандар караңгылыктын чыгуусунун жана уйкудан ойгонуусунун убагы келбедиби?!

338
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин режимин жана анын жетекчилерин алкыштагандар караңгылыктын чыгуусунун жана уйкудан ойгонуусунун убагы келбедиби?!

Фалестин режиминин президенти Махмуд Аббас яхудий вужудундагы «кесиптеши» Реувен Ривлин менен телефон аркылуу байланышып, аны Рош ха-Шана (яхудийлердин жаңы жыл майрамы) менен куттуктады. Эки президент мүмкүн болушунча тез арада тынчтыкка жетишүүгө үмүт билдиришти. Яхудий вужудунун президенти Аббас ага телефон чалып, майрам менен куттуктаганы үчүн ыраазычылык билдирди. О.э. Бириккен Араб Амирликтеринин тышкы иштер министри Абдуллах ибн Заид да яхудий вужудунун президентин ушул таризде куттуктады.

Бул кылмышка карата Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз сайтында басма сөз баянатын жарыялап, мындай деди:

«Аббас бакынчылардын жетекчилери менен достук жана ага-инилик мамилесин алып барууда, аларга баскынчы душман деп мамиле кылбай жатат. Ушул таризде яхудийлердин шаттык жана кайгы күндөрүн калтырбай, ар дайым аларга тилектештик билдирип келүүдө.

Яхудий вужуду Акса мечитине бастырып кирип жатканына, Халилдеги Ибрахимий мечитин жаап салганына, Батыш Жээкте шаар жана айылдарды жаап, айланага тосмолорду орнотуп, ал жердеги адамдарга басым кылып жатканына карабастан, аларды жаңы жыл майрамы менен куттуктоо режимдин бир катар кыянаттарына кошулган кезектеги кыянат болуп эсептелет. Кыянаттык кылуудан чарчабаган бул режимдин кезектеги бул кыянатын кордук десе болот. Жакында АКШ администрация менен яхудий вужуду бул режимди «жаакка тартканына» карабастан, яхудий вужуду тарабынан мубарек жердин 80%ы ээлеп алынышын мыйзамдуу деп моюнга алууда… Бул вужуддун президентин жана майрамын тан алып, ага куттуктоо телеграммаларын жиберүүнү улантууда! Башка малай режимдерге келсек, алар да яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу үчүн ар кандай ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү калтырбай пайдаланып келишүүдө. Аларды максаты – АКШны ыраазы кылуу, анын яхудий вужудун регион мамлекеттерине табигый вужуд катары кошуу планына ылайык аракет кылуу. Бул болсо, мусулмандарга тезинен өз өлкөлөрүндөгү малай режимдерди кулатууга жана Фалестинди азат кылууга аракет кылууну талап кылууда». Билдирүүнү соңунда мындай делет:

«Фалестин режимин жана анын жетекчилерин алкыштап жаткандар караңгылыктан чыгуусу жана уйкудан ойгонуусу керек. Себеби, алар көрүп турушкандай, режим жана анын жетекчилери Фалестин маселесине да, Фалестина калкынын баскынчыларды кыйратып, мубарек Фалестин жеринен кууп чыгаруу каалоосуна да бүтүндөй тиешеси жок.

Роя гезити, №255, 2019-жыл, 7-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here