ТҮРКИЯ КАНКОР АСАД РЕЖИМИ АЙМАКТАРДЫ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫШЫНА ШАРТ ЖАРАТУУДА

349
0

Түркия канкор Асад режими аймактарды көзөмөлгө алышына шарт жаратууда

Түркия режими күрт отряддарына каршы Сирияда баштаган аскерий амалиятка мына бир апта болду. «Тынчтык булагы» деп аталган бул амалият Сириядагы күрт жетекчилерин Асад режими менен келишүүгө барууга аргасыз кылды. Ошентип, орустардын ортомчулугу аркылуу күрттөр менен Асад режими ортосунда келишим түзүлүп, Асад режими күрттөр көзөмөлдөгөн аймактарга кире баштады. Асад күчтөрү эч бир каршылыксыз Манбиж жана Кобани, Табке, Айн-Асса шаарларын ээледи, ошондой эле, Ракка шаарына (ИШИМдин расмий эмес борборуна) киришти.

Асад режими Сирияда эң акыркы азат регион эсептелген Идлибге батыш тарабынан чабуул кылып жаткан, эми, минтип Манбиж жана Кобани шаарларын ээлөө аркылуу Идлибдин чыгышын да көзөмөлдөп, Идлибди катуу курчоого алууда.

Сирияда 2011-жылы башталган козголоңдун жараянына назар салсак, ар сапар Түркия режими аскерий амалият менен аралашканда козголоңчулар өз аймактарын колдон чыгарышканын көрөбүз. Мисалы, Түркиянын «Ефрат калканы» амалиятынын акыбетинде Асад режими Алеппону басып алды. Себеби, Түркиянын акчасына, колдоосуна алданган отряддар – Түркиянын чакырыгы менен «Ефрат калканы» амалиятына катышуу үчүн – Алепподон чыгып кетишти, натыйжада, Алеппонун коргонуу кубаты алсыздап, Асад режими шаарды ээледи. Мындай айла-амалдуу план жакшы натыйжа бергендиктен (Асад режимин бекемдегендиктен) Түркия бул ыплас планды Сирияда улантып келүүдө.

Ошентип, Түркиянын «Тынчтык булагы» амалияты аркасынан Асад режими мурун көзөмөлгө ала албаган аймактарга бир ок атпастан кирип келүүдө. Эртең Түркия «Тынчтык булагы» амалияты аркылуу ээлген аймактарды Асад режимине өткөрүп бере турган болсо, анын таң каларлык жайы жок. Себеби, Түрк режими Сирия аймагынын бүтүндүгүн урматташын бир нече жолу айткан. Эрдоган бул тууралуу мындай деди: «Түркия Сирия территорияларын талашпайт». («Анадолу», 16.10.19). Ал эми, Түркия коргоо министри Хулуси Акар бул билдирүүнү берди: «Эрдоган жетектеген Адилет жана Өнүгүү партиясы Дамаск менен алкаларды кайрадан жандантууга умтулат». («Le Monde», 16.10.19).

Жыйынтыктап айтканда, Эрдоган «Тынчтык булагы» амалияты аркылуу канкор Асад режимине жардам берип, ал көзөмөлдөгөн аймактарды кеңейтүүгө шарт жаратууда. Себеби, бүгүн Сирия режиминин кожоюну – АКШ. Ал өз малайы Башар Асаддын бийлигин сактап калуу үчүн Түркия, Иран жана Россияны Сириядагы жараянга тартты. АКШ малайлары болгон Түркия менен Иран анын буйругу менен Сирияга кирген болсо, Россия кандайдыр бир пайда көрүү үчүн Сирияда АКШнын көрсөтмөлөрүн аткарып жатат.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here