Талибан кыймылына: кылмышкер АКШ менен сүйлөшүү – бул дүйнө жана акыреттеги анык кыйроо

309
0

Талибан кыймылына: кылмышкер АКШ менен сүйлөшүү бул дүйнө жана акыреттеги анык кыйроо

«Франс 24» сайты хижрий 1441-жылы, 11-мухаррам, миладий 2019-жылы 10-сентябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Талибан кыймылы Афганистанда АКШ күчтөрүнө каршы согушту улантуу менен коркутту. Бул коркутуу Дональд Трамп козголоңчулар менен сүйлөшүү алып баруу ийгиликсиздикке учураганын маалымдашы жана Талибан өз мойнуна алган Кабул чабуулунан кийин аны «өлүк сүйлөшүү» деп аташы артынан айтылды. Белгилүү болгондой, он сегиз жылган бери бул өлкөдө турган америкалык күчтөрдү алып чыгуу максатында Вашингтон болжол менен бир жылдан бери Афганистандагы козголоңчу кыймыл менен сүйлөшүү алып барууга киришкен. Трамп Вашингтон жанындагы Кэмп-Дэвид президенттик сарайда Талибан жетекчилери менен сүйшөлүү алып барылган жашыруун планды бекер кылды».

Роя гезити:

Америка – баскынчы мамлекет. Ал 2001-жылы Афганистанды басып алды, дагы эле басып алып турат. Бул өлкөнү баскынчылыктан азат кылуунун бир гана жолу бар, ал да болсо, жихад. Сүйлөшүү болсо, эч бир жерди азат кылбайт, эч бир душманды кууп чыгарбайт. Шерменде жана Аллах Субханаху ва Тааланын шариятына тескери шарттар менен гана душман чыгып кетиши мүмкүн. Биздин Талибан кыймылындагы ага-инилерибизге айтоор сөзүбүз: силер Америкага каршы он сегиз жылдан бери согуштуңар. Аллах Таала айтат:

﴿إِنْ تَكُونُوا تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمُونَ وَتَرْجُونَ مِنْ اللَّهِ مَا لاَ يَرْجُونَ﴾

«Эгер, кыйналып жаткан болсоңор, алар да, силер кыйналгандай кыйналышууда, силер Аллах тарабынан алар үмүт кылбаган нерсени үмүт кылып жатасыңар го?!»          [4:104]

Ошондуктан, америкалыктар өз күчтөрүн алып чыгууга урунуп жатышат. Бирок, Америка жеңилген жана шерменде абалда чыгууну каалабай жатат. Балким, жеңилүүнү жеңишке, алсыздыкты кубатка айлантмакчы. Демек, америкалыктардын мындай аракетине мүмкүнчүлүк бербегиле. Унутпагыла, Америка киришкен согушта эч качан жеңген эмес, Экинчи дүйнөлүк согушта гана жеңишке жетишкен. Экичи дүйнөлүк согуштан кийинки бардык согуштарда жеңилди… Мисалы, Вьетнам, Корея, Афганистан, Ирак, Сирия, Яман, Ливия…. Эгер, тигил саткын акимдер болбогондо, алар Америкага жардам беришпегенде, бул жеңилүүлөрү ачык-айкын көрүнмөк. Бирок, ал диалог өткөрүп жана айла-амал кылып, согуштагы жеңилүүсүн саясий күрөштөгү ийгилиги менен жашырууга урунуп жатат. Ошондуктан, аны менен сүйлөшүүгө отурбагыла, антпесе, жеңилесиңер, ал жеңишке жетет жана силерден он сегиз жыл мурда ала албаган нерсени сүйлөшүүлөр аркылуу колго алат.

Роя гезити, №253, 2019-жыл, 25-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here