Баатыр эненин бүгүнкү абалы

639
0

Баатыр эненин бүгүнкү абалы

Кечээ күнү «Sputnik Кыргызстан»  сайтында 26 жаштагы көп балалуу эне Наргиза Майрамбек  кызы тууралуу макала жарыяланды.  

  Анда Наргизанын жашоо шарты менен таанышып келген Спутник сайтынын кабарчысы жаш үй-бүлө Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштардын биринде батирде турушун о.э. жашоо-шарты аябай оор экендигин сүрөттөгөн.

Кабарда келишинче, аталган үй-бүлөнүн улуу баласы сегиз жашта. Экинчиси эгиз кыздар беш жашта. Андан кийинки эгиздер төрт жашта. Ал эми кичинекейлердин төрөлгөнүнө бир ай болгон. Экөө тең эркек.

“Батирден батирге көчүп конуп жүрөбүз. Азыр көп балаң болсо, оңой менен батирге да киргизбейт. Дароо эле “канча балаңыз бар?” деп сурашат», – деген Наргиза буга чейин эки жолу эгиз төрөгөндө президентке кат жазгандыгын, андан «Жерге документ топтогула» деген жооп келгендигин айткан. Андан кийин Ленин райондук админстрациясына барса «кезекке тургандар көп, силерге кезек келбейт» деп коюшкандыгын кошумчалаган.

Комментарий:

Куфр мамлекеттери калктын санын көбөйтүү максатында карапайым калкты материалдык жактан колдоого алышат.  Айрыкча, Европада балалуу болгон аялга, өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөргө олуттуу көңүл бурулат. Ал эми Орто Азия мамлекеттеринде болсо тескерисинче, көп балалуу болууга каршы атайын мыйзамдар киргизилген. Тажикстан көп балалуу болууну чектеп койгон болсо, өзбек бийлиги биринчи баласын төрөгөн аялга ошол төрөтканада эле кош бойлуулуктун алдын алуучу каражаттарды колдонууда. Же атайылап кесерово жолу менен төрөтүп, ушул аркылуу жаш энени 5 жылга чейин төрөбөс кылып коюуда. Биз мусулмандардын бир адилеттүү Халифабыз жоктугу себептүү,  куфр системасынын өкүлдөрү мусулман үй-бүлөдөгү ар кандай майда-чүйдө иштерге чейин киришип, акысы болбогон маселелерге да аралашып, үй-бүлө бекемдигине доо кетирип жатат. Туура, кээ-кээде расмий түрдө көп балалуу энелерге атайын сыйлыктар берилет,  материалдык колдоо көрсөтүлөт. А бирок көңүл бурган болсоңуздар, ошол энелер негизинен балдары чоңоюп калган аялдар экендигин көрөсүздөр.  Ал эми Үммөттүн келечеги болгон жогорудагы сыяктуу наристелер муктаждыкта күн кечирүүдө.  Бүгүнкү күндө Наргизага окшогондор миңдеп саналат.

 Тарыхка көз чаптырсак,  аялдар Набий (с.а.в.)дын алдына кирип көйгөйлөрүн айтышкан. Расулуллах (с.а.в.) жесир аялга жардам берүүдөн, алсыздарга колдоо көрсөтүүдөн уялган эмес, ал зат(с.а.в.) Аллахтан таква кылган абалда Үммөттүн камында жүргөн. Халифалар ички социалдык же тышкы мамиле, же болбосо соода-сатык, тууганчылык сыяктуу бардык маселелер үчүн убакыт таап, көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылышкан. Ал эми бүгүнкү күндөгү абалыбызды карагылачы, кандай гана аянычтуу. Жогорудагы келин айласыздан президентке эки жолу кат жолдоп, жообун ала албаптыр. Негизи, мамлекеттин келечеги ушул наристелер эмеспи?

 Умар ( р.а.) менен кары кемпирдин окуясы эсиңиздеби: “Мен  бул кемпирден жоопкермин,  Кыямат күнүндө Аллахтын алдында жооп беришим бар..” – деген Умарга окшогон жетекчиге аябай муктажбыз.  Эгерде бүгүнкү өлкө башчылары Кыямат күнү тууралуу бир аз болсо да пикирлегенде, анда тынчтыгы жоголуп, муктаждардын абалына кайдыгер карамак эмес. Дүйнө жүзүн зулматтан Ислам гана куткарат, мындан башка жол жок. Дүйнөдөгү бардык адамзат Шариятка муктаж. Азиздик бир гана Исламда. Аллах Таала Расулун баарыбызга өрнөк кылып жөнөткөн.

 Бир күнү Расулуллах (с.а.в.)дын алдына бир карыган кемпир келип,  абалын айтып арызданды. Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.в.) : “Эй энеке, кандай муктаждыгыңыз бар? Мен сиздин көйгөйүңүздү чечүү үчүн Мадинанын кайсы көчөсү менен барышымды каалайсыз?” – деген.

Мунаввара Азиз

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here