ИРАКТАГЫ НААРАЗЫЛЫКТАР. САЯСИЙ ЖАНА АСКЕРИЙ АБАЛ, КОРРУПЦИЯ, КОЛОНИАЛИЗМ

453
0

Ирактагы нааразылыктар. саясий жана аскерий абал, коррупция, колониализм

Иракта акыркы күндөрдө башталган нааразылыктар улам күчөп бара жатат. Маалыматтарга ылайык, 100гө жакын адам набыт болуп, 2000ден ашууну жаракат алышкан. Нааразылыктар бир гана борборду камтып албастан, бир канча вилаяттарга жайылды. Көчөгө чыккан адамдар турмуш шартын жакшыртууну, социалдык тармактагы маселелерди чечүүнү, коррупцияга каршы күрөшүүнү талап кылууда. Өлкө премьер-министри Абдил Махди нааразылыкка чыккан демонстранттарды диалогго чакырды. БУУнун Ирактагы өкүлү бул демилгени колдоп, ар кандай зомбулуктан алыс болууга үндөдү.

Иракка көз чаптырсак, ирактыктар өлкөдөгү саясий жана аскерий абалдын, коррупциянын, колониализмдин туткуну болуп азап тартып жатканына күбө болобуз.

Саясий абал.

Учурдагы парламент 2018-жылы май айында өткөрүлгөн шайлоолордон кийин түзүлгөн. Ал шайлоолордо Муктада ас-Садрдын «Саирун» блогу эң көп добуш алып, парламенттин 54 мандатын ээлеген. Ошондуктан, «Саирун» блогу башка фракциялар менен коалиция куруп, өкмөттү түзүү менен шугулданды. Бийликке шилекейи аккан партиялардын жана бийликти бөлүшкүсү келбеген – бөлүшсө да чоң үлүшкө ээ болууну самаган – «Саирун» блогунун аракеттеринен улам, коалиция түзүп, премьер-министрди дайындоо аракети узарып кетти. 2018-жылдын сентябрь айында гана Муктада ас-Садр «Фатх» коалициясы менен келишим түзгөнүн жарыялады. Кийин, Муктада ас-Садр менен «Фатх» коалициясынын лидери Хади ал-Амири премьерликке бир талапкерди көрсөтүштү, ошентип, Абдил Махди премьер-министр болду. Премьер дайындалганы менен өкмөттү түзүү, айрыкча, коргоо, ички иштер жана адилет министрлерин дайындоо аракети созулду. Араңдан 2019-жылдын июнь айына келип (премьер дайындалгандан бир жылдан ашуун убакыт өткөн соң) гана өкмөттүн курамы бекитилди, ал да толук болгон жок. Мына ушундайча, парламент мүчөлөрү (көпчүлүк добуш) премьерликке жана министрлиикке сунушталган талапкерлерди четке кагып, бирине жакса, бирине жакпай (кызыкчылыктарына туура келбей), премьерди, андан кийин министрлерди дайындоо иши абдан созулду. Башкача айтканда, Ирак 2018-жылдагы парламенттик шайлоолордон тартып, дээрлик бүгүнкү күнгө чейин саясий кризиске кептелип келе жатат десе болот. Парламентте өкмөттүн ишине бут тосууга кудуреттүү жана бут тосуп келе жаткан коалициялар бар. Мисалы, Хайдар ал-Абади жетектеген «Наср» коалициясы 42 мандатка ээ (парламентте 3-орун), ал эми, Нури ал-Маликинин «Мыйзамдуу мамлекет» коалициясы 26 мандатты колго алган (4-орун). Экөөсү тең экс-премьерлер жана бийлик үчүн күрөшүп келишет. Ушинтип өз кызыкчылыгын гана ойлогон саясатчылардын жана партиялардын атаандаштыгы, күрөшү күчөп, элге кам көрүү, муктаждыктарын камсыздоо деген нерселер таптакыр четте калды, эл унутулду.

Аскерий абал.

«Араб жазы» учурунда ИШИМ пайда болду. Жана ИШИМ «коркунучуна» каршы туруу үчүн 2014-жылы Иракта «элдик кошуундар» түзүлдү. Ири коалициялардын, партиялардын, кыймылдардын дээрлик баарынын бул сыяктуу аскерий отряддары бар. Эки жыл ичинде бул отряддардын аскерий мүмкүнчүлүктөрү туруктуу армиянын мүмкүнчүлүктөрүнө жетип барды. Алардын колунда жөнөкөй куралдардан тартып, танк, замбирек сыяктуу куралдар бар. Бул отряддар кудум каракчылар сыяктуу өзүлөрүнүн гана башчыларына моюн сунушат, каалаган адамды өлтүрөт, талап-тонойт, аларды көзөмөлдөгөн же жоопко тарткан жан жок. Жада калса, алар талаш жаралган учурларда мамлекеттин күч органдарына да чабуул кылышат. Мындай учурлар бир эмес, көп белгиленген. Премьер-министр Абдил Махди бул «элдик кошуундарды» армиянын курамына кошууга токтом кылган. Ушул токтомго ылайык, бул кошуундардын жоопкерчилиги да, милдети да армия менен бирдей болот. «Элдик кошуун» деп аталган бул отряддардын (партиялардын, кыймылдардын) башчылары дароо эле бул демилгени четке сүрүштү, жада калса, аскерий кагылышуудан эскертишти. Ал эми, Абдил Махдини премьерликке алып келген Муктада ас-Садр оболу бул демилгени колдоп, өзүнүн «Тынчтык ротасы» деп аталган кошуунун жоюуга даяр экенин билдирген болсо, кийинчерээк бул чечиминен баш тартты. Учурда, бул маселеде өкмөт менен «элдик кошуундар» ортосунда чыңалуу пайда болду.

Коррупция.

Иракта жемкорлук абдан гүлдөп өнүккөн, ал мамлекетти мите курт сыяктуу кемирип кыйроо жакасына алып келди. Ирактагы белгилүү партиялардын, «элдик кошуундардын» лидерлеринин туугандары элчиликтерде, түрдүү мамлекеттик кызматтарда иштешет. Ирактагы жемкорлуктун деңгээлин түшүндүрүү үчүн Ирактын мурунку коргоо министри М. аш-Шаабанды эске салуу жетиштүү. М. аш-Шаабан коргоо министри болуп болгону бир жыл иштеген, бул учурда бюджеттен 4 млрд доллар уурдого жетишкен, ал Иорданияга качып өтүп, азыр бул акчалар менен маашыркап жүрөт. Министр макамындагы жана жогорку даражадагы кызматты ээлеген көптөгөн коррупционерлер чет өлкөлөргө качып кетишкен.

Колониализм.

Ирак 2003-жылы АКШ кол салып киргенден бери баскынчылык астында турат. Бүгүнкү күндө АКШ Ирактан аскерлеринин чоң бөлүгүн алып чыгып, формалдуу түрдө согуш (баскынчылык) бүткөнүн жарыялаган болсо да, Ирактагы маанилүү чечимдер АКШнын макулдугусуз ишке ашпайт. Башкача айтканда, бүгүн Ирак дагы эле АКШнын көзөмөлү астында. Ирак стратегиялык жайда жайгашкандыктан жана үлкөн нефть запасына ээ болгондуктан АКШ бул өлкөнү колдон чыгарбайт. Иракта 150 млрд баррель нефть запасы бар экени тастыкталган. Бул көрсөткүч Иракты нефть запасы боюнча дүйнө мамлекеттери арасында 5-орунга чыгарат. Ошол эле учурда, али изилдене элек аймактар бар, божомолдорго ылайык тастыкталган жана тастыктала элек нефть запасы биригип 220 млрд баррелден ашары айтылууда. Учурда Иракта күнүнө дээрлик 5 миллион баррель нефть өндүрүлөт. Бул үлкөн «кара алтындын» үзүрүн колонизатор мамлекеттердин, өзгөчө, АКШнын жеке компаниялары көрүүдө, эл болсо анын сокур тыйынын көрө элек.

Жыйынтык: капитализмди жаюунун куралы – колониализм.

Ушунча эбегейсиз байлыкка карабастан, Ирак калкы абдан оор абалда жашайт. 2018-жылы да Ирактын түштүгү Басрада чоң нааразылыктар болуп, демонстрациялар адам өлүмү менен коштолгон. Нааразылыктын чыгышына 70 000 басралык ичимдик суудан ууланганы себеп болгон. Ирак бийлиги өз элин, а түгүл, эң негизги керектөөлөр менен камсыздай албайт. Мамлекеттин карызы – парламент мүчөсү Аднан Заурфи айткандай – 140 млрд долларга жеткен. Ал эми, бийликтегилер жана «Америкага өлүм» деген «элдик кошуундардын» жетекчилери өз кызыкчылыктарын, кызматтарын, байлыктарын, байлык булактарын коргоодо АКШга таянышат, ошондуктан, анын буйругун аткарышат. Ошондой эле, алар элдин нааразылыгынан, демонстрациялардан өз оппоненттерине каршы күрөшүү үчүн пайдаланышат. Мындай жакырчылык, башаламандык, зомбулук, коррупция АКШга пайдалуу. Себеби, АКШ ушундай башаламандык аркылуу Иракты көзөмөлдөп жатат, Иракка башка колонизаторлордун кирип келишине тосмо коюуда жана Ирак жеринде демократияны ишке ашырууда.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here