Кыргызстан: салттуу исламды жаюу убарасы
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата үч айлык өнөктүк өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова билдирди. Анын айтымында, диний уюмдар мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана даңазалоо максатында маданий иш-чараларды уюштуруп жатышат. Анын алкагында өлкө аймагындагы диний уюмдардын жана диний окуу жайлардын арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган тегерек столдор, семинарлар, лекциялар өтүп, дилбаян сынактары уюштурулат.
Буга чейин өлкөдөгү мечиттердин санын тактоо, каттоодон өткөрүү жана мечиттердин курулушун чектөө маселелери көтөрүлгөн. Андан сырткары, имамдардын билимин жогорулатуу үчүн да бир топ иш-чаралар өткөрүлүп келет.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан светтик мамлекет, тагыраагы, дин
турмуштан ажыратылган башкаруу моделиндеги мамлекет. Светтик мамлекетте дин
саясатка аралашпайт, жашоо мыйзамдары шарияттыкы эмес, парламент чыгарган
мыйзамдар болот.
Колонизатор кафирлер күн санап жайылып бараткан
Ислам дининин таасирин чектөө максатында, “умеренный ислам”ды жайылтууну
стратегия катары кабыл алышкан. Бул бизде көбүнчө “салттуу ислам” менен да аралаш
колдонулат. Ага ылайык, дин демократиялык мыйзамдарга ылайыкташтырлышы керек. Мисалы,
“улутчулдук” идеясы Ислам идеологиясына тескери келет. Ошондуктан, колонизатор
кафрлер бизде улутчулдук күчөшүнө кызыкдар болуп, ал жаатта мыйзамдар кабыл
алдырат жана ишке ашыртышат. Жогоруда аталган иш-чара да ушул күрөш алкагындагы
аракеттердин бири болуп эсептелет. Ал эми чыныгы динди үйрөтүүчүлөр “экстремизм”
менен айыпталып, соттолуп да кете берет.
Мумтаз Маверанахрий