УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

177
0

УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Бусурманкул Табалдиевге эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталууда. Бул кылмыш ишинде аны менен бирге 19 киши, анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев да айыпталууда.

ИИМдин тергөө кызматы кабарлагандай, 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болушкан..

Комментарий:  Бусурманкулов 1975-жылы СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) жогорку мектебин аяктаган.

1971-1978 — Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук кызматы;

— 1978 — Кыргыз ССРинин Министрлер советинин аппаратында башкы референт;

— 1989-1991 — Кыргыз ССРинин юстиция министри;

— 1991-1992 — КРдин Монополияга каршы саясат мамлекеттик комитетинде төраганын биринчи орун басары;

— 1992-1997 — Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүндө бөлүм башчы;

— 1997-1998 — КР премьер-министринин аппаратында бөлүм башчы;

— 1998-2005 — Ачык акционердик коомдо директорлор кеңешинин төрагасы;

— 2005-2006 — КР президентинин администрациясынын Коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдүн башчысы, башкы прокурордун милдетин аткаруучу;

— 2006 — КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы;

— 2010 — 2011 — Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, КР президентинин администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдүн башчысы;

— 2011-2013 — КРдин Коргонуу кеңешинин катчысы;

— 2013-2015 — КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

— 2015-2016 — КРдин президентинин аппарат кеңешчиси;

Россиянын Биринчи даражадагы “Святой Петр” ордени менен сыйланган. Мындан тышкары, ведомстволук 14 сыйлыгы бар. Булак, “sputnik.kg” сайты.

Ушул кезге чейин Кыргызстандын калкы, мамлекеттин саясий жетекчилиги, коопсуздугу, элдин жана мамлекеттин мүлкү ишенип тапшырылган адамдардын дээрлик бардыгы кылмышкер, коррупционер, саткын же эл душманы болуп чыгууда. Бүгүнкү күндө деле башкаруу механизми өзгөргөн жок! Демек, мындан кийинкилерин да мурункулардын тагдыры күтүп турат! Себеби, эл аралык саясат да, дүйнөлүк жана жергиликтүү башкаруу системасы да өзгөрбөдү. Ал тургай, жетекчи топтун негизи болгон саясий чөйрө да, аны калыптандырган адамдар да өзгөрбөдү. Болгону, бир тобу башкасынан бийликти тартып алып, мурункуларды саясий майдандан четтетүү үчүн аларды кылмыш жоопкерчилигине тартышууда.

Акаев, Бакиев, Текебаев, Атамбаев, Бусурманкулов… ушулардын бардыгы бир саясий чөйрөнүн өкүлдөрү болушуна карабастан, кийин келгени мурункуларын кылмыш жоопкерчилигине тартып жатат. Алардын үстүндө турган ири мамлекеттер булардын ордун алмаштыруу менен көздөгөн кызыкчылыктарына ээ болушууда.

Эй Кыргызстан калкы, кантип эле ушул кезге чейин бизди башкарып келген саясатчылардын дээрлик бардыгы кылмышкер болушса? Бүгүнкү күндө да ушул кылмыштуу топтор бизди башкарып жатышкан жокпу? Муну түшүнүү үчүн дагы кайрадан учурдагы бийликтин кетишин күтөбүзбү? Булар да мурункулары сыяктуу эле, өлкө кызыкчылыктарын  Кытай же Россияга сатып жатышат го! Бийликтен кеткенден кийин булардын кылмыштарын кийинкилери ачканынан эмне пайда? Колдон чыгып кеткен кызыкчылыктарды баарыбир кайтарып ала албайбыз.

Ошондуктан, абалды оңдоонун бирден-бир жолу – бул башкаруу түзүмүнөн баш тартуу. Дүйнөлүк башкаруу системасынын курмандыгы болуп жаткан бул кылмышту топтордун колунан кармап, исламий саясий чөйрө өкүлдөрүнө айлантуу. Бул бузук саясий чөйрөдөн башка, чыныгы мамлекет жетекчилеринен турган исламий саясий чөйрөгө тапшыруу жөнүндө ойлонуу! Себеби, учурдагы дүйнөлүк башкаруу системасы ичиндеги алсыз жана бузук саясий чөйрөдөн үмүт жок! Себеби, булардын бардыгы дүйнөлүк күчтөрдүн бирине же бир нечесине кызмат кылуу менен саясат жүргүзүүчү саясий чөйрөнүн өкүлдөрү.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here