Кыргызстан алдыңкы жыйырма “реформатор өлкө”нүн катарында

353
0

Кыргызстан алдыңкы жыйырма “реформатор өлкө”нүн катарында

Кыргызстан Дүйнөлүк Банк тарабынан жарыяланган Doing Business-2020 рейтингинин алдыңкы жыйырма реформатор-өлкөсүнүн катарына кирди.

Маалыматка ылайык, өлкө электр түйүндөргө кошулуу, салык салуу жана насыя алуу индикаторлору боюнча көрсөткүчтөрүн жакшырткан. Дүйнөлүк Банк алдыңкы 20 реформатор-өлкөнүн катарына, ондон ашык тармак боюнча бизнес жүргүзүүнү жеңилдете турган реформаларды жасаган мамлекеттерди киргизген. Doing Business рейтинги дүйнөнүн 190 өлкөсүндө бизнести көзөмөлдөөгө байланышкан мыйзамдарга баа берет.

Кыргызстан бул реформаларды жүргүзүү менен эл аралык уюмдардын тузагына түшүүдө. Эл аралык уюмдар карыздарды өлкөдөгү “реформалар” эсебине берет. Акыбетте, Дүйнөлүк банк сыяктуу каржы уюмдары салыктарды көбөйтүү, электр энергиясына карата тарифти көтөрүү талаптарын коюп келет.
Мына ушундайча, мамлекет карыздардын үстөк пайызын берүү менен бирге алардын талаптарын да аткарууга мажбур болот. Натыйжада, жергиликтүү өндүрүштөр чет элдик товарларга туруштук бере албай калат жана инвесторлордун өндүрүштү да колго алуусуна шарт түзүлөт.    


Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here