Сауд Арабиясы аял туристтердин жоолуксуз кирүүсүнө уруксат берет

346
0

Сауд Арабиясы аял туристтердин жоолуксуз кирүүсүнө уруксат берет

Сауд Арабиясы 49 өлкөнүн туристтерине жеңилдик берип, аялдардын жоолуксуз өлкөгө киришине уруксат берет. Бул тууралуу “Ньюсвиик” журналы жазды.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрдан тарта падышалык өлкөгө турист катары келүүнү каалагандардын арыздарын кабыл ала баштайт. Коштогон эч кимиси жок аялдарга да чектөө болбойт. Туризм министри Ахмад аль-Хатиб бул жараянды өлкө үчүн тарыхый учур деп атады.

Саудия падышалыгында демократиялык реформалар 2017-жылы Мухаммад бин Салмандын мураскер болуп жарыяланышынан кийин күч алган. Ал 2030-жылга чейинки стратегиясын жарыялап, алардын алгачкылары падышалыкта “аялдардын укугун көтөрүү” демилгелери менен башталды. Бул өзгөрүүлөр негизинен Ислам өкүмдөрүнө каршы келгендиктен, Батыш жана маалымат каражаттары ал окуяларды тынымсыз чагылдырып, колдоого алышууда. Маселен, буга чейин аялдарга саякатка чыгууга уруксат берилген падышалык жарлыкты Батыш басылмалары менен эксперттери мактоого алып, мындай кадамдардын улануусуна үмүт артышкан эле.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here