Жээнбеков Ереван шаарына учуп кетти

303
0

Жээнбеков Ереван шаарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын «Евразиялык континенттин транзиттик дарамети» форумуна катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабар таркатты.

Маалыматка ылайык, делегациянын курамында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бар.

Евразиялык экономикалык биримдик СССР мураскору Орусиянын жетегинде иш алып барат. Бул уюмду Орусия СССРден калган аймакта экономикалык таасирин сактап калуу үчүн түзгөн. Кыргызстан бул уюмга мүчө болуу менен
Орусия кызыкчылыгындагы ЕАЭБ талаптарын аткарууга мажбур. Кыргызстан ЕАЭБ талаптарын аткарууга мажбур болуп жаткан чакта, өлкөдөгү ишкерлер өз товарларын Орусияга киргизе албай убайым чегүүдө. Мындай тоскоолдукка түрдүү-түмөн шылтоолор айтылса да, эң негизгиси Орусия өз базарын коргоп калууну максат кылууда. Мына ушундайча ЕАЭБ талаптары кош стандарттуу ишин улантып жатат. Анткени, Орусия да бир гана пайданы негиз кылган дүйнөлүк капиталисттик системаны кабыл алган. Бул системада күчтүүсү алсыздардын эсебинен күн кечирүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here