Кытай Өзбекстандагы “Коопсуз шаар” долбооруна 1 миллиард доллар берет
Кытай Өзбекстанга “Коопсуз шаар” долбоору үчүн 1 миллиард доллар акча берет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Кытай менен түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу боюнча кабыл алынган токтомунда айтылган.
24-сентябрда премьер-министр Абдулла Арипов кол койгон токтомдо келишинче, аталган долбоор Ташкентте 2020-жылдын аягында ишке түшөт.
О.э. “Коопсуз шаар” долбоорун Өзбекстандын башка аймактарында 2021-жылдын декабрына чейин ишке ашыруу пландаштырылган.
Токтомдо келишинче, Кытай менен Өзбекстандын ортосунда 4 миллиард 300 миллион доллардык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлган.
Бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттери үчүн эң негизги инвестор Кытай болуп жатат. Кытай бул региондогу мамлекеттерге карыз берүү менен экономикалык экспансиясын күчөтүүдө.
Кытай региондогу мамлекеттерге карыз берип жатып, аларды өз талаптарына моюн сунууга мажбурлоосу табигый көрүнүш. Мисалы, июль айында Европанын 22 мамлекети Кытайдын Чыгыш Түркстандагы мусулмандарга карата репрессивдик саясатын каралап чыгышты. Арадан бир күн өтүп, арасында Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу көпчүлүгү исламий өлкөлөрдөн турган 35 мамлекет Кытайды колдогон документке кол коюшту.
Кытай негизинен Чыгыш Түркстанда орноткон “акылдуу камералар” уйгур мусулмандарынын башына кандай күндөрдү салып жатканы жашыруун сыр эмес. Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө Кытайдан кем калбаган Өзбекстан өкмөтү да азыртадан баштап эле “акылдуу камералар” жарандардын жүзүн ажырата албай жатканын шылтоолоп, эркектердин сакалдарын мажбурлап алдыра баштады. Ташкенттеги “Малика” базарында сакалдуу мусулмандарга каршы өткөрүлгөн жана бүгүнкү күндө өлкөнүн башка аймактарына да жайылган рейддер буга мисал боло алат. Кытай карыз берүү менен бир катарда региондогу мамлекеттерден Исламга каршы күрөштү күчөтүүнү да талап кыла баштайт. Акыркы күндөрдө Кыргызстандагы мектептерде окуучу кыздардын жоолук оронуусуна каршы аракеттер жана мечиттерди курууга чектөө киргизүү маселелери о.э. Өзбекстанда үймө-үй жүрүп, жоолук оронгон аялдар каттоого алына башташы Кытайдын талаптары болушу мүмкүн.
Абдурахман Адилов.