Теологдор: “Биз диндер аралык мамилени бекемдейбиз!”

780
0

Теологдор:  “Биз диндер аралык мамилени бекемдейбиз!”

Сайтыбыздын “Мастура”  бөлүмүнө келген  кабарлардын бири менен тааныштырабыз:

Кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу түрдө Кыргызстанда дин эркиндиги бар. Илманий (светтик) өкмөттүн диний баалуулуктарга, негизинен намаз жана хижабга каршы күрөшү күтүлгөндөй натыйжа бербеген соң, өкмөт муътадил (мээлүүн) Ислам   тарапкерлерин колдой баштады. Ошого карабастан, көчөлөрдө хижаб менен жүргөн эже-сиңдилерибизди көрүп көзүбүз кубанат.

Бир күнү бир топ студентка кыздар менен таанышып калдым. Алар университеттин теология факультетинде окушат экен. Жакындан таанышуу максатында: “Силер теология факультетинде негизинен кайсы сабактарды окуйсуңар?” – деген суроону бердим. Алар: “Биз дүйнөдөгү бардык диндерден кабардар болобуз”, – деп Библиядан тексттерди айтып бере башташты жана буддизмдеги “кудайларды” бир-бирден атап беришти. Менин таң калганымды көрүп ачууланган кыздардын бири: “Эмнеге таң каласыз? Биз алардын динин үйрөнсөк эмнеси жаман, биз алардын динине кирип кеткен жокпуз го… !” – деди.

О.э. кыздардын бири: “Биз окууну аяктаган соң диндер аралык мамилени бекемдейбиз”  – деди.

“Окууну бүтүргөндөн кийин кайсы мекемелерде иштесеңер болот?” – деген суроомо кыздардын бири жооп берип: “Биз окууну бүтүргөндөн кийин негизинен дин таануу сабагынан мугалим болобуз, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын өзүндө эле 32 орто мектепте ушундай предмет киргизилген. Ал предмет “Дин маданияты” деп аталат”, – деди.

“Силер  көптөгөн мутаватир хадистерди билет экенсиңер, көптөгөн адамдар мынчалык билимге ээ эмес. Билгениңерди башкаларга жеткирбейсиңерби? Себеби, өтө чоң соопко ээ болмоксуңар”, – деген сөзүбүзгө, кыздар: “Шаръий өкүмдү башкаларга жеткирүү үчүн жетиштүү илимибиз жок, Шариятты туура эмес жеткирүүдөн коркобуз, маанисин туура жеткирбестен күнөө иш кылып коюшубуз мүмкүн”, – дешти.

Мен  жаныбыздан өтүп бара жаткан жарым жылаңач кыздарга ишара кылып: “Мына бул кыздарды көрүп жатасыңарбы? Алардын авраты эмне үчүн ачык экендигин билесиңерби? Себеби, алар фарз эмне экендигин билишпейт, жада калса Аллах жалгыз экендигин да билишпейт. Ушуларга барып “сени менен мени жараткан Жаратуучу бар..” деп айтуу үчүн көп илим керекпи?” –  дедим. Кыздар жооп бериштен катуу коркушту, тим эле мугалимдери күзөтүп тургандай сүкүт сактап калышты.

Комментарий:

СССР бөлүнүп кеткен соң, 90-жылдардын башында ири мамлекеттер  Орто Азия өлкөлөрүнө экономикалык, саясий жана сакафий жүрүштөрдү башташты.  Түркия да Орто Азия өлкөрүнүн калкы негизинен мусулмандар экендигин эсепке алып, динге жардам бермекчи болду. Натыйжада мамлекеттик окуу жайларда дин таануу – теология факультеттери ачылып, жаштарды кабыл ала баштады.

Факультеттин милдети – эл арасында диний баалуулуктарды жайылтуу жана  адамзаттын рухий дүйнөсүн байытуу максатында тажрыйбалуу кадрларды жана адистерди даярдоо, замандын талабына жооп бере ала турган диний адистерди чыгаруу.

Теология факультетинин студенттери биринчи баскычта Түркияга барып тажрыйба ашырышат, Түркия аларды стипендия менен камсыздайт.

Теология факультетинде билим алып жаткандарга тышкарыда даъват кылууга тыюу салынат. Себеби, алардын түшүнүгү боюнча даъват кылуу үчүн толук билим жана жогорку жөндөм болушу зарыл. Андай деңгээлге жетүү үчүн жогорку билим алып, андан соң магистратураны да бүтүрүшү шарт. Ошондо гана бүтүрүүчү адамдарга динди үйрөтүүүгө,  башкача айтканда, өкмөт белгилеп берген программанын алкагында билим берүүгө укуктуу болот.

Эртең эле жоолук оронгону менен өзү чоочун сакафат менен сугарылган муслима кыздарыбыз орто мектептерге барып, балдарыбызга динден сабак өтүшүп, диндер менен жана мушриктердин “кудайлары” менен тааныштырышат.

“Ислам  дини бардык диндер сыяктуу эле бир дин, кээ бир тарыйкатка тиешелүү иштерди кылса болбойт, ал тарыхта калып кеткен, ошол доорго тиешелүү”, – деп окутушат.

Мындай адистер Исламды демократиялык принциптерге ылайыкташтырып беришет.

Эй мусулмандар!

Бизге булардан өтө чоң коркунуч бар, себеби куфр дүйнөсү өз пландарын дал ушул адистер аркылуу ишке ашырышат.

Тарыхка көз чаптырсак, Расулуллах (с.а.в.) доорунда Шарият өкүмдөрү эле эмес мусулмандар көтөрүп жүргөн исламий  акыйда да таза болушуна олуттуу көңүл бурулган.

Алардын доорунда, башка динге раддия билдирүү же алардын динине карап мамиле кылуу максатында алардын дини үйрөнүлгөн эмес. Тескерисинче, Расулуллах (с.а.в.) Умар (р.а.)нун Тоороттун бир бөлүгүнө карап турганын көрүп калганда ачууланып: «Андан тазараак, пакизараагын алып келбедимби?” – деген.

Ушундан келип чыгып, алардын динин – раддия берүү үчүн, же диндер аралык мамилени жакшыртуу үчүн же башка дин өкүлдөрүнө Исламды жакшы көрсөтүү үчүн болобу, айырмасыз – үйрөнүү жаиз эмес.

Аларга карата жалаң гана Шарият уруксат берген алкакта мамиле кылышыбыз керек.

Мунаввара Азиз

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here