Фарс булуңундагы жасалма чыңалуу
Акыркы жылдарда, өзгөчө Саудия бийлигинин башына америкачыл Салман ибн Абдулазиз келгенден тартып, Фарс булуңундагы чыңалуу ого бетер курчуп баратат. Ушул күнгө чейин Фарс булуңунда нефть ташыган танкерлерге чабуулдар жасалган болсо, хусийлер Саудиянын аэропортторуна сокку беришкен. Эми, 14-сентябрда Саудиянын чыгышында «Saudi Aramco» компаниясынын ишканасы чабуулга учурады. Саудия бийлиги бул чабуулдардын артында Иран турат десе, хусийлер бул чабуулдун жоопкерчилигин өз мойнуна алышты, Америка дароо эле Иранды айыптады. Иран бул чабуулдун жоопкерчилигин өз мойнуна албаган болсо да, кескин билдирүүлөрү менен согушка даяр экенин ачыктап булуңдагы чыңалууну дагы да курчутуп жатат.
Бул чабуулдар бир канча суроолорду ортого салды. Саудия бул чабуулдардан коргоно албайт беле? Себеби, бүгүнкү күндө Саудия эң акыркы үлгүдөгү АКШда иштелип чыккан «Patriot» абадан коргонуу куралдарына ээ. Андан тышкары, чабуулга учураган ишканалар Абкайк жана Хурайс шаарларында орун алган, бул шаарлар Саудиянын борбору Эр-Риядга да, Фарс булуңуна да жакын. Эр-Рияд борбор болгону үчүн Саудиянын абадан коргонуу системасынын чоң бөлүгү өлкөнүн чыгышында жайгашкан. Бул чабуулдарда 18 даана учкучсуз башкарылган учуучу аппараттар (УБУА) жана 7 ракета колдонулду. Дүйнөдөгү эң заманбап эсептелген «Patriot» системасы ушул УБУА жана ракеталардын эч бирин атып түшүрбөгөнү суроо жарат, башкача айтканда, бул мүмкүн эмес. Бул ыңгайсыздыктан улам, Америка мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Patriot» системасы «ар дайым эле ийгиликтүү иштей бербейт» деп билдирүү берүүгө аргасыз болду. «Ошол эле учурда, Помпео чабуулдарды уюштурууда Иранды айыптады. Бирок, картаны карсак, Сауд Арабиянын абадан коргонуу системасынын чоң бөлүгү так ушул Иран тарапта жайгашканын көрөбүз. Ошондуктан, америкалыктар алдында эки тандоо турат: өзүлөрүнүн абадан коргонуу системасы таптакыр эффективдүү эмес экенин моюнга алышы керек же Ирандын чабуулдарга катыштыгы бар экенин четке кагышы керек». («РИА», 20.09.19).
Саудиянын курал-жарагына көз чаптырсак, бүгүнкү күндө Саудия АКШ курал-жарагын импорт кылган эң негизги кардар болуп эсептелет: АКШ курал-жарак экспортунун 10%ы Саудияга туура келет. Учурда, Саудия курал-жарак импорт кылган мамлекеттердин арасында үчүнчү орунда турат. 2018-жылы Саудия 67 млрд долларга курал сатып алган, бул сан региондогу мамлекеттердин көлөмүнөн кыйла көп. Саудиянын түндүк-чыгышында эле (Иран тарапта) 88 даана «Patriot» системасынын атуучу жабдыктары абадан коргоп турат, бул жабдыктардын көпчүлүгү эң жаңы модификацияга ээ.
Андан тышкары, Фарс булуңундагы мамлекеттерде: Катар, Бахрейн, Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги, Саудия, Оман өлкөлөрүндө АКШнын аскерий базалары жайгашкан, ошондой эле, учурда булуңда «Aegis» ракетадан коргонуу системасы менен жабдылган АКШнын үч аскерий кемеси турат. Саудия менен АКШнын бул үлкөн курал-жарагына булуңдагы башка мамлекеттердин курал-жарактарын, абадан коргонуу системаларын кошо турган болсок, бул жерден ракета өтүшү мүмкүн эмес.
Демек, Фарс булуңунда болуп жаткан чабуулдар жана башка иш-аракеттер жасалма мүнөзгө ээ. Америка өзүнүн малайлары Саудияны, Иранды, хусийлерди ишке салып, региондо чыңалууну пайда кылып жатат. Мына ушундайча АКШ региондо сунний-шиа согушун чыгармакчы.
Бул согуш кандай акыбеттерге алып келет, тагыраак айтканда, АКШга кандай пайда алып келет? Америка мындай согуштун артынан ага жакпаган мамлекеттердин бийлигин өзгөртүшүнө шарт жаралат. Себеби, учурда Америка базаларын өз өлкөсүнө жайгаштырууга уруксат бергенине карабастан, булуңдагы Бириккен Араб Эмирлиги, Катар сыяктуу мамлекеттер Британияны ээрчип жатышат. О.э. чыңалуу себептүү, булуңдагы мамлекеттер Иран «коркунучунан» улам АКШнын коргоосу астына кирүүгө умтулушат. Андан тышкары, АКШнын Жакынкы Чыгышка карата «Чоң Жакынкы Чыгыш» деп аталган үлкөн долбоору бар, бул долбоорго ылайык, кээ бир мусулман өлкөлөрү жоюлуп, же кеңейип, же кыскарат, жаңы өлкөлөр да пайда болот. Булуңдагы кескиндик, же болбосо, согуш бул долбоорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
О.э. Америка Фарс булуңундагы чыңалуудан пайдаланып мусулмандардын акыйдасына байланышкан маселени жок кылмакчы. Бул маселе – Фалестин, Куддус. Куддус – бул мусулмандардын биринчи кыбласы, ал жерде мусулмандардын үчүнчү ыйык мечити болгон Ал-Акса жайгашкан жана ал жерде Пайгамбарыбыз с.а.в. миражга көтөрүлгөн. Бүгүн бул ыйык жерибизди кресттүүлөр сыяктуу яхудийлер басып алып, өз мамлекетин жарыялашты. Бүткүл дүйнө мусулмандары Фалестиндин азаттыгын колдоп келет, жана аны азат кыла турган Салахиддин сыяктуу башчыны күтүп жатышат. Бирок, мусулман акимдери «Израилди» ашкере же тымызын моюнга алып, аны менен алакаларды нормалдаштырууга урунушууда, эл болсо каршы. Булуңдагы чыңалуу бул маселени кантип жоёт? 14-сентябарда Саудияда болуп өткөн чабуулдардан кийин АКШ Иранга каршы коалиция түзмөкчү экенин билдирди. «Ак үй Саудиянын мунай объектилериндеги чабуулдарга жооп катары Иранга басым кылуу үчүн эл аралык коалиция түзөт». («The Wall Street Journal», 19.09.19). Азырынча бул коалицияга кошулууга араб өлкөлөрүнөн Саудия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Бахрейн макулдук беришти. Чыңалуу күчөп согуш чыккыдай болсо, башка мамлекеттер да коалицияга кошулуусу шексиз. АКШ кийинчерээк бул коалицияга же башкасына «Израилди» кошот, анан, араб өлкөлөрү «Израиль» менен бирге Иранга каршы согушат. Ошентип, бул согушта орусча айтканда «Израиль» «чужой» эмес, «свой» болуп калат. Мына ушундай көрүнүштө АКШ мусулмандардын «Израилге» каршы душмандыгын «достукка» айлантууну, «Израиль» менен мамилелерди нормалдаштырып, Фалестинди, Куддусту азат кылуу пикиринен баш тартуубузду көздөп жатат.
Өкүнүчтүүсү, мусулмандар бул айла-амалдарга алданып, алардын артында турган карамүртөз максаттарды көрө албай жатышат. Ал эми, мусулман акимдери шариятты колдонуп, элди туура тарапка жетелегенден көрө, тескерисинче, кафирлердин айла-амалдарын, долбоорлорун, ыфлас пландарын ишке ашырышууда. Себеби, алар өзүлөрүнүн бийлигин, креслосун коргоодо кафирлерге таянышат, ошондуктан алардын буйруктарын кынтыксыз аткарышат. Аң-сезимдүү түрдө Исламыбызга кайтпасак, бул айла-амалдар, долбоорлор артынан миңдеген боордошторубуздун каны төгүлөт, өлкөлөр ойрон болот. Ансыз да кафирлердин мындай айла-амалдарын Яманда, Сирияда, Кашмирде, Чыгыш Түркстанда, Кавказда… көрүп жатабыз.
Харун Абдулхак