Дастан Жумабеков Кыргызстанды уят кылды деген аталышта маалыматтык чабуул башталды

519
0

Дастан Жумабеков Кыргызстанды уят кылды деген аталышта маалыматтык чабуул башталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери Дастан Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн спикерлеринин жыйынына катышып, анын жүрүшүндө сөз сүйлөдү.

Жумабеков орус тилинде жазылган билдирүүнү окуп жатып көптөгөн каталарды кетирди.” Спикер текстке даярданбай чыгып, Кыргызстанды уят кылды” деген пикирлер маалымат каражаттары жана социалдык тармактарда кеңири жайылды.

Тарыхта көптөгөн улуу адамдар, саясатчылар жашап өткөн. Алардын улуулугу бирер жетекчи мамлекеттин тилин жакшы билгени менен өлчөнгөн эмес! Дүйнөлүк башкаруу системасы бузулуп, жетекчи мамлекеттер кол астындагы колонияларына өз сакафатын сиңдире баштагандан бери колония мамлекеттердин менталитетинде дүйнөлүк тилге этибар күчөдү. Алар саясатчыларды даярдоо институттарын дүйнөлүк тил же жетекчи мамлекеттердин баалуулуктары (этика сыяктуу) негизиндеги дипломатиялык мамилелерди өздөштүрүү негизине куруп алышты. Натыйжада саясий элиталар ушул бузук негизден келип чыккан өтө алсыз жана колонизаторго ыктаган жетекчи топторго айланып калышты.

Мунун натыйжасында мамлекет башчысын тандоодогу жана алардын кийинки ишмердүүлүгүнө баа берүүдөгү негиз бузулду. Жетекчи тандап жатып, анын жекече жашоосу, интеллектууалдык деңгээли, адамдык мамилеси, саясий популисттик жөндөмү жана башка ушул сыяктуу сапаттары этибарга алына турган болуп калды. Жетекчиликтин сыпаты болгон жетекчилик жөндөмү, саясий тажрыйбасы, ачык-айкын дүйнөкарашы жана ал дүйнө карашына берилгендиги, мамлекетти башкаруудагы анык программасы сыяктуу негиздерге дээрлик көңүл бурулбай калды. Мисалы, бир президент куфр менен биригип, өз калкынын кызыкчылыктарына кыянат кылса, маалымат каражаттары анын кандай намаз окуп жатканын, же Куран кыраат кылып жатканын, же болбосо балдар үйүнө барып жетимдердин бирине кайрымдуулук кылып жатканын таратат. Эл анын ушул адамгерчилик сапатына алданып, ошол жетимдердин акысына миллиарддаган доллардык зыян жеткирип жатканын кечирип жиберет.

Ар кандай саясатчы өзү башкарып жаткан же башкарууга умтулуп жаткан элдин менталитетине, саясий табиятына ылайыкташат. Ошондуктан, колонизатор мамлекеттер алсыз мамлекеттерде өздөрүнүн сакафий таасирлерин күчөтүүгө катуу көңүл бурушат. Себеби, ошол элдеги сакафий колония алардын арасынан чыккан саясатчыларга сөзсүз таасирин тийгизет.

Кыргызстандын спикерине карата болуп жаткан маалыматтык чабуулдар бул пикирибизди далилдеп турат. Кыргызстандын президенти да ушул сакафий таасир астында орус тилин үйрөнүп жатат. Аны да көп жолу орус тилин билбегендикте айыпташты. Саясатчылар элдин кызыкчылыгы жөнүндө ойлонбостон, ар түрдүү дүйнөлүк конференцияларда куфрдан келип чыккан дүйнөлүк дипломатиялык мамилелер, эл аралык тилди жакшы билүү жана билдирүүлөрдү даярдоо менен убара. Бул саясатчылар тилде же бирер мамиледе адашып кетишсе, кийинкилерге сабак болушу үчүн аларга аябай катуу сокку беришет. Натыйжада биздин саясатчылар саясий популизмге чектелип калышат! Бул дүйнөлүк балээден кутулуу жолун издөөгө батынышпайт! Ооба, ушунун баары сакафий колониянын таасири жана кеспетинен келип чыккан!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here