Кыргызстан таза суу долбоору үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан 30 миллион доллар кредит алат

456
0

Кыргызстан таза суу долбоору үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан 30 миллион доллар кредит алат

 Финансы министрлигинде Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда 30 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик макулдашууга кол коюу аземи болду. Документке кыргыз тараптан финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, Сауд өнүктүрүү фонду тараптан делегация башчысы Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам кол койду.

 Кабарда келишинче, бул акча Баткен жана Талас облустарындагы 61 айылды суу менен жабдуу жана санитарияны жакшыртуу долбоорлоруна жумшалат. Кредиттин мөөнөтү 25 жыл, анын ичинен 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп эсептелет.

 Долбоордун жалпы наркы 60 млн. долларга бааланууда. Дагы 20 миллион доллар Ислам өнүктүрүү банкынан насыяга алынат, 10 миллион долларды кыргыз өкмөтү чыгарат.

Комментарий: Орто Азиядагы таза суу запасынын 40 пайызга жакын бөлүгү Кыргызстандын аймагында болушуна карабастан, карапайым калк, айрыкча, айылдардын тургундары көптөгөн жылдардан бери таза суу көйгөйүнөн кыйналып келет. Өкмөт адамдарды таза суу менен камсыздоо проблемасын карыз үстүнө карыз алуу менен чечмекчи болууда, а бирок алынып жаткан карыздар өз ордуна жумшалбай, мамлекет карызга батып барууда. Өткөн жылдын башында аймактардын тургундарын колдоо жана таза суу менен камсыздоо программасынын негизинде кыргыз өкмөтү менен Европа Союзу ортосунда 72 миллион евро грант берүү боюнча келишим түзүлгөн.

 Быйыл 23-майда болуп өткөн “Аймактар үчүн таза суу” форумунда президент Сооронбай Жээнбеков: “Бүгүн Таза суу долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен жыйырма шаарыбызда 11 млрд 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат”, – деген эле.

 Өкмөт калкты таза суу менен камсыздоо үчүн карыз алууда, а бирок, ошол эле учурда элдин кызыкчылыгына тескери келген келишимдерди түзүү менен таза суунун запасы болгон мөңгүлөргө зыян жеткирүүдө. “Кумтөр” кенин казуу учурунда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү тездик менен эрип, жоголуп бара жатат. Өкмөт жакында “Кумтөр”гө кайтарып берген 16 миң гектар жерде узундугу 14 километрден ашкан эң ири Петров мөңгүсү бар.

 Мындан тышкары, өкмөт кытайлык компаниялар менен түзгөн келишимдердин негизинде кытайлык компаниялар кен казуу иштерин жүргүзүп, натыйжада Нарын дарыясына ар түрдүү уулуу заттар келип кошулууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here