Судандагы Өткөөл өкмөт саясий үлүш талашууга жана тарапкечтикке малынып, ийгиликсиздик жана бөлүнүү алып келет

413
0

Судандагы Өткөөл өкмөт саясий үлүш талашууга жана тарапкечтикке малынып, ийгиликсиздик жана бөлүнүү алып келет

Устаз Мухаммад Жами (Абу Айман)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы

расмий сүйлөөчүсүнүн орун басары

«Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү Өткөөл өкмөт түзүүдө шерменде болду… Ал саясий үлүш талашуу жана тарапкечтик баткагына малынды. Акыбетте, жаңжалдар келип чыгып, Суданды башкарууну айтып жаткан бул топтор пикирий жана саясий жактан жараксыз экендиктери ачыкка чыкты. Ушундай болушу анык эле, себеби, өз жетекчилерин тарапкечтик жана саясий үлүш талашуу негизинде шайлаган, пикирий негизге карабаган ар кандай уюм чыныгы өзгөрүүнү таптакыр ишке ашыра албайт… Мындай уюмдар өлкөлөрүбүздө талкаланып, кыйроо жакасына алып келип койгон колонизаторлук планынан баш тартып, өлкө калкынын каалоосун жана акыйдасын айгинелеген чыныгы өзгөрүү алып келбейт.

2019-жылы 17-август күнү т.а. конституциялык документке кол коюлганын белгилөө күнү «Суданий» гезитинде жазуучу Лина Якуб айымдын макаласы чыкты. Гезиттин «Сөз үчүн» деген барагынын соңунда «Дагы башынанбы?!» деп аталган макалада Лина: «Мен өтө капа болдум, себеби, биз ишти ушунча убактан бери өзүбүз жаман көрүп келген аймактык үлүш талашуудан баштадык», – деди. Чындыгында, Инказ узак убакыт аймактык, уруулук жана саясий үлүш талашуу менен алектенип келди. «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү өзүнүн суверендүү кеңешинде иштерди мына ушундан баштады. Негизинен, беш блоктон турган бул күчтөр өзүнүн эгемендүү дислокациясын аймактык негизге бөлдү. Мисалы, Улуттук Союз блогу Түштүк Кордофандан, Жарандык Күч уюму Хартумдан, Судан Эмгекчилдери блогу Дарфурдан, Нидаи Судан блогу Чыгыш Судандан, Федералдык Межлис Түндүк Судандан талапкерлерин көрсөтүштү. ««Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрүндөгү жетекчи Эмгекчилдер блогунун талапкерлигин «Дарфурда белгилүү бир уруунун өкүлү эмес» деп талапкерликтен чыгарганы кишини өтө капа кылат», – деди Лина Якуб.

2019-жылы 16-август күнү «Судан Трибуна» сайтында мындай кабар басылып чыкты: «Университет профессору Фадва Абдурахман Судан кеңешинде катыша албаганына кечирим сурады, ал Мухаммадхасан Тааюшийдин талапкердиги кабыл алынбаганына нааразылык катары ушундай кылды».

Ыңкылап Фронту конституциялык документке кол коюлган күндү белгилөөгө ыраазы болбоду. Себеби, ал Аддис-Абебада кол койгон нерселер ушул документке «ыйык текст» катары киргизилбеген деди!

«Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү жетекчилеринин бири Ибрахим Амин Судандын «Анба» расмий агенттигине мындай деди: ««Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү менен Ыңкылап Фронту ортосундагы жаңжалга себеп, Ыңкылап Фронтунун аты конституциялык документке киргизилбегени болду. Бул нерсе калган куралдуу топтор жана куралдуу каршылык кыймылдардагыларга да аттарын документке киргизип алууларына шылтоо болот». Кийин ал: «Ыңкылап Фронту Өткөөл өкмөттө үлүштөр жөнүндө ойлоп жатат», – деп кошумча кылды». (Судан Трибуна, 2019-жыл, 12-август). Ошол күнү бул сайтта Адилет жана Теңдик кыймылынын төрагасы Жибрил Ибрахимдин бул билдирүүсү да жарыяланды: «Жеке мен Ыңкылап Фронту Өткөөл өкмөт мекемелеринде катышууга акысы бар дегенден уялам. Бул жакшы белги, себеби, ушул Фронт бийликке үлүш талашып эмес, тынчтык үчүн келмекчи».

«Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү козголоң учурунда жаштар ортосунда «Партиясыз, укутуу өкмөт» деген ураанды тыгыштырып, муну менен технократтар өкмөтүн айтышкан. Мына, бүгүн бул ураан жалган экенин көрсөттү. Себеби, бул күчтөрдүн үлүшү мыйзамчылык кеңешинде 67%ды, Суверендүү кеңештен беш орунду түздү. Кийин аймактык жана тарапкечтик боюнча үлүш алууга өттү. Т.а. колонизаторлор мусулмандарды бөлүү үчүн чачкан чыр-чатак уругу боюнча үлүш алып жатат.

Ко-ош, Судандын түндүк, түштүк, чыгыш жана батыш калкын тегине, уруусуна жана түсүнө карап өкүл кылууга кимдин акысы бар?! Бул нерсе адамдар арасында бөлүнүүнү келтирип чыгара турган, аларды коргобой турган ыплас улутчулдук жана тарапкечтик өлчөөсү. Хизб-ут-Тахрир мындай кыйратуучу пикирлерди эбак эле түшүнүп жеткен. Анын биринчи халкалары Хизб мүчөлөрүн пикирий жана сакафаий жактан исламий шахсияларга айлантууга каратылган. Ушул халкаларда Ислам түзүмү китеби окулуп, анда пикирий жетекчилик жана анын адамдын өсүп-өнүгүүсүнө болгон таасири жөнүндө сөз болот. Хизб адамдардын бири-бири менен улутчулдук, мекенчилдик, уруучулук жана кызыкчылык негизинде алака кылууларын төмөн алака дейт, бул адамдар ортосунда душмандык жана жек көрүү чыгаруучу кооптуу мамиле экенин баян кылды. Алака-мамилелердин мабда негизинде болушун, бул мабда өзүнөн түзүм келип чыккан рухий акыйда экенин белгилеп берди. О.э. мамилелерде эч качан инсандын түсүнө, улутуна, уруусуна карабашы баса белгиленди. Ошондуктан, Ислам адамдар ортосун байлоодо эң алдыңкы түзүм болуп эсептелет. Мисалы, Пайгамбарыбыз ﷺ австыктар менен хазраждыктарды жана мухажирлер менен ансарларды ага-ини кылды, натыйжада, Ислам мамлекети коомду бекемдөөдө дүйнөнүн эң абзел мамлекетке айланды.

Батыл келишимдеги бул үлүш талашуунун эң жаманы жагы федерализм жана автономияга даярдык көрүлүп жатканы. Анткени, Судандагы карашалуу бөлүп салуу ишиндеги уу-заар – бул федерализм жана автономия. Ыңкылап Фронту болсо, өзүнүн Аддис-Абеба келишими тарабынан кепилденмейинче конституциялык документке кол коюлган күндү белгилөөгө ыраазы болбой жатат. Абдулазиз Хулв Аскерий Кеңеш менен, Хамидатий, Каббаший жана ушул максатта Жуба шаарына сапар кылган Ахмад Роби жетекчилигиндеги «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү катышуусунда сүйлөшүү столуна отурууну каалабады. «Судан Трибуна» сайты 2019-жылы 28-июль күнү «Хулв командасы Өткөөл өкмөт түзүлүшүнөн мурда сүйлөшүүгө катышуудан баш тартууда» деди. Чындыгында, Хулв 2019-жылы 27-июль күнү болуп өткөн жана Түштүк Судан президенти Сальваторе Киир ортомчулук кылган сүйлөшүүгө келбеди, ал жерге жардамчысы Жакуд Миквар төрагалыгында делелегация жиберүү менен чектелди. Ал Жубада берген басма сөз жыйынында: «Биздин аракет келерки Өткөөл өкмөт менен тынчтык маселелери боюнча сүйлөшүүгө амал кылат», – деп билдирүү берди. «Судан Трибуна» сайтында Ыңкылап Фронту жөнүндө мындай делет: «Алардын талаптары жөнүндө кабарлар көп. Талаптары боюнча, алар Суверендүү кеңешке өкүл болушу, Дарфур менен Түштүк Кордофандагы согуш абалындагы өкмөттөргө катышуулары керек экен».

Мына ушунча, кырсык-кризис менен кантип Судан калкы келишимди белгилөөлөрү мүмкүн, акыры, бул келишим саясий үлүштөр, тарапкечтиктер үстүндө болуп жатат, ушул аркылуу – кудум Найваша келишиминде болгондой – өлкөнү дагы бөлүп салууда?!

Судандагы бүгүнкү келишим эски түзүмдү кайтаруу келишими, буга күмөн жок. Экөөсү тең демократиялык илманий (жарандык же аскерий) түзүм болуп, маңызынан айырмаланбайт. Кече аскерий түзүм дин аты менен адамдарды алдап, түштүктү бөлгөн болсо, бүгүн булар жарандык, эркиндик түзүмүнүн аты менен адамдарды алдап жатышат. Алар да, булар да, баары колонизатордук долбоору болуп, Англия-Америка планы. Мындан Исламды четтетүү жана ага каршы күрөшүү, Суданды беш мамлекетке бөлүп жиберүү максат кылынган. Демек, колонизаторлук заманынан тартып ушул күнгө чейин Суданда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Себеби, өзгөрүү үчүн колонизаторлук түзүмүнөн башка түзүм, колонизаторлук пикирлеринен башка пикирлер керек. Бул болсо, Исламда гана бар, Исламдын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде болот. Демек, Судан калкы калыс перзенттери менен биргеликте ушул мамлекетти тикелөөгө аракет кылуулары керек. Ушул мамелекет гана амандык, тынчтык жана кадыржамдык алып келет. Аллах Таала айтат:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً﴾

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды»           [24:55]

Роя гезити, №248, 2019-жыл, 21-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here