“Кытай заводдору жоголсун”

455
0

“Кытай заводдору жоголсун”

Казакстанда “Кытай экспансиясына каршы” нааразылык акциялары башталды

3-сентябрда Жаңы-Өзөн шаарынын борбордук аянтында жүздөгөн адамдар Кытайдын долбоорлору токтотулушун талап кылып нааразылык акциясына чыгышты. Жаңы-Өзөндүн тургундары Казакстанда ишке ашырылып жаткан Кытайдын бардык долбоорлору токтотулушун талап кылышты. Ошол эле күнү Нур-Султан, Актөбө жана Чымкент шаарларында да “кытай экспансиясына каршы”  нааразылык акциялары болуп өттү.

Эске сала кетсек, 2011-жылы Жаңы-Өзөндө нефтичилер  уюштурган нааразылык акциясы учурунда полиция 17 адамды атып өлтүргөн.

3-сентябрдагы акцияда “Назарбаевдин “Нур Отан” партиясынын өкүлдөрү парламенттен кетсин” деген талаптар айтылды. О.э. казак президентинин 11-12-сентябрга белгиленген Кытайга сапары жокко чыгарылсын деген талаптар айтылды.

Казакстанда Кытайдын 55 компаниясы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Алар өлкөнү бир күн, же бир жылда басып алышкан жок! 2016-жылы Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева вице-премьердик кызматта туруп “Кытай менен кызматташтык өлкөбүздүн келечеги, ошондуктан билим берүү программасында Кытай тилин үйрөтүүгө көңүл бурушубуз керек” деген эле. Башкача айтканда, казак бийлиги көптөгөн жылдардан бери Кытай менен тил бириктирип, казак элин сакафий колония кылууга шарт түзүп бере баштаган! Себеби, ири мамлекеттер үчүн кичине мамлекеттерди сакафий колония кылуу – саясий, экономикалык жана аскерий колония кылууга ыңгайлуу шарт түзөт.

2017-жылы Казакстанда жер кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы кодекс боюнча, чет элдиктер аукциондорго катышуу укугуна ээ болушту. Чет элдик компаниялар айыл-чарба багытындагы жерлерди 25 жылга ижарага алууга укуктуу болушту. Бул мыйзамдардан кийин 1.7 миллион гектар жер сатылып кетти.

Казакстан жана Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерге Кытай түздөн-түз бастырып келе албайт. Кытай алгач, парламент, өкмөт жана президенттерди сатып алат. Андан соң, акырындап бул саткын топтун колу менен мамлекеттик мыйзамдарды өзгөртүп, мамлекеттерде өзүнүн сакафий жана экономикалык таасирин күчөтө баштайт. Көңүл бурган болсоңуз, акыркы кездерде карапайым калк Кытайга каршы козголуп жатканы менен, эл өкүлдөрү болгон депутаттар, президент, саясий элита жана маалымат каражаттары Кытайга каршы калк тарапта эмес! Алардын айрымдары ачык эле Кытай тарапта болсо, башкалары элди позициясынан чалгытуу иштери менен алек.

Экономикалык кызматташтык маскасы менен кирип келе жаткан Кытай, экономиканы негиз кылган эмес. Тескерисинче, ал биздин экономикалык абалыбызды ого бетер начарлатуу менен убактылуу ижарага алган жерлерин менчиктештирип алууну көздөйт. Албетте, бул иштерди саткын бийликтин жардамысыз ишке ашыра албайт. Атамбаев жана анын айланасындагыларга козголуп жаткан кылмыш иштери, өздөштүрүп алынган миллиарддаган акчалар бул сөзүбүзгө далил болот. Бирок, система өзгөрбөдү. Назарбаев, Жээнбеков же Путин мамлекеттеги таасирин жоготкон учурда, алардын кылмыштары мурункулардан аз эместиги көрүнөт. Себеби, үстүбүздөгү жетекчилер бардык кылмыштуу иштерин бирер ири мамлекетке таянган абалда ишке ашырышат.

Ушул көз караштан келип чыгып,  каршылык аракеттерибизди президент, өкмөт жана парламент тарапка каратышыбыз керек. Мындан тышкары, бийликте болбогон саясий элита өкүлдөрү да позицияларын билдиришсин. Ушул аркылуу, кимдер эл тарапта, ал эми кимдер Кытай экспансиясы тарапта экенин билип алабыз! Ошондон кийин, шайлоолордо колубуздагы бийликти кайдыгерлик менен тапшырып коюп жаткан ушул саткындар башкарууга татыктуубу же жокпу, ушулар бизди залалаттан нурга алып чыгышына ишенсек болобу, же жокпу, мына ушулар жөнүндө ойлонуп көрөлү!!!

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here