Малайзиянын Сабах вилаятында Хизб-ут-Тахрирге доомат кылынды

393
0

Малайзиянын Сабах вилаятында Хизб-ут-Тахрирге доомат кылынды

Хизб-ут-Тахрирдин Малайзиядагы расмий сүйлөөчүсү

Устаз Абдулхаким Усман

Сабах вилаяты Малайзияда Хизб-ут-Тахрирге каршы жалган фатва чыгарылган вилаяттардын экинчиси болду. Мындан мурда Селангор вилаятында ушундай фатва чыгарылган. 2017-жылы 7-сентябрда чыгарылган фатва Селангор фатвасы менен бирдей, ал тургай, абзац жана чекиттери да өзгөртүлбөгөн «көчүрмөсү» болду. Хизбге каршы доомат жана жалгандарга толуп ташкан 7-сентябрдагы бул фатвага 2017-жылы 8-ноябрда раддия берилип, 13-ноябрь күнү Сабах вилаяты муфтийине берилген. Баса белгилеп кетсек, муфтий да, муфтият да, вилаят фатвалар кеңеши да жооп бере албады жана Аллах Субханаху ва Тааланын уруксаты менен, дагы эле жооп бере албай жатышат.

Адашкан мазхабдар жөнүндөгү ошол фатвага жана Сабах вилаяты чыгарган башка доомат фатваларга негизделип, мыйзам жана вилаят жергиликтүү иштери боюнча министр Идий Мухтар: «Сабахта 2017-жылдан бери 25 адашкан мазхабдар бар», – деди. Бул сөздөрдү ал жакында 2019-жылы 6-августта вилаят кеңешинин мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү жыйыны учурунда айтты: «О.э. ошол мазхабдар ичинде Миллати Ибрахим, Хизб-ут-Тахрир жана Шиа да бар болуп, алар жетекчилерибизге жана өкмөтүбүзгө каршы согушту өзүндө камтыган экстремисттик максаттарга ээ. Алар биздин жетекчилер алардын пикирлерине ыйман келтирбегени же алардын таалиматтарына ээрчибей жатышканы үчүн аларга каршы чыгып жатышат». Ал дагы мындай деди: «Адашкан, айрыкча, мына ушундай экстремисттик таалиматтардын бар экени мусулмандар гана эмес, башка дин жана улут өкүлдөрүнүн тынчтыгына коркунуч салуудан башка нерсени алып келбейт».

Вилаят кеңешинин мүчөлөрү кылмыш жөнүндөгү 1995-жылкы мыйзамга өзгөртүү киргизүү, Ислам жана ахли сунна вал жамаа эрежелерине кошумча киргизүү жөнүндөгү мыйзамды бир добуштан тастыкташты. Муну менен бирге, Ислам шариятына же мамлекетте колдонулуп жаткан бирер фатвага тескери келген сабактар, же мазхабдар, же болбосо иш-чаралар үчүн дарралоо жазасын колдонуу туурасындагы мыйзам да бир добуштан тастыкталды.

Адашкан таалиматтарга ээ деп Хизб-ут-Тахрирди каралоодон тышкары, Сабах вилаяты фатвасында «Хизб-ут-Тахрир өкмөттү, парламент жана уламаларды кафир деп эсептейт, алар куфр түзүмүн кабыл алынганы үчүн аларга каршы согушууга чакырат» деп айтылды. Хизбди жаманатты кылууга каратылган бул жалган фатваны учурда – бул ирет да таптакыр текшерүү өткөрбөстөн – вилаят кеңешине сунуш кылууга даярдашып жатат! Кантип, мамлекет кеңешинин мүчөлөрү бул фатваны текшербей тастыкташаар экен?! Алар маселе Хизб-ут-Тахрир жөнүндө болсо акылдарын, пикирлерин жоготуп жатышкан көрүнөт. Акыры, Хизбдин бирер пикирин үйрөнүшкөн бекен? Жок, үйрөнүшпөгөн албетте. Вилаятта же дүйнөнүн бирер жеринде Хизб-ут-Тахрирдин куфр түзүмүн колдонушкан акимдерди «кафир» дегенин угушкан бекен?! Хизб-ут-Тахрирдин бирер акимге же өкмөткө каршы согуш кылганынын күбөсү болушкан бекен?! Хизб 1953-жылы түзүлүп, токсонунчу жылдардын аягында Малайзияга кирип келгенден бери анын колу менен бир тамчы кандын төгүлгөнүн көрүшкөн бекен?! Ушунчалык да каззаб болушабы?!

Мамлекеттин Сабах вилаятындагы кеңешинин мүчөлөрү айтышынча, Хизб-ут-Тахрир мусулмандарга гана эмес, балким, башка адамдарга да терс таасир көрсөтөт имиш. Эгер, бул кимселердин көзү ачык болгондо, Хизб көптөгөн Уммат жаштарын ойготуу, турмуштан көздөлгөн максатты үйрөтүү аркылуу жахилияттан куткарып жатканын көрүшмөк. О.э. Хизбдин жаштарды Исламдан таалим алып, бузук ахлактарын оңдоо аркылуу Аллах Субханахуга итаат кылуучу муунга айлантып жатканына, Куръандан бир сөздү да билбеген жаштардан Куръан коргоочуларын тарбиялап жатканына, Батыштын куфр идеологиясынан Ислам турмуштук жол сыпатындагы тарыйкатына алып чыгып жатканына күбө болушар эле. Аларда көз болгондо, Хизб-ут-Тахрир жаштары, айрыкча, Сабах вилаятындагы хизбийлер коомдо көптөгөн изгилик иштерин жана иш-чараларын өткөрүп жатышканын, вилаяттагы мусулман болбогон кишилер Хизб мүчөлөрү менен сүйлөшүү артынан Исламды кабыл алып жатышканын көрүшмөк.

Вилаят кеңешинин мүчөлөрү Хизб-ут-Тахрирди коомго терс таасир кылууда деп айыпташып, муну менен кудум асманга түкүргөн адамдын ишин кылып жатышканын билбей жатышат. Сабах вилаятынын калкы жакшы билишет, алардын байлыктарын тартып алып, өз капчыктарына салып жаткандар кимдер экенин, турмуш таризин оорлоштургандар кимдер экенин, таалим жана өнүгүү тармагында ондогон жылдардан бери артка тартып жаткандар кимдер экенин, Сабах вилаяты Малайзиядагы эң бай вилаяттардан бири болуп туруп, анын калкы эң жакыр жашап жатканын жакшы билишет. Муну менен бирге, бул калкка кимдер терс таасир өткөрүп жатканын да жакшы түшүнүшөт! Бул вилаят кеңешинин мүчөлөрү бирөөлөрдү жүзүнө кара чаптоодон мурда күзгүгө карап, өз жүздөрүн көрүшсө, жакшы болоор эле!

Малайзия мамлкетинин Сабах вилаяты кеңешинин мүчөлөрүнүн Хизб-ут-Тахрирге каршы дооматтары эч кандай жакшылык алып келбешин, бул дүйнөдө, балким, ахиретте да жамандык алып келишин түшүнө алышкан жок!

Роя гезити, №249, 2019-жыл, 28-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here