Кабул шаарында тойдо жүз берген жардыруу туурасында Хизб-ут-Тахрир–Афганистан вилаятынын баянаты

407
0

Кабул шаарында тойдо жүз берген жардыруу туурасында Хизб-ут-Тахрир–Афганистан вилаятынын баянаты

Кабулдун батыш бөлүгүндө тойдо жүз берген жардырууда 100гө жакын катардагы жаран көз жумуп, жүздөгөн киши жараат алды. Хизб-ут-Тахрир–Афганистан маалымат бөлүмү бул жардырууну кескин каралайт, каза болгондор үчүн фирдавс бейишин, жараат алгандарды тезирээк айыгып кетишин жана үй-бүлөлөрүнө сабыр беришин Аллахтан сурайт. Бул сыяктуу жийиркеничтүү иштерди жасагандарда инсаний же исламий кыймат жок.

Ушул нерсе анык, мындай ыплас кылмыштар регионалдык жана эл аралык күчтөрдүн разведка кызматтарынын Афганистандагы тынчтык жараяны жаатындагы атаандаштыгынын натыйжасында пайда болот. Себеби, ар бир тарап жардыруу жана чабуулдарды жасоо аркылуу күнөөсүз Афган калкын өлтүрүп тынчтык жараянынан чоң үлүшкө ээ болууга аракет кылууда. Колонизаторлор айтып жаткан тынчтык жараяны башталгандан бери бардык турмуш майданы: шаарлар, айылдар, мечиттер, медреселер, университеттер, той ырасымдары жана жаназалар согуш майданына айланды. Бул согушка катышкан бардык тараптар Афган калкынын канын төгүү аркылуу тынчтык жараянында ийгиликке жетишип, мүмкүнчүлүктөргө ээ болушууда.

Афганистандагы согуш жана тынчтык Америка менен Батыштын пайдасына чечилген. Батыш күчтөрү өздөрүнүн кызыкчылыктарына карап согуш же тынчтык жөнүндө сүйлөшөт. Президент Ашраф Ганий мындан бир нече күн мурда Афганистан коопсуздук күчтөрүнө кайрылып, уялбай, мындай деген: «Бүгүн, силердин кайратыңар себептүү Вашингтондо жана Нью-Йоркто бир да жардыруу болбоду. Силер дүйнө коопсуздугуна жооптуусуңар»!

Акыйкатта болсо, разведка кызматтары ортосундагы мелдешүү натыйжасында Афган калкынын каны төгүлүүдө. Мунун артынан Вашингтон, Нью-Йорк, Лондон, Париж, Берлин, Пекин, Москва, Дели, Тегеран жана Исламабадда коопсуздук сакталууда. Америкалык расмийлер биринчи даражалуу маселе Афганистандагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо эмес, аларды жана алардын союздаштарынын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу экенин бир нече ирет баса белгилешкен.

Бул өлкөдөн сакафий, экономикалык, разведка, саясий, пикирий жана аскерий баскынчылык чыгарылбаса, Афганистандагы катылдык жана коркутуулар токтобойт. Афган калкы артында баскынчылык планы турган жалган тынчтык ураандарына алданууну токтотушса гана бул саткын акимдерге кулайт. Бул болсо, кафир Батыш баскынчылары өлкөдөн кууп чыгарылып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык тикелениши аркылуу ишке ашат. Ошондо Исламий Уммат тынчтык жана коопсуздукту көрөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here