Пакистан ядролук куралдан таптакыр баш тартпашы керек

508
0

Басма сөз баянаты

Индия ядролук куралдан баш тартууну айтса да,

 Пакистан ядролук куралдан таптакыр баш тартпашы керек

Имран Хан ядролук куралдарыбызга байланыштуу кооптуу жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Кыянат болуп калбаш үчүн бул жаатта унчукпай туруу эмес, ал тургай, андан баш тартуу зарыл эле. 2019-жылы 24-июлда Фокс Ньюс каналынын кабарчысы Брет Байер Имран Хандан: «Эгер, Индия ядролук куралдардан баш тартууну айтса, Пакистан да андан баш тартабы?», – деп сурады. Имран Хан экиленбестен: «Албетте, анткени ядролук согуш алгылыктуу нерсе эмес, айрыкча Пакистан менен Индия ортосунда. Анткени, ядролук согуш – бул өзүн-өзү кыйратуу», – деп жооп берди. Имран Хан Пакистандын ядролук кубаты жөнүндөгү АКШнын кабатырланууларын тынчтандырып, мындай деди: «Биз АКШ менен коопсуздук чаралары жөнүндөгү разведка маалыматтары менен кызматташабыз». Пакистан режими душмандарыбызга каршылык билдирүүнүн ордуна, тескерисинче, ядролук куралдан баш тартуу жөнүндө айтып жатат. Акыйкатта болсо, күчтүү мамлекеттер ядролук куралдардан жана өнүккөн ракеталардан пайдаланууда жарышууда.

Эй Пакистан мусулмандары, өзгөчө, күч-кубат ээлери!

Биз режимден кооптуу позициясынан кайтууну кескин талап кылуубуз керек. Ядролук куралдар Индияны согуш амалияттарын пландоодон кайтарбады. Индия ядролук кризис астында Пакистанга каршы салттуу согушту пландоодо. Ал эми, режимдин Трамп жана анын союздашы Моди ортомчулугундагы арзууларына келсек, Пулвамадагы Индия аба соккулары Америка Индия тарабында экенин көрсөтүп турат. Американын толук колдоосу менен Индияда үлкөн курал-жарак чогулууда. Анткени, Индия Кытайга каршы күрөшүүдө жана региондогу мусулмандарга басым өткөрүүдө Америкага жардам берүүдө. Разведка маалыматтары боюнча Америка менен кызматташууга келсек, Американын Афганистанда турушунан максат – биздин ядролук системабызга жакын жайгашуу. Пакистан ядродук куралдары программасы туурасында маалымат алмашуу – кеминде – Исламга, Пакистанга жана региондогу мусулмандарга каршы чоң кыянаттык болуп эсептелет.

﴿وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِنْ دُونِهِمْ لاَ تَعْلَمُونَهُمُ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ﴾

«Алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөр барынча күч жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңарды жана алардан тышкары силер билбеген, Аллах билген башкаларды да коркууга саласыңар. Аллах жолунда эмнени сарптасаңар, силерге зулум кылынбаган абалда толук кайтарылат»                                                              [8:60]

Биздин динибиз душмандарыбызга каршы туруу үчүн заманбап аскерий күч, ядролук курал, космостук учуулар, жаңы технология жана иштеп чыгарууда билимдүү болууну буйруйт. Биздин ядролук коргообуз Индия гана эмес, Америка жана яхудий вужуду сыяктуу бардык душмандарыбызга каршы даяр турушу керек. Биздин аскерий кубатыбыз бир мамлекет менен белдешүүгө эмес, дүйнөдө Ислам өкүмдарлыгын камсыздоо үчүн тышкы саясатты бекемдөөгө багытталышы зарыл. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык гана коргонуу кубатыбызды бекемдейт. О.э. Умматты Америка өкүмдарлыгынан азат кылып, дүйнөнүн жетекчи мамлекетинде бириктирет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here