Абяз шаарынын студенттерин жада калса нан менен камсыздай албаган залим режим аларга ок атып кыргын кылууда

410
0

Басма сөз баянаты

Абяз шаарынын студенттерин жада калса нан менен камсыздай албаган залим режим аларга ок атып кыргын кылууда

Абяз шаарынын окуу жайларынын студенттери жашоо шартынын жамандыгы, өзгөчө нан жана транспорт таңкыстыгына нааразылык билдирип көчөлөргө чыгышты. Режим күчтөрү болсо аларды ок атып каршы алды. Жооптуулардын айтымында, демонстранттардын бешөөсү набыт болгон жана ондогон киши жараат алган. Анын артынан болуп өткөн окуяларды каралап, адилеттүү иликтөөнү талап кылып, борбор Хартумда жана башка шаарларда демонстрациялар башталды.

Инказ режими кулады, бийликке аскерийлер келди, ошондон бери төрт ай өттү, аскерийлер менен «Эркиндик жана өзгөрүү үчүн» күчтөрү ортосунда күрөш токтой элек. Ахвал күндөн-күнгө жамандашып барууда. Адамдар мурун режимге каршы чыгышкан болсо, эми адилеттүү жана жакшы турмушту талап кылып чыгышууда. Бирок, алар зулумга, катылдыкка, зомбулукка жана кыйынчылыкка жолугуп жатышат. Азык-түлүк жана күнүмдүк зарыл нерселердин баалары күндөн-күнгө жогорулоодо. Күйүүчү май өтө таңкыс, айрым вилаяттарда табылбайт. Судандын бардык шаарларында транспорт жана нан таңкыстыгы даана байкалат, өзгөчө, борбор Хартумда көп учурда нан жок. Ал эми, аскерийлер менен «Эркиндик жана өзгөрүү үчүн» күчтөрү ортосундагы күрөш Судандын ичинде да, тышында да уланууда. Алар бийликтен чоңураак үлүшкө ээ болууга умтулушууда. Эгер, жаштар нааразылык кылып көчөгө чыгышса, Абяз жана башка жайларда аларга ок атылууда. Борбор Хартумда болсо, аларга көздөн жаш агызган гранаталар жана таяктар колдонулууда. «Эркиндик жана өзгөрүү үчүн» күчтөрү жана саясий күчтөр Аскерий кеңешке басым өткөрүү жана арзыбаган пайдага жетишүү үчүн демонстрацияга чыккандардын канын жана жарааттарын сатып пайдаланып жатышат.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын мүчөлөрү, Аскерий кеңешти айыпсыз кишилердин канын төгүүнүн акыбетинен эскертебиз. Аллах Таала момунду өлтүрүүдөн катуу кайтарган.

﴿وَمَن يَقْتُلْ مُؤْمِناً مُّتَعَمِّداً فَجَزَآؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِداً فِيهَا وَغَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَاباً عَظِيماً﴾

«Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы тозок, ошол жайда түбөлүк калат жана ал Аллахтын казабына жана каргышына дуушар болот, (Аллах ага) чоң азапты даярдап койгон»                                                                                                                                  

                                                                                                                                   [4:93]

О.э. «Эркиндик жана өзгөрүү үчүн» күчтөрүн жана башка саясий күчтөрдү арзыбаган мансап жана шариатта негизи жок батыл жарандык мамлекетти деп жаштардын канын сатуудан эскертебиз. Анткени, Исламдагы башкаруу түзүмү аскерий же жарандык эмес, Исламдагы башкаруу – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمْ الْأَنْبِيَاءُ كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ تَكْثُرُ قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: فُوا بِبَيْعَةِ الْأَوَّلِ فَالْأَوَّلِ وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»

«Бани Исраилге пайгамбарлар саясат кылышчу. Качан бир пайгамбар көз жумса, артынан башка бир пайгамбар келген. Менден кийин болсо пайгамбар жок. Халифалар болот жана алар көбөйүп кетет. «Бизге эмнени буюрасыз?», – деп суралды, айтты: Биринчисинин, биринчисинин гана байъатына бапаа кылгыла жана алардын акыларын бергиле, себеби Аллах алардан жаранды кандай башкарышканы жөнүндө сурайт». Ислам бизге буйруган жалгыз түзүм – бул Халифалык түзүмү. Ушул түзүм гана кан төгүлүшүн алдын алат, кылмышкер катылдарды жана мусулмандардын канын төгүп жаткандарды жок кылат. О.э. инсандар үчүн адилеттүү жана жакшы турмушту алып келет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here