Хусийлер Амирликтерди сүйлөшүүгө чакырууда

304
0

Басма сөз баянаты

Хусийлер Амирликтерди сүйлөшүүгө чакырууда

Жогорку саясий кеңеш 2019-жылы 21-июль күнү Амирликтерди Ямандан өз аскерлерин алып чыгуу туурасында сүйлөшүүгө чакырганын жарыялады. Бул кеңештин жетекчилиги Хусийлердин колунда жана ага Яман элдик конгресс мүчө. Кеңештин чакырыгы Амирликтердин порттору бутага алынганы жөнүндөгү жашыруун коркутууну өз ичине алат. Саясий кеңеш билдирүү жарыялап, Амирликтердин Ямандан чыгарын айтып: «Бул кабар Санъага расмий түрдө жеткирилбегенин жана бул жаатта сүйлөшүү болбогонун» билдирди. Бул жөнүндө Яманда чыккан «Козголоң» гезити 2019-жылы 23-июль күнү кабар таратты.

Учурда Хусийлер Амирликтерди жалганчы жана Ямандан аскерлерин алып чыкпады деп айыптоодо. О.э. алардын аскерий аракеттери маалымат каражаттарындагы билдирүүлөрүнө тескери экенин айтып, чегарага жакын жайларда жана Кызыл деңиздин чыгыш жээктеринде кескиндик курчушу жана Амирликтер от ичинде калышы жөнүндө эскертишкен.

Алар Амирликтер Хадида портуна чабуул кылууну токтотушун көздөшүүдө. Анткени, бул порт Хусийлерди тышкы дүйнө менен байланыштырып турган жалгыз жол. О.э. Амирликтерди Ямандан чыгып кетүүгө мажбурлоо аркылуу алар кызматташып жаткан союзду бузууну жана Яманда аларга каршы согушка чек коюуну көздөшүүдө.

Хусийлердин Амирликтерди коркутуусу Америка Амирликтерге Ямандан чыгып кетиши үчүн басым кылып жаткан учурга туура келүүдө. Америка Амирликтерден жашыруун камактары жана Адандагы мечит имамдарын жырткычтык менен өлтүргөнү жөнүндөгү документтерди ачыктоону сурап жатат. Андан тышкары, Америка Хурмуз кысыгында Амирликтерге каршы кризис пайда кылмакчы.

Амирликтер 2019-жылы июль айынын башында Ямандан өз аскерлерин алып чыгып кетишин маалым кылды. Амирликтер артка кайтып, Ямандан чегинеби? Британия аларды Адандан Хусийлерди чыгаруу үчүн жибергенден кийин Ямандагы согушка чек коюу үчүн аракет кылабы? Америкага көз каранды Хасан Баум тарапкерлери болгон Жогорку кеңешти жоёбу? Идрис Зубайдийдин Өткөөл кеңешин колдоп, аларды оор куралдар менен камсыздайбы?

Хусийлер Яманда Америка жеңип чыгышын күтүшүүдө жана анын кадамын бекемдөөгө аракет кылышууда. Бул иштер жана Америка менен кызматташуу Куръанды колдонобуз деп жаткан бул жамааттын айыптарын ачыкка чыгарды. Жакынкы келечекте бул жамааттын Аллахка, Расулуна жана момундарга кылган кыянаты ачыла берет. Ошондо бул дүйнөдөгү жазадан кутула алышпайт, Акыреттеги жазаны болсо айтпаса да болот. Ошондуктан, эки колонизаторду кууп чыгарып, Ислам менен өкүм жүргүзүү үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө менен жеңишке жетишебиз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here