Астана жана Сочи келишимдери жемишин бере баштады

351
0

Астана жана Сочи келишимдери жемишин бере баштады

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириянын Идлиб шаарындагы куралдуу топторго каршы катуу чаралар көрүлүшүн жана бул маселеде Россия менен Түркия ортосунда үзгүлтүксүз жана интенсивдүү аскерий алакалар бар экендигин билдирди. Лавровдун билдиришинче, Россия эми жөн гана көрүүчү болуп турууга канааттанбайт.

“Биз түрк расмийлеринин Идлибде тынчтык келишимине кошулууга даяр куралдуу оппозициядан террорчу топторду ажыратышын күтүп келебиз. Бул аймак Түркия расмийлери келишимге кошулууга даяр болгон куралдуу оппозиция менен «террорчу» топторду бири-биринен ажыратышы шарт болгон аймак. Биз кырдаалды жөн гана күзөтүү менен эле менен чектелип калганыбыз жок. Ал жердеги “коопсуз аймакта” биздин аскерлерибиз бар”, – деди РФ тышкы иштер министри.

Лавровдун айтымында, Идлибдеги куралдуу топтордун Идлибге кошуна аймактарга чабуулдарды уюштуруусу жана көзөмөлдөгөн аймактарын кеңейтүү аракеттери акыркы кырдаалдарга себеп болууда. О.э. Лавров былтыр Анкара менен Москва ортосундагы түзүлгөн Сочи келишимине ишара кылып, Идлибде түрк аскерлери “террор”дук чабуулдарга тоскоолдук кылуу үчүн тургандыгын кошумчалады.

Россия президенти Владимир Путин да өз билдирүүсүндө Идлибдеги “террорчулар” көзөмөл аймагын кеңейтип жатканын айтты.

“Террорчулар былтыр Идлибдеги кризисти азайтуу зонасынын 50 пайызын көзөмөл кылышкан. Эми алар аймактын 90 пайызын көзөмөлдөп жатышат. Бул нерсе кабыл алынгыс иш”, – деди Путин.

Комментарий: Чындыгында Астана жана Сочи келишимдери түшүмүн бере баштады. Себеби, Астана жана Сочидеги жолугушууларда Россия, Иран жана Түркия мамлекеттери Сирияда “коопсуз аймак түзүү” жана “көзөмөл пункттарын орнотуу” маселелеринде келишип алгандыгын билдиришкени менен, ал жердеги негизги максат Идлибдеги каршылык аракетин алсыратуу жана Идлибди Асад күчтөрүнө тапшыруу болчу. Башкача айтканда, бул келишимдер Асад режимин күчөтүү үчүн түзүлгөн келишимдер эле. Өкүнүчтүүсү, Түркия – кудум Халабдагы (Алепподогу) сыяктуу эле – бул маселеде да активдүү роль ойноп жатат.

Кечээ күнү Путин менен Эрдоган Идлиб маселесинде келишип алгандыгы кабарланды! Бул тууралуу Кремлден берилген билдирүүдө, Путин менен Эрдоган Идлибде жүз бериши мүмкүн болгон терроризм коркунучун жоюу үчүн биргеликтеги аракеттерин күчөтүүгө келишип алгандыгы кабарланды.

Учурда Россия жана Асад күчтөрү, “радикалдык элементтер жана оппозициялык топторго каршы чабуул” шылтоосунда оппозициялык топтор үчүн маанилүү башбаанек болгон Идлибди ырайымсыздык менен бомбалап, аялдар, жаш балдар жана жай тургундарды кыргын кылууда. Хама жана Идлибдин айрым аймактарын көзөмөлгө алууга жетишишти. А бирок, ал жердеги “коопсуз аймак”ты көзөмөлдөөнү мойнуна алган Түркия болсо, бул абал олуттуу кризиске себеп болушу мүмкүндүгүн эскертүү менен гана чектелүүдө.

Сирия тышкы иштер министрлиги Идлибде бир нече айлардан бери уланып жаткан операциялардын күчөшү себептүү аймактагы жай тургундарды эвакуациялоо үчүн коопсуз коридор ачылгандыгын билдирди. Демек, Түркиянын ыраазылыгы менен Идлиб да – Халаб сыяктуу эле – Асад күчтөрүнө тапшырыла баштады. Кыянатчыларга Аллахтын Өзү кифая кылсын!

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here