Чек ара жаңжалдарына кимдер кызыктар?

534
0

Чек ара жаңжалдарына кимдер кызыктар?

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти С. Жээнбеков жана Тажикстан президенти Э. Рахмон ортосундагы сүйлөшүүлөр аяктады. Үч күндүк сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы чек-ара маселелери болду.
Эскерте кетсек, буга чейин 22 июлда чек арада кезектеги чыр-чатак чыккан, ал Ак-Сай (КР) менен Ворух (ТР) айылынын тургундары ортосунда болуп, анда 1 адам каза таап, 30 жакыны жаракат алган. Буга карата, 26 июль күнү эки мамлекеттин президенттери эки айылдын чек арасында жолугушуп, чек арага жакын жайгашкан айылдын элдери менен сүйлөшүштү. Андан соң, эки раундук сүйлөшүлөр Тажикстандын Исфара шаарында башталып, Кыргызстанда Чолпон-Ата шаарында бүттү.


Өлкө лидерлери сүйлөшүүлөрдү катардагы сөздөр менен жыйынтап, чек арадагы чыңалуу абалын  саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүү аркылуу чечүүгө аракет кылабыз деп, тарап кетишти. Көрүп тургандай, сүйлөшүүлөр, мамлекеттеги чыңалууну убактылуу басаңдата туруу үчүн жана пиар-акция катары колдонулду, бирок, олуттуу жылыш болгон жок.
Чек ара маселелеринин түбү СССР дооруна барып такалат. Эмнеге дегенде, СССР бийлиги падышалык Россиянын Орто Азияда колонизаторлук ордун басып, ал регионго чек араларды чийип, аны бир нече жолу алмаштырган (мындай көрүнуш бул регион менен эле чектелбеген). Ал эми бүгүнкү убакта, тажик бийлиги чек-ара участкаларын тактоодо 1920-жылкы картага таянууну кааласа, а кыргыз бийлиги 1950 же 1980-жылкы картага таянууну алга сүрүүдө.
Бул окуялардын фонунда, мурдагы чек ара маселелери боюнча КР өкмөтүнүн атайын өкүлү, Курбанбай Искандаров мындай деген:
“Бардык проблемалар документтердин келишпегендигинде болуп жатат. Биз картанын бир версиясын колдонсок, тажик кошуна башка версиясын колдонууда. Жакында биздин делегация Россияга барат, алар бизге архивиндеги чек-ара документерин колдонууга уруксат берди. Ошол документтер бизге жардам берээрине үмүттөнүүдөбүз”

Белгилүү болгондой, СССР колонизаторлугу Орто Азияда мусулмандар ортосунда чек араларды чийип, ушул бойдон өзүнүн мураскоруна – Россияга өткөрүп берди. Ал болсо чек арадагы келишпестиктерди көптөн бери өз кызыкчылыгына ылайык колдонуп келүүдө. Ушул жылы март айында кезектеги чыр-чатак болуп өттү. Буга катар Якутияда антимигранттык нааразычылыктар күчөп жатты. Анын себеби, Кыргызстан жараны якут келинин зордуктоодо айыпталып жатканы болду. Бул окуялар дал В. Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити алдында болуп, жана ал кеткенден кийин басаңдады. Кыргызстандын талылуу жерлери – чек ара жана мигранттар маселесин көтөрүү менен Россия президентинин келишинин байланыштуулугу кандай болду? Россия алар аркылуу Жээнбековго басым өткөрүп, өзүнө керектүү, олуттуу келишимдерге кол койдуруп кетти.

Бүгүнкү чек арадагы жаңжал болсо, Тажикстан бийлигине басым жасоого каратылууда. Анын Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулушун тездетүү үчүн кысым кылынууда. Рахмон режими ЕАЭБдин зыяндуулугунан качып, 5 жылдан бери ага кошулууну создуктуруп келет. Бирок, ушул кечеги чек ара чыр-чатактарынан кийин эле, Тажикстандын Стратегиялык изилдөө борборунун башкы директору Диловар Кодирзода “Таджикстандын ЕАЭБге кошулуусу туурасында 70 барактык документ даярдалганын” айтып чыкты. Документтин авторунун бири, борбордун эксперти Абдулло Рахнамо болсо:
«Кыргызстан, Беларусия жана Армениянын тажрыйбаларына таянылып, ЕАЭБдин оң жана терс жактары изилденип чыккан документ даярдалды – деди жана – Тажикстандын биримдикке кошулуусу миграция үчүн жемиштүү болот” деп кошумчалады.

Россия чек-ара жаңжалдарын мусулман бийликтерине басым өткөрүүнүн бир инструменти катары ишке салып жатат. Демек, чек ара маселелерин азыркы система аркылуу чечүү мүмкүн эместиги да түшүнүктүү. Тажикстан, Кыргызстан бийликтери чек ара жаңжалдарын маданий кызматташуу, концерт уюштуруу менен чечебиз деп жаткан убакта, Россия каалаган учурунда провокация уюштура алат. Анткени, малай бийликтер анын аскерий базаларына жана тыңчылык кызматтарына “коопсуздугубузду” тапшырып коюшкан.

Мусулмандардын чек ара маселелеринин чыныгы чечими – аларды жоюу менен болот. Аларды Ислам жоёт. Ислам акыйдасы бардык адамдарды улутуна карабастан диндеш бир туугандарга айландырат. Ислам Халифалыгы болсо жасалма чек араларды жоготуп, бардык мусулмандарды бир мамлекет саясында бириктирет.

Рашид Нусрат


LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here