Жээнбеков: Биз Россия менен бирге алга жылгыбыз келет

350
0

Жээнбеков: Биз Россия менен бирге алга жылгыбыз келет

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Россия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Жээнбеков Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга визитин, анда Кыргызстан жана Россия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланганын эске салды.

«Бизди Россия менен тарыхый достуктун, союздаштыктын жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизделген ишеничтүү мамилелер байланыштырып турат.  Мен мурда бир нече жолу айткам, азыр да кайталайм: Россия — биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Россия менен бирге алга жылгыбыз келет, өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелерди өркүндөткүбүз жана бекемдегибиз келет», — деди Жээнбеков.

Мындан маалым болгондой, Кытайдын жана АКШ, Европанын таасири Кыргызстанда жайылып жатса да, өлкөдөгү негизги маселелер Орусия тарабынан чечилет. Буга, Жээнбековдун Европадагы сапарынан келе жатып шашылыш Кремлге сапар жасашы жана экс-президент Атамбаевди Путиндин кабыл алуусу мисал боло алат. Анткени, Орусия аскерий жактан Орто Азия өлкөлөрүн көзөмөлдөп, сырткы күчтөрдөн коргоо шылтоосу менен аскердик базаларын сактап турат. Эгерде, бийлик Орусиянын таасиринен чыгуу аракетин көрүп баштаса, чек ара, улуттар аралык маселелерин жарата алаарын бир нече жолу далилдеп койгон. Ошондой эле, Орусия Кыргызстанга аскерий тармактагы адистерди жана жаш саясатчыларды ар дайым даярдап берет. Мындан улам Кыргызстандын саясий чөйрөсү Орусиясыз эгемендүү саясат жүргүзүүнү элестете да албайт. А түгүл, бул тууралуу ойлонуудан да коркот. Ойлоно баштаса, ордун алмаштыра турган Атамбаев сыяктуу “оппозиция” бар экенин да билет. Ошондуктан, Жээнбеков Орусия — биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш экенин тынымсыз кайталап келүүдө.

Белгилей кетсек, Путиндин Кыргызстанга расмий визитинин алкагында эки өлкөнүн ортосунда жалпы суммасы 6 млрд АКШ долларынан ашкан макулдашууларга кол коюлган.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here