Трамп: Эрдоган менен мамилебиз жакшы

339
0

Трамп: Эрдоган менен мамилебиз жакшы

Түркиянын Россиядан С-400 ракеталык комплекстерин сатып алуусу күн тартибиндеги негизги темалардын бирине айланды. Алгач АКШ буга терс мамиле билдирген болсо, бүгүнкү күндө Дональд Трамп бул маселеде Обама админстрациясын айыптап, Түркия бул ишке мажбур болгондугун билдирди.

“Президент Эрдоган менен мамилем жакшы. (Түркия) бизден ракета комплекстерин сатып алууну каалады, а бирок биз сатпадык. Андан соң Эрдоган өзү каалабаса да, Россия менен ракета комплекстери боюнча келишим түзүүгө мажбур болду. Биз Түркиянын Росиядан ракеталык комплекстерди сатып алуусун байкап, “макул, сага “Patriot” ракета комплексин биз сатабыз деп айта баштадык. А бирок, ал кезде Түркия Россия менен келишим түзүп, акчасын төлөп койгон эле. Мына азыр Түркия бизге да 100дөн ашуун Ф35 учагына буюртма берди. Мындан да көбүрөөк алууну пландаштырууда”, – деди Трамп.

Европа Союзу Түркияга каршы киргизиши айтылып жаткан санкцияларга мамиле билдирген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу орустардан алынып жаткан С-400 системасын өтө олуттуу кабыл алууга зарылдык жоктугун билдирди.

“Биз россиядан сатып алып жаткан С-400 системасы НАТО системаларына, анын ичинде Ф-35 системасына коркунуч туудурбайт. Бул бүтүндөй биздин көзөмөлүбүз астында болуучу система. Тынчсызданууга негиз жок. Бул келишим алда качан эле түзүлгөн. Эми аны кабыл алуу жараяны башталды”, – деди Чавушоглу.

Түркия бийлиги С-400 системасы өз аймагында жүз бериши мүмкүн болгон коркунучтарга каршы алынып жатканын билдирүүдө. Бирок, ушул жерде төмөнкүдөй суроо пайда болот: АКШ Түркиянын досу болсо, Европа, Россия жана (Израиль) сыяктуу Исламга душман мамлекеттер Түркиянын өнөктөшү болсо, дүйнөнүн башка мамлекеттери болсо АКШнын же Европанын оозун карап отурса, Түркияга кимден коркунуч келиши мүмкүн?  2,5 миллиард долларга алынган бул ракеталык система душманга каршы пайдаланылмак тургай, ал кайсы жерге орнотулары да азырынча белгисиз.

Негизи, Түркиянын Россиядан С-400 системасын сатып алуу келишими АКШнын буйругу менен ишке ашкан эле. Белгилүү болгондой, АКШ Идлибде Россияны өзү каалаган жолго салуу үчүн Түркияны ишке салды. Санкциялардан кыйналган жана Сирия согушунда өтө чоң чыгымга дуушар болгон Россияны Түркия аркылуу экономикалык тузакка түшүрдү. Башкача айтканда, ушул “С-400” келишими аркылуу Россия Түркиянын саясий сунуштарын кабыл ала турган болуп калды. Түркиянын сунуштары болсо, негизи АКШ саясатынын дал өзү.

Маселеге тереңирээк көз чаптырсак, НАТОнун мүчөсү болгон мамлекеттин Россиядан С-400 системасын сатып алышы вакиъге туура келбестиги белгилүү болот. Себеби, С-400 системасына НАТО мамлекеттеринин аскерий учактарын душман деп кабыл алуу схемасы орнотулган. Ошондуктан, эгерде Түркия С-400 системасын орнотуп, активдүү абалга келтирсе, бул система НАТОго мүчө бардык мамлекеттердин, анын ичинде өзүнүн да учактарын атып түшүрөт. Ошондуктан, айрым адистер С-400 системасынын дос-душманды ажыратуу жөндөмүн НАТО мамлекеттеринин учактарын бутага албай турган кылып өзгөртүү керетигин айтып чыгышты.

Бул нерсени өзгөрткөн күндө да, маселенин дагы бир олуттуу тарабы бар. НАТОго мүчө мамлекеттер ортосунда ЛИНК-16 аттуу стратегиялык байланыш системасы бар. Ал система НАТОго мүчө бардык мамлекеттерди байланыштырып туруучу жана өз ара маалымат алмашуучу координациялык система. Түркия С-400 системасын активдүү абалга келтирүү үчүн аны бул ситемага байланыштырышы керек. Эгерде Түркия мындай кылса, орустар НАТО мамлекеттери ортосундагы жашыруун маалыматтарды уурдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Буга болсо АКШ да, башка мамлекеттер да эч качан ыраазы болушпайт. Мисалы, АКШ өзүнүн Ф-35 учактары эч бир радарга түшпөстүгү менен мактанып келет. Эгерде Түркия С-400 системасын ишке салуу үчүн ЛИНК-16 системасына байланыштырса, орустар мунун жашыруун сырларынан кабардар болору анык.

Эгерде Түркия С-400 системасын өзүнүн системасына байланыштырам десе, анда ал НАТОдон чыгышы керек болот. Ал тургай, айрым уюмдар АКШда бул тууралуу талашып-тартышышты. Ал эми НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг муну кескин четке какты. Ал Түркиянын С-400 системасын сатып алуу жараянын жакындан күзөтүп жатканын жана бул жаатта келишип алышкандыгын баса белгилеп, Түркиянын НАТОго кошкон салымына жана анын “терроризм”ге каршы күрөштөгү маанилүү ролуна өзгөчө басым жасады.

Ошондуктан, бул келишим аркылуу АКШ Сирияда Россияны өзү каалагандай кармап турат деп айта алабыз. А бирок, АКШ муну Түркиянын колу менен ишке ашырып жатат. Башкача айтканда, өзү төлөшү керек болгон каражатты Түркияга төлөтүп жатат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here