Өлкөбүз колонизатор кафирлердин көрсөтмөлөрү менен башкарылып жатканы уят жана шерменделик эмеспи?!
«Шейшемби күнү АКШнын Судандагы өкүлү Дональд Бут демократияга өтүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо үчүн Аскерий Кеңештен бир жыл ичинде эч кандай шайлоо өткөрбөөнү талап кылды. Кеңеш мүчөсү полковник Ясир Ата АКШ өкүлүнө «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» альянсынын мыйзамчылык кеңешине өкүмдарлык кылышына жол бербешин билдирди жана Суверендүү кеңеште тең укуктуулук болушуна каршы эмесин баса белгиледи». («Ахбарул Явм», 2019-жыл, 26-июнь). Өз кезегинде, АКШ өкүлү «Эл аралык кызматташтыктын» жолго коюлушу Судандын жарандык башкарууга өтүшүнө байланыштуу деди.
Бу жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:
«Бу каргашалуу жолугушуу Америка өлкө жана жаран иштерин өз малайларынын колу менен көзөмөлдөп жатканын көрсөтүүдө – бул нерсе Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты ар дайым айтып келген эскертүүлөрүн ырастап турат. Мына, Аскерий Кеңеш Баширдин жолун улантып, америкалыктардан көрсөтмөлөрдү алууда. Бул кеңеш Баширдин тагдырынан жана Америкага ыклас менен итаат кылса да кыжырданган калк ага каршы козголгонунан ибрат алган жок! Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Башир өкмөтүн гана эмес, бүткүл Судан калкын Америка тузактарынан көп жолу эскертип, ал колонизатор мамлекет экенин, бир малайынын кулатылышы же өлкөнүн ойрон болушу ага маанилүү эместигин, буйруктарына итаат кыла турган жана кызыкчылыктарына кызмат кыла турган кезектеги малайды таап аларын баса белгилеп келген».
Хизбдин Судандагы билдирүүсүндө Америка Судан калкына душман экени эскертилди жана ким бул мамлекетке жасаркеленип жаткан болсо, ал саткын же наадан экени айтылган:
«Америкалык өкүлдөр биздин кызыкчылыгыбыз үчүн, биздин проблемаларыбызды чечүү максатында келишпейт. Ким ушундай максатта келишет деп ойлоп жаткан болсо, демек, ал ошолор менен тил бириктирип жаткан кылмышкер же болбосо өтө баёо адам. Америка – колонизатор мамлекет, ал өз кызыкчылыгы үчүн гана кам көрөт. Ырас, Америка бөлүп салган Түштүк мамлекетчесин башкарып жаткан ушул кимсе (Бут) болсо, андан көрсөтмө алуу уят жана шерменделик эмеспи?! Бул сапар ал бизге кандай кырсыктарды алып келер экен?! Суданды федерация шылтоосу менен бөлүп салуу үчүн бул жерде илманий мамлекетке негиз салган жана улуттук диалогдун автору болгон ушул Америка эмеспи?! Өз көрсөтмөлөрү менен өлкөбүздү кризистерге жана кырсыктарга кириптер кылган, жада калса дүйнөнүн азык-түлүк себети деп бааланган өлкөнүн экономикасын кыйраткан ушул колонизатор мамлекет эмеспи?! Унутпагыла, Америка мусулмандарга эч качан жакшылык алып келбейт. Аллах Таала айтат:
﴿مَّا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُواْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلاَ الْمُشْرِكِينَ أَن يُنَزَّلَ عَلَيْكُم مِّنْ خَيْرٍ مِّن رَّبِّكُمْ﴾
«Ахли китептерден болгон кафирлер да, мушриктер да силерге Роббиңер тарабынан бир жакшылык түшүшүн каалашпайт. Аллах болсо жакшылыгын Өзү каалаган кишисине жекече кылып берет. Аллах улук бир фазилеттин Ээси» [2:105]
Америка азыр Баширден кийин өзүнө жаңы кул даярдоо камында жүрөт. Кулду даярдап алган соң, ага белгилүү бир вазыйпаны жүктөйт… Жаңы кул өз вазыйпасын аткарып бүткүн соң, Америка аны да тарых таштандысына ыргытат. Башир Американын Суданга карата экономикалык санкциялары бекер кылынышы туурасында башарат кылып: «Биз Америка экономикалык санкцияларды бекер кылат, Трамп доорунда мамилелерибиздин өнүгүшүнө эшик ачат деп үмүттөнөбүз», – деген. («Суданий» гезити, 2017-жыл, 22-январь). Кана эми ошол Башир?!».
Билдирүүнүн соңунда Судан калкына кайрылуу жасалып, алардын вазыйпалары эскертилди:
«Башир кулатылгандан кийин бүгүн Судан калкынын мойнундагы вазыйпа – колонизаторлордун аралашуусуна жол бербөө, колонизаторлор жана алардын элчилери менен алака кылып жаткан расмийлердин бетин ачуу. Бул сыяктуу жетекчилер жөнүндө Аллах Таала айтат:
﴿فَتَرَى الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ يُسَارِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَى أَن تُصِيبَنَا دَآئِرَةٌ﴾
«Демек, силер дилдеринде мараз-ооруусу болгон кимселер бизге бирээр балээ жетишинен коркобуз, деген абалдарында алар (кафирлер) тарапка шашып жатышканын көрөсүңөр» [5:52]
Судан калкы зулумга чекит коё турган жана бардык проблемаларды чече турган чыныгы өзгөрүү жасашы керек. Мындай өзгөрүү Аллахтын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде колдонула турган өкүмүн тикелөө менен болот. Ушул мамлекет гана бардык иштерди Аллахтын өкүмүнө тапшырат:
﴿فَإِن تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِن كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ ذَلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلاً﴾
«Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар — эгер чынында эле Аллахка жана акырет күнүнө ишенсеңер — ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла! Мына ушул жакшыраак жана чырайлуураак чечим» [4:59]»
Роя гезити, №241, 2019-жыл, 3-июль.